Шаардык кеңештердин тизмеси > Ноокат шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

     “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын Ноокат шаары боюнча шайлоо программасы

Биз мурастарды сактап, күчтүү жана гүлдөгөн өлкөнү балдарыбызга калтыруу идеясы менен бириккен Кыргызстандын эркин элибиз. Биз үчүн күчтүү өлкө бул биринчи кезекте ийгиликтүү жана бай адамдар! Ар бир жарандын байгерчилигин жогорулатуу - биздин саясий кыймылдын артыкчылыктуу багыты.

БИЗГЕ КЕЧИКТИРИЛГИС ЖАНА МААНИЛҮҮ РЕФОРМАЛАР КЕРЕК!

- Бизге улуттук баалуулуктарга жана демократиялык принциптерге негизделген чыныгы Коомдук келишим –  жаңы «жандуу» Конституция керек. Коомдук консенсустун негизинде кабыл алынган Конституция элдин ишенимине жана урмат-сыйына ээ болот.

- Жаңы Конституция мамлекеттик башкаруунун формасын, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарын түзүүнү, депутаттардын санын аныктап, чыныгы эл өкүлчүлүгүн камсыздап, соттордун чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылып, мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүшү керек.

БИЙЛИКТИ ТАЗАЛОО (ЛЮСТРАЦИЯ)

 Реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бийликти тазалоо зарыл - мамлекеттик башкаруунун коррупциялык кландык системасын түзүүгө, саясий оппоненттерин куугунтуктоого, жазык ишин мыйзамсыз козгоого, адилетсиз өкүмдөрдү чыгарууга түздөн-түз же кыйыр тиешеси барларды бийликке жетүүгө тыюу салуу максатында люстрация жөнүндө мыйзамды кабыл алуу. Элге ишенимдүү кызмат кылуу антын бузгандардын бардыгы - жогорку жана орто даражадагы  чиновниктер люстрацияга кабылышат.

КОРРУПЦИЯ

Кыргызстандагы расмий маалыматтар боюнча, коррупциянын кесепетинен бир жылдык зыян 15 миллиард сомго жакын. Бирок коррупциянын чыныгы масштабын аныктоо мүмкүн эмес, анткени коррупция биздин жашообуздун бардык чөйрөлөрүнө сиңип, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп турган учур.

-Көз карандысыз адистештирилген текшерүү механизмин, электрондук декларация системасын киргизүү, кызмат адамдарынын жана алардын жакын туугандарынын мүлктөрү жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

-Кландык, тууганчылык жана жердешчилик башкарууну жоюу үчүн

"Тууганчылык байланыштарды ачыктоо жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу. Мамлекеттик кызматка орношууда кызмат адамдарын үй-бүлөлүк жана башка тыгыз байланыштар болгондугу үчүн кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө электрондук декларацияларды (ачык жайгаштыруу) жыл сайын толтурууну милдеттендирүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында аларды текшерүү механизмин түзүү;

-коррупциялык укук бузуулар үчүн люстрацияланган жана жоопко тартылган кызмат адамдары жөнүндө ачык маалымат базасын түзүү;

Биздин партия жогоруда айтылган максаттарга толук жетуусу учун жана Ноокат шаарынын гулдоп онугуусу учун томонкудой милдеттерди алдына коет:

-Ички жана сырткы ресурстарды пайдалануу аркылуу шаардын бюджетин которуу;

-Шаардын бюджетин бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча ачык бюджеттик угууларды уюштуруу;

-Бюджетти туура, так жана эн койгойлуу маселелерди чечууго пайдалануу;

- Түз салыктардын пайдасына кыйыр салыктарды азайтуу;

- Чакан, орто жана ири бизнестерди онуктурууго шарт тузуп, колдоп, кайра иштетуу онор-жай тармагын онуктуруу;

-Шаардын тургундарына эс алуу шарттарын жакшыртуу;

Тургундардын социалдык маселелерин оз убагында кароо, чечуу;

-Шаардын тазалыгын жакшыртуу жана сактоо;

-Социалдык объектилердин заманбап-архитектуралык талаптарга жооп беруу талаптары менен курулушун козомолдоо;

-Канализация куруу;

-Коп кабаттуу уйлорду куруу;

-Аппарат кызматкерлеринин жоопкерчилигине, кесиптик жана кадыр-баркына болгон талаптарды күчөтүү;

-Потенциялы жогору, заманбап идеяларга бай, жаныча коз караштагы жаш кадрларды конул буруп, пайдалануу;

-Аппараттык кызматтарда аялдардын жогорку деңгээлдеги өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;

-Кызматкерлерди конкурстук тандап алуунун тартибин жана жол-жоболорун максималдуу обьективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу багытында өзгөртүү;

Урматтуу шаардыктар, биз реформа жолун тандап алдык. Бул кризистер, тагдыр чечкен чечимдер жана түшүнбөстүктөргө алып келүүчү узак жана татаал жол. Ишенимибиз жана идеяларыбыз үчүн биз жоопкерчилигибизди сезебиз. Биз баарыңарды ата-бабаларынын мурасын сактоого жана күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстанды балдарга калтыруу жолунда биригүүгө чакырабыз!