Шаардык кеңештердин тизмеси > Ош шаардык кеңеш > "Улуттар биримдиги элдик партиясы" Саясий партиясы

"Улуттар Биримдиги Элдик партиясы" саясий партиясынын программасы

- Кыргызстанда жашаган бардык этностордун улуттук биримдигин жана гармониясын орнотуу;

- адеп-ахлактык баалуулуктар тутумун жана коомдогу адамдардын мамилелеринин ыңгайлуу атмосферасын калыбына келтирүү;

- Кыргызстандын көп улуттуу элин бир бүтүнгө бириктирүү, башталгыч моралдык-этикалык тартипти орнотуу, туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;

- трайбализмдин, жердешчиликтин жана этностор аралык тирешүүнүн ар кандай көрүнүштөрүнүн тамырын кыркуу.

- 2021-2025-жылдарга карата Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди колдоого багытталган инновациялык чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- көмүскө экономика субъекттеринин ишин легалдаштыруу;

- санарип технологияларды жигердүү киргизүү менен, калктын социалдык жактан корголбогон катмарларынын мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;

- Ош шаардык мэриясынын Кепилдик фондунун ишин калыбына келтирүү;

- натыйжалуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү;

- шаардын жана шаар четиндеги аймактардын административдик-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу, спутник шаарларын куруу, шаардын чет жакаларынын аймактары менен биргеликте Ош шаарынын келечектеги өнүгүү аймактарын аныктоо максатында шаар куруу саясатын аныктоо.

- шаар жолдорунда жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн жол кесилиштерин куруу;

- кичи райондорго жана шаардын жаңы имараттарына жүргүнчүлөрдү ири жана кичи транспорттор менен ташуу үчүн жаңы эффективдүү каттамдарды киргизүү;

- заманбап автоунааларды сатып алуу аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу парктарын толуктоо;

- энергияны үнөмдөө технологиясын жана альтернативдүү энергия булактарын киргизүү;

- суу бөлүштүрүүчү, газ, электр жана канализация тармактарын, шаардын турак жайларында жана жаңы имараттарында, насостук станцияларда капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана жаңы курулуштарды жүргүзүү;

- саламаттыкты сактоо мекемелерин өз убагында оңдоо, жаңы имараттарын куруу жана алардын материалдык-техникалык жабдууларын жакшыртуу;

- тармактарда эмгек шарттарын жана материалдык стимулдарды жакшыртуу жолу менен жаш квалификациялуу адистерди тартуу;

- билим берүүнүн заманбап технологияларын колдоо, мугалимдерге жана медициналык кызматкерлерге электр энергиясы, суу, таштанды чыгаруу ж.б.у.с. үчүн акы төлөө үчүн ар кандай жеңилдиктерди берүү.