Саясий партиянын программасы (баяндоо):

«Келечек 4.0»

БИЗДИН ОЙ ЧАБЫТ:

          Кыргызстан – көз карандысыз, коомчулуугу эркин, өнүккөн, жашыл-инновациялык экономикасы жана экологиялык агро-өнөр жайы бар, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу орду бар өлкө.

Биздин программанын жети багыты:

  1. Элдин жыргалчылыгын камсыздаган-мамлекет;
  2. Инновациялык-өлкө;
  3. Жашыл экономика;
  4. Түрмөсү жок-өлкө;
  5. Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун;
  6. Эркиндик;
  7. Элдик бийлик.
  1. Элдин жыргалчылыгын камсыздаган- мамлекет

Жарандардын материалдык жана ички дүйнөсүнүн бакубаттыгы.

  • Билим берүү жана маданий программаларга каржылык жактан жардам берүү;
  • Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына (жумушсуздарга, пенсионерлерге, майыптарга) колдоо көрсөтүү;
  • Үй-бүлөгө, ата-энеге, балага колдоо көрсөтүү;
  • Эмгекти жана элдин ден-соолугун коргоо;
  • Кирешени кайра бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңсиздикти жөнгө салуу;
  • Элдин биримдиги.

Элдин жыргалчылыгын камсыздаган мамлекет – бул саясий концепциянын түзүмүндө тең мүмкүнчүлүк менен баарына бирдей шарт түзүү, татыктуу жашоо үчүн аз камсыз болгон жарандарга, кирешени адилеттүү бөлүштүрүү. Бул тажрыйбаны, АКШ,  Жапония, Улуу Британия,  Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр ийгиликтүү колдонуп келет.

  1. Инновациялык өлкө

Жаңы идеялар.

  • Прикладдык илимди жана чакан бизнестерди өнүктүрүү;
  • КРнын бардык аймактарын 5G интернет менен камсыз кылуу. IT технологияны өнүктүрүү;
  • Инновациялык агымды жандантуу системасын түзүү;
  • Технологиялык өнүгүү;
  • Жогорку технологиялык өндүрүмдү, жогорку кошулган баа менен чыгаруу;
  • Илимий окумуштуулар жана ойлоп табуучулардын интеллекти аркылуу киреше табуу;
  • Интеллектуалдык менчикти коргоо;
  • IT технологиялык аянтчасын түзүү;
  • Криптовалютаны киргизүү.

Ойлоп табуучуларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү аркылуу, инновацияны өнүктүрүүгө шыктандырабыз, жаңы технологияны импорттоого түрткү беребиз. Биз, билим берүү чөйрөсүнөн баштап илимдер академиясына чейин жана баардык мамлекеттик мекемелерге инновациялык башкаруу системасын киргизебиз.

  1. Жашыл экономика

Кыргызстан - экологиялык таза продукцияны өндүрүү боюнча регионалдык борбор.

  • Азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды экологиялык жактан таза өндүрүү;
  • Энергиялык эффективдүүлүк жана анын жоготуусун азайтуу;
  • Сууну үнөмдөө;
  • Альтернативдик энергия чыгаруучу булактарды өнүктүрүү;
  • Электроунааларды өнүктүрүү;
  • Калдыктарды азайтуу жана кайра иштетүү.

          Кыргызстанда айдоо жерлердин аянты 900 000 га, Казакстанда 34 млн. га, Кытайда 92 млн. га, Орусияда 116 млн.га... Биз өндүрүмдүн саны боюнча коңшу өлкөлөргө атаандаш боло албайбыз. Бирок, сапат жагынан туруктуу атаандаш болобуз. “Кыргызстан- экологиялык таза азык-түлүктүн өлкөсү ” – бул дүйнөлүк базарда биздин брэнд болот.

  1. Түрмөсү жок - өлкө

Укук бузуулар болбош үчүн алдын алуу иш-чаралар.

  • Шектүү өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн мүмкүнчүлүк алган укуктук система;
  • Көз карандысыз сот системасы;
  • Коомдогу басмырлоодон жана жарандарды адилетсиздиктен коргоо;
  • Коомдогу баалуулуктарды баалоо жана коргоо;
  • Ийгиликтүү болуш үчүн – өзүн-өзү өнүктүрүүдө бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк;
  • Аймактарда жаштарды иш менен камсыз кылуу. Жумушсуздук менен күрөшүү;
  • Спортту жана пайдалуу эс алууну өнүктүрүү;
  • Бизнес инкубаторлор институттары жана орто муундар үчүн билим берүү борборлору.

Скандинав өлкөлөрүндө жалпы элдин жашоо деңгээлинин өсүшүүнө ылайык, акыркы түрмөлөр жабылууда. Жарандардын социалдык абалын жакшыртуу, билим берүү жана маданиятты көтөрүү, баардык жерге видео байкоолорду орнотуу жана башка долбоорлор аркылуу коомчулукка кеңири жайылтуудагы системалык иштин негизинде гана оорчундуу кылмыш иштер азаят жана жок болот.

  1. Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун

Эки тараптуу сый мамиле жана ийкемдүү кызматташтыкта түзүлгөн көп багыттуу тышкы саясат.

  • Өлкөнүн ИДӨмүн 5 жылда эки эсе көбөйтүү;
  • Аймактагы логистикалык борборлор;
  • Эл аралык авиахабды түзүү;
  • Тышкы жана ички коопсуздукту камсыздоо;
  • Экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу;
  • Экспортко багытталган өндүрүш.

Монголия деңизден алыс жайгашкан. Андыктан, эл аралык маанидеги аэропортторду тез ыргакта курууда. Бүгүнкү күндө аба жолдору авто жолдорго баасы менен атаандаш болууга мүмкүнчүлүгү жетти. Биз, Кыргызстанды Борбор Азиядагы логистикалык борборго айлантуу үчүн, эл аралык долбоорлорду ишке ашырабыз.

  1. Эркиндик

Жарандык эркиндик.

  • ЖМК эркиндиги;
  • Ой жүгүртүү, дин тутуу жана сөз эркиндиги;
  • Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын эркиндигин коргоо;
  • Экономикалык эркиндиктер;
  • Салыктык жүктү кыскартуу;
  • Салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүн жогорулатуу.

          Жигердүү коомду түзүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жеке ишкерликти өркүндөтүүдө мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу, биздин программабыздын негизги  өзөгүн түзөт.

  1. Элдик бийлик

Эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн!

Жетекчилерди адилетүү жана атаандаштык жолу менен дайындоо;

  • Бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн баалоо критерийлерин киргизүү;
  • Өкмөттүн элге отчет берүүсүн камсыздоо;
  • Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгы;
  • Жемкорлуктун себептерин жоюу;
  • Өкмөттү оптимизациялоо;
  • Электрондук башкаруу;
  • Административдик аймактык реформа;
  • Жергиликтүү коомчулуктун активдүүлүгүн жогорулатуу.

          Кыргызстанда 6 млн. элге 32 000 мамлекеттик кызматкер бар. Ал эми 13 млн. калкы бар Нью-Йорк шаарынын мэриясын болгону 52 кызматкер иштетет. Учурдун талабына жооп берген, өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясы жана ой чабыты бар, эл үчүн эмгектенген, тажрыйбалуу адамдардан түзүлгөн өкмөт-биздин идеябыздын жана пландардын ишке ашуусунун ачкычы.

“Келечек 4.0” –  дүйнөлүк бийиктикте болуш үчүн, мезгилден алдыга  өтүүчү  программа!

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

  1.