"Кыргызстан" саясий партиясынын программасы

Менин тандоом! Менин тагдырым! Менин шаарым!

Биз - “Кыргызстан”. Биздин шаардын ар бир жараны – шаарыбыздын жаркын келечеги, өсүп-өнүгүшү үчүн керек болчу кымбат ресурс. Биз жарандарды улутуна, диний принциптерине карап бөлөйбүз. Биз Кыргызстан деп аталаган бир чоң өлкөнүн жарандарыбыз!

  1. Өзгөн шаарынын тазалыгы, бул Өзгөн элинин жүзү. Бүгүнкү күндө шаардын тазалыгы, көйгөйлүү маселелердин бири. Шаардын тазалыгы үчүн калктан алынган салык төлөмдөрдү туура максатта пайдалануунун планын түзүү. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштуруу.
  2. Шаар эли муктаж болгон көйгөйлүү маселелерди чечүүгө түрткү берүү. Шаарыбзга эң керектүү болгон: канализация, жылуулук берүү, таза суу, көп балалуу үй-бүлөлөргө чек берүү маселелерин чечүү боюнча. Көйгөйлүү маселелердин чечилүүчү жолдору кабыл алынган. Ошол пландардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйбүз.
  3. Шаарыбыздын инфраструктурасын кеңейтүү. Шаарыбызга инвеститцияны тартуу менен жумушчу орундарды көбөйтүү (чакан ишканалар) мында биздин реалдуу пландарыбыз бар!
  4. Өзгөн шаарында спортту өнүктүрүү. Өзгөн шаарынын басымдуу жаштары футболду колдойт. Футболду өнүктүрүүгө күчтүү басым жасайбыз. Шаардын 14 жаштан 16 жашка чейинки шаардык жаш футболчулар арасында жыл сайын өткөзүлүүчү чоң мезгилдик чемпионат уюштурабыз.
  5. Өзгөн шаарынын мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоочу окуу борборун түзүү. 2016-жылы Өзгөн жаштар консультатциялык комитетинин демилгеси жана жеке ишкер Туратбек Матишовтун колдоосу менен Ош шаарында жайгашкан SECOM окуу борбору менен байланышкан. Шаарда жайгашкан мектептерде социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бүтүрүүчү класста окуган балдарын акысыз ЖРТга (жалпы республикалык тестке) даярдоону уюштурган. Жыйынтыгында 60 окуучу даярдалган, бүгүнкү күндө окуучулардан ОшМУ, ОшТУ, ОшМЮИ Кыргыз Түрк МАНАС сыяктуу жогорку окуу жайларда билим алышууда.
  6. Коомдук транспорттун жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болушу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнү тартипке келтирүү.
  7. Өзгөн шаарын коопсуз шаарга айлантуу. Көчөлөргө видеокамераларды орнотуу, жолдордун автомобиль жана жургүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болуусун камсыздоо. Шаардын бардык көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыздайбыз жана “Коопсуз шаар” программасын ишке ашырабыз. Бул программаны ишке ашыруу менен жолдогу тартипсиздикти иретке келтиребиз ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө укук коргоо органдарына жардам берген болобуз.