Саясий партиянын программасы:

«Нур» саясий партиясы Өзгөн шаары боюнча «Билимдүү келечек, өнүккөн мамлекеттин башаты-үй бүлө» саясатын шаар жергесинде жүргүзөөрүн жарыялайт.

Элине адал кызмат кылууну көксөгөн, айтаар сөзү, кылаар иши бар, жигердүү жаштардан турган команда шаардык кеңештин шайлоосунбаштап барат.

Мүмкүнчүлүктөр шаары

           Биздин негизги максат – Өзгөн шаарында ар бир билим берүү мекемелерине көмөктөшүү, ишкерликти жайылтуу жана бакубат жашоодогу үй бүлөнү калптандыруу.

Негизги артыкчылыктар:

 «Тазлык ыймандан»-шаардын тазалыгын катуу көзомөлгө алуу,  көрктөндүүрүү жана жашылдандыруну уюштурууну колго алуу.

Насыл: Өзгөн шаарынын келечек муундарга асыл насыл калтыруу үчүн балдарды жаш жеткинчегиндигинен баштап(детсад) билим берүү мекемелеринде(мектептер ЖОЖ) окуучуларды катуу көзомөлгө алуу, спорт менен машыгууга көмөк көрсөтүү,материалдык жактан кыйналган үй бүлөөлөргө  шаардык масштабда материалдык жардам берүү.

Мүлк-Муниципалдык менчик, жеке жактардын мулку, жана ишканалардын башкача айтканда салык төлөчүүлөрдүн төлөмдөрүн Мамлекеттик саясат болуп турган санариптештирүү аркылуу толугу менен көзомөлгө алуу,натыйжада шаардын көмүскөдо жашырылган салыктар ачыкка чыгат,шаардын бюджети бир нече эссеге ашат.

Инвесторлор үчүн шарт түзүү;

Муниципалдык мекемелерди ачуу;                                        

Мүмкүнчүлүк шаары – шаар жергесиндеги тургундарды ишкерлик кылууга, татыктуу билим алуусуна, үй бүлөлүк баалуулугун сактоосуна толук кандуу ишке ашыруучу шаар.

Биздин максат - шаар ичинде ишкерлик багыты алдынкы орунга чыккан, жашоо шарты жакшырган,билимдүү келечеги бар, бекем жана бакубат үй бүлөдөн турган шаарды түзүү.«Бир үйдөн - бир ишкер» долбоору аркылуу жылына 100 дөн кем эмес ишкерликке кызыккандарды окутабыз.

Инвестиция

Шаар шартына ыңгайлашкан чакан жана орто бизнес ачууда, бардык эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу менен шаардын экономикалык-социалдык абалын жакшыртууну колго алуу. Кыргызстан ичиндеги алдынкы бизнес тармактарды шаарга чейин алып келүү жана турмушка ашыруу.Жеке ишкерликти окутуу менен аларга каржы булагын эл аралык уюмдар аркылуу тартууну колго алуу.

Аброй

Шаар жергесинде эң алдынкы кесиптин ээси болгон мугалимдерибиздин, кенже(сары жилет) муниципалдык кызматкерлердин аброюн көтөрүүнү ишке ашыруу. Мугалимдерге стимул берүү, квалификациясын жогорулатуучу семинарларга баруусун камсыз кылууга көмөктөшүү.