Шаардык кеңештердин тизмеси > Нарын шаардык кеңеши > «Улуу Кыргызстан» cаясий партиясы

Саясий партиянын программасы : «УЛУУ КЫРГЫЗСТАН» саясий партиясынын Нарын шаардык Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо ат салышуудагы 

ПЛАТФОРМАСЫ:

Биз, Нарын шаарынын мекенчил тургундары,  «Улуу Кыргызстан» саясий партиясынан Нарын шаардык Кеӊешине депутаттыка өз талапкерлигибизди коюп жаткан ар тармактын өкүлдөрү, ар кыл кесиптин ээлери  жана профессионалдары Нарын шаардык Кеӊешине депутат болуу менен сүйүктүү Нарын шаарыбыздын реалдуу өнүгүү жолуна кардиналдуу өзгөрүүсүнө, кадр саясаты, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, көрктөндүрүү, ишкерлик, ыктыярчылык, кайрымдуулук жана шаар тургандары арасында ынтымактын бекемделишине басым жасоону платформабыздын өзөгү катары белгилейбиз.

Ошондой эле платформабыздын негизги багыттарынын бири бул - Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эффективдүүлүгүн, ачыктыгын жана шаар тургундарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, муниципалдык кызматка чыныгы кесипкөй, таза жана патриот адистердин келишине көмөк көрсөтүү, шаардык бюджеттин туура бөлүнүүсүн, сарамжалдуу пайдаланылышын, максаттуу иштетилишин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына көбүрөөк берилишин тыкыр көзөмөлгө алуу.

  1. БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ:
  • Нарын шаарынын билим берүү системасынын сапатын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
  • Баардык мектептердин китепкана базасын чыңдоо жана заманбапташтыруу;
  • Бардык мектептердин физика, химия, ж.б. сабактары үчүн лабораториялардын уюштуруу, жабдуу, өнүктүрүү;
  • № 9 орто мектепти интернаттын имаратына көчүрүү, жайгаштыруу, тосмосун орнотуу. Бул мектептин базасында ресурстук борбор уюштуруу;
  • № 10 орто мектебине жаӊы, типтүү жана заманбап имараттын курулуусуна көмөктөшүү;
  • РТС аймагына жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаӊы бала бакча куруу;
  • № 9 орто мектептин эски имаратын бала бакчага ылайыкташтырып, ал жерге “Ыйман” бала бакчасын көчүрүү;
  • Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарын уюштуруу;
  • Мугалимдерге чынармачылык менен иштөөгө жана окуучуларга ынтызарлык менен билим алууга шыктандыруучу сынактарды байма бай өткөрүп туруу;
  1. САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ:
  • Шаардык медициналык мекемелердин элге кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
  • ЭХО аппараты жана башка зарыл болгон медициналык аппараттар менен жабдуу;
  • Врачтарга кезекке туруунун электрондук системасын иштеп чыгып, ишке киргизүү;
  • Жаӊы жаш врачтардын жана Нарын шаарында жок кесиптеги врачтардын келишине көмөк көрсөтүү, ординаторлорду алып келүү механизмин жакшыртуу, жаш врачтар үчүн заманбап чакан жатакана куруу;
  • Врачтар жана медицина кызматкерлери үчүн социалдык турак үй куруу.
  1. ЭКОНОМИКА ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРА ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ:
  • Жеке ишкерчиликти өнүктүрүүгө шарт түзүү жана көмөк көрсөтүү. Өзгөчө жаштар арасында.
  • Жаш ишкерлер менен жергиликтүү жана сырттан келген инвесторлорду жолуктуруучу бизнес форум ж.б. иш чараларды жыл сайын уюштуруу;
  • Учурда жүргүзүлүп жаткан көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштерин мында ары дагы улантуу, арык системасын калыбына келтирүү, шаардык бардык аймагына сугат сууну жеткирүүнү жөнгө салуу, жакшыртуу жана өнүктүрүү;
  • Нарын шаарынын мэриясынын алдында донор, кайрымдуулук уюмдар жана инвесторлор менен иш алып барууну уюштуруучу жана долбоорлорду даярдоочу бөлүм же борбор уюштуруу, жабдуу жана мыкты кадрларды тартуу.
  • Нарын шаарынын ишкерлер ассоциациясын түзүү, көмөк көрсөтүү жана тажрыйба алмаштырууну жөнгө салуу;
  • Шаардын генералдык планын аягына чыгаруу, курулуштарды ага ылайык ирээтке салуу;
  • Муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо жана менчикке чыгып кетип, бирок узак мөөнөттөн бери пайдаланылбай турган жерлердин менчиктештирүү мыйзамдуулугун текшерүү;
  • Көп кабаттуу 1 үйдү таштандыларды бөлүп чыгаруу боюнча пилоттук катары тандап алып иш алып баруу, башкаларга жайылтуу.
  1. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ЭЛГЕ КӨРСӨТКӨН КЫЗМАТЫНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ.
  • Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эффективдүүлүгүн, ачыктыгын жана шаар тургундарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
  • Муниципалдык кызматка чыныгы кесипкөй, таза жана патриот адистердин келишине көмөк көрсөтүү, шарт түзүү;
  • Муниципалдык түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн анализдеп чыгуу, пайдасы жок, бирин бири кайталаган жана «кормушкага» айланган мекемелерди реформалоо. Ордуна чакан, мобилдүү, эффективдүү, аз чыгымдуу жана ачык мекемелерди түзүү;
  • Шаардык бюджеттин туура бөлүнүүсүн, сарамжал коротулушун, максаттуу иштетилишин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына көбүрөөк берилишин тыкыр көзөмөлгө алуу;
  • «Ачык жана жеткиликтүү бюджет» саясатын ишке ашыруу;
  • Шаарда ишке ашырып жаткан долбоорлорду, бюджеттин сарпталышын жана муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөл кылуу максатында коомдук баалоо жана көзөмөлдөө комиссиясын киргизүү;
  • Жергиликтүү жаштар саясатын жүргүзүү жана жаштар менен иш алып барууну жолго коюу;
  • Шаар тургундары арасында ыктыярчылыкты жана ашарды популяризациялоо;
  • Жергиликтүү жашоочуларды мобилизациялоо менен көчөлөрдүн ой чуӊкурун түздөө, арыктарды казуу жана бактарды бутоо иштерин байма бай жүргүзүү.
  • Аялуу катмардагы муктаж адамдарга кайрымдуулук иш чараларын уюштуруу;
  • Чөлкөмдөр аралык сынактарды байма уюштуруу, кызыктыруучу байгелер менен камсыздоо;
  • Маданият жана спорт тармагына көӊүл буруу, жергиликтүү бюджеттен каржы бөлүү, жаш таланттарга жана спортчуларга көмөк көрсөтүү. Нарын шаарынын деӊгээлинде байма-бай маданий жана спорттук иш чараларды уюштурууга колдоо көрсөтүү.
  1. ТАЛАПКЕР КАТАРЫ:
  • Шайлоо өнөктүгүндө жаӊыча саясий маданиятты көрсөтүү, атаандаштар жана учурдагы бийлик тууралу жаман, апыртма, калп сөздөрдү айтпоо;
  • Үгүт учурунда шайлоочуларды алдабоо, аткарылбаган жана реалдуу эмес убадаларды бербөө, добуш сатып алууну болтурбоо;
  • Шайлоочулар алдында депутаттык ишибиз боюнча жылына 1 жолудан кем эмес отчет берип туруу.

«Улуу Кыргызстан» фракциясынын тарабынан 2013 жылда аткарылган иш чаралардын отчету

 «Улуу Кыргызстан» партиясы 2012 жылдын Бештин айынын 25-де  жети партиянын бири болуп Чолпон-Ата шаардык кеңешке шайланып келген. Келген сон шаардын көйгөйлүү маселелери менен тааныша баштады. Баардык маселелердин арасынан суу маселеси, свет, жол жана социалдык жагдай оорчунду экенин көрүндү.

Бул жургузгон анализдин негизинде «Улуу Кыргызстан» фракциясы Чолпон-Ата шаардын онугуу планынын талкуусуна кызуу катышканга аракеттерин жасаган, айрыкча суу, свет маселерине чон конул бурган.

Бирок онуугу планынан тышкары иштерди жасаш керек экени ачык корунду, анткени бюджеттин жетишпегендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан «Улуу Кыргызстан»  фракциясы тышкы инвестиция тартып келууго аракеттерин корушту. Натыйжада жыл ичинде 2 630 000 млн. сомдук инвестиция келип дагы болжол менен алганда 5-9 млн сомдук узак мооноттук проектке фундаменти тузулду.

Ал эми жогоруда айтынган каражаттар ар тараптуу багыттарга жумшалды:

 Бул аз камсыз үй-бүлөлөр, жетим жесирлер жана башка жардамга муктаж биздин жарандарыбыздарга «Улуу Кыргызстан» фракциясынын демилгеси менен жана «Зеленный колос» аттуу Коомдук фондунун каржылоосунун негизинде 2013 жылдын үчтүн айында биринчи жардамы болуп 40 жакын үй-бүлөгө таш көмүрүн таратуу иштери жургузушту. Демилгенин баасы 80000 мин сомдон ашты. Андан кийинки иш чаралар 2013 жылдын чын куран айында элди суу менен камсыздоо максатында «Улуу Кыргызстан» партиясынын демилгеси менен Саид Баюми-мырза жетектеген «Буткул дуйноолук жаштар ассамблеясынын» каржылоосу аркылуу, «Бижай» кичи районунда эски эки суу скважинасын реабилитациялоо иштери жүрдү. Аткарылган жумуштун жалпы суммасы 1млн.200миң сомду түздүү. Кийинки кылынган иш-аракеттер социалдык жардам корсотуу максатында баш оона айында, партия ошол еле демөөрчүлор  менен сүйлөшүп жашы жете элек жетим, жарым жетим балдарга  жаңы окуу жылына карата, окуу куралдары тапшырылды. Тапшыруу аземи С.М.Киров атындагы орто мектебинде болуп өттү. Демилгенин суммасы 100 000 минге жакын болду.