Шаардык кеңештердин тизмеси > Өзгөн шаардык кеңеши > "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы: «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы

ИН, ЮЖБР кирүү датасы:

№121215-3300-СП, 17.02.2012 ж.              

Саясий партиянын түзүлүшү:  физикалык тараптардын ыктыярдуу бирикмеси

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2013ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: өкүлчүлүктөр

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы:

Саясий кеңеш

САЯСИЙ ПАРТИЯ: “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек ш., Логвиненко к, 93 «А»

Байланыш телефону: 0550432227, 0556052250

Коомдук кабылдама: Бишкек ш., Логвиненко к, 93 «А»

Интернеттеги байланыш тармактары: onuguu-progress@mail.ru

Расмий сайт: www.onuguu.kg

Партиянын төрагасы:

Торобаев Бакыт Эргешевич 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин  бүтүргөн. Адистиги боюнча «Экономист». Эмгек жолун 1995-жылы «Жамиля и К» өндүрүш-коммерциялык фирмасында директордун кызматынан баштаган. 1998-1999-жылдары  айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча «Азия-Сузак»  дыйкан чарбасынын төрагасы. 2000-2007-жылдары  «Мариям» ЖЧК ун комбинатынын башкы директору. 2007-2009-жылдары IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 2009-2010-жылдары Кыргыз Республика-сынын Өзгөчө кырдаалдар министри. 2010-жылы V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2011-жылдан-2013-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары. 2013-жылдын 25-апрелинен баштап  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын Төрагасы. 2015-жылы 4-октябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. «Ардак»  төш  белгисинин ээси, үй-бүлөлүү,  беш  баланын  атасы.