Шаардык кеңештердин тизмеси > Өзгөн шаардык кеңеши > НДПК "КЫРГЫЗСТАНДЫН-ЭЛДИК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ"

Саясий партиянын программасы (баяндо):

НДПК (КЫРГЫЗСТАНДЫН-ЭЛДИК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ)

партиясынын манифести

АРАКЕТ

Биз, Өзгөн шаарынын тургундары борбор калаада жоопкерчиликтүү жана эффективдүүбийликти орнотуу үчүн мыйзамдуу жол менен күрөшөбүз деп Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын туусунун алдына бириктик.

Биздин максат - Өзгөндү жашоо үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу

Ыңгайлуу шаар дегенде биз эмнени түшүнөбүз:

  • Коопсуз шаар

Бул - кылмыштуулуктун деңгээли төмөн, чөйрөсү бакубат, жолдорунда тартип орногон, көчөлөрү жана короолору жарыктандырылган, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн заманбап мониторинг системасы бар шаар.

Өзгөндү коопсуз шааргаайлантуу үчүн НДПК сунуштайт:

- «Жарык Өзгөн» орто мөөнөттүү программасын иштеп чыгуу. Программанын максаты – шаардагы таптакыр жарыктандырылбаган же жетишсиз жарыктандырылган жайларды жоюу, жарыктандыруунун энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуу, шаардыктардын бош убактысын өткөрүүчү жайларда ыңгайлуу шарттарды түзүү,  аларды пайдалануунун сапатын жогорулатуу.

- «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында эл көп жүргөн жерлерде чукул жардам чакыруу баскычтарын орнотуу. Жолдордо гана эмес, мектеп, окуу жана тарбия мекемелеринен тартып бүтүндөй Өзгөн шаарында видеокамералардын санын көбөйтүү.

  • «Акылдуу» шаар

Бул – жашоочуларга төлөм жүргүзүүдөн ар кандай жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн инновация жана электрондук кызматтар аркылуу чечкенге мүмкүнчүлүк берген шаар.

Өзгөндү «акылдуу» шаарга айлантуу үчүн НДПК сунуштайт:

- Мэриянын демилгеси менен ачык маалыматтардын негизинде программалык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча форумдарды өткөрүү.

Жашыл шаар

Бул – транспортсуз же зыяндуу заттардын абага ташталышы төмөн болгон аймактары бар, жөө адамдар үчүн жол тилкелери кенен, эс алуу жайлары мыкты, башаламан курулушсуз, ышсыз, гүл бакча шаар.

Өзгөндү жашыл шаарга айлантуу үчүн НДПК сунуштайт:

- шаардын экологиялык паспортун иштеп чыгуу;

- шаардын аймагында бак-дарак болушу керек деген эсеп менен жашылдандыруу коэффицентин көтөрүү;

- экологиялык абалды эске алуу менен шаардын башкы планын түзөтүү;

- шаар аймагында үйлөрдүн мыйзамсыз курулушуна тыюу салып, соода-көңүл ачуучу комплекстердин курулушун тартипке салуу;

- жээктерди бекемдөө, ирригациялык тармактарды, шаардык дарыялардын жана каналдардын нугун тазалоо иштерин жүргүзүү;

- транзиттик жүк ташуучу транспорт үчүн айланма унаа жолу долбоорун ишке ашыруу;

- шаар аймагында жөө адамдар үчүн тилкелердин санын көбөйтүү;

- таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушун баштапкы милдет катары аныктоо;

  • Тыгынсыз шаар

Коомдук транспорт инфраструктурасы өнүккөн шаар. Ал ылдам, ыңгайлуу, арзан жана кыймыл арасындагы аралыгы минималдуу болушу керек. Негизи коомдук транспорт үчүн атайын жол тилкелерин ажыратуу зарыл. Шаардыктар үчүн жеке автоунаага караганда коомдук транспортто жүрүү коопсузураак, ылдамыраак жана ыңгайлуураак болушу абзел.

Өзгөн шаарын чектөөсүз шаар болуш үчүн НДПК сунуштайт:

- жаңы конуштардын шарттарын жакшыртуу программасын ишке ашыруу;

- Өнүгүүнүн полицентрдик моделинин принциптерине негизделген программасын иштеп чыгуу;

- «Өзгөн – жөө адамдардын шаары» долбоорун иштеп чыгуу. Максаты – тротуарларды оңдоо жана жаңыларын куруу;

  • Бийлиги ар бир жашоочуга кулак салган шаар

Бул – казынадагы акчанын биринчи кезекте кайсы жакка сарпталышын тургундар чечкен шаар: көчөнү оңдоогобу же балдар аянтчасын куруугабы, же болбосо эс алуу багынын шартын жакшыртууга, кошумча таштанды челектерин же отургучтарды орнотууга. Жашоочулар менен бийликтин ортосундагы байланыш үзгүлтүксүз болушу керек.

Башкаруу органдары жана түзүм жөнүндө маалымат: Төрага, партиянын Съезди, партиянын Саясий кеңеши, ревизиялык комиссия, аймактык бөлүмдөр

Саясий партиянын жаштар уюму: Жаштар канаты

Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

2021-2025-ж.- жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордо катышуу.

2021-ж. КР Жогорку Кеңешине шайлоого катышуу