Шаардык кеңештердин тизмеси > Ноокат шаардык кеңеши > "Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы

Ноокат шаарындагы “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары

          Ноокат шаарынын демокартиялык жана социалдык багытында өнүгүүсү үчүн:

-         Акыйкат жана руханий жактан бирдиктүү коом

-         Атаандаштыка жөндөмдүү иновациялык экономика

-         Жарандарга жогорку дэнгээлдеги жашоону тартуулоо

-         Эгемдүү демократиянын принциптеринде өлкөнүн сапаттуу жанылануу стратегиясын жүзөгө ашырып, биз Ноокат шаарынын жашоочуларына, шаардын тагдырын  өз алдынча аныктоого жалпы элдик төлөмдөргө, жалпы элдин кызыкчылыгына өз алдынча ээлик кылууга укуктарын камсыз кылып берилүүсү керек.

Биз Ноокат шаарынын келечегин өз колубуз менен курабыз.

Бизде бүгүнкү күндө аябай чон мүмкүнчүлүк  колубуздан келип турган мезгилде, келечек муундарга татыктуу жашоо куруп беришибиз керек.

 Саясат жөнүндө:

Биз шаарды өнүгүүсү үчүн зарыл болгон реформаны жүргүзөбүз. Мында мыйзамдуулук жана Конституция үстөмдүк кылат. Башка саясий партияларын саясий мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруусу үчүн  толук шарттарды камсыз кылып беребиз.

Экономика тармагы боюнча:

Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүсү үчүн биринчи кезекте өндүрүштү, туризм жана бизнести өнүктүрүү аркылуу жаны жумушчу орундары түзүүлүүсү үчүн шарт түзүлүп берилүүсү керек. Ноокат  шаары келечекте  иновациялык экономикасы  жана ийкемдүү салык тутуму менен жогорку денгээлде өнүккөн шаар болушу керек.

 Билим берүү тармагы:

Билим берүү мамлекеттик  жана коомдук  иш-аракеттердин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.  Бул тармакта партия,  билим берүү тутумдагы коррупцияны жоюу үчүн алгылуктуу кадамдарга барат. Ден-соолугунан мүмүкүнчүлүгү чектелген жана каржы жагынан тартыш үй-бүлөлөрдүн шыктуу балдарына билим алуусуна эн жакшы шарттарды түзүп жана аларды ар тараптуу колдоого алынуусу кажет.

 Мындан сырткары, шаардагы илимий-педагогиялык кызматкерлеринин макамын жогорулатуу  жана аларга кошумча айлык маяналарды берүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлөт.

Маданият жана спорт:

Маданият-бул коомдун тарыхый өнүгүү жолундагы өзүнүн белгиленген денгээли.

Кыргыз малекеттин бекемдөө жана өнүктүрүү жана шаар ичинде жашаган башка улут өкүлдөрүнүн тилин, маданиятын сактап калуу ошондой эле, маданий өнүгүү жаатындагы башкы багыты- улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү адеп-ахлатты жана патриоттуулукту жандандыруу партиянын негизги стратегиялык максаттары болуп саналат.

Ата-Мекендик кинону жана театрды, китеп басып чыгарууну жана адабиятты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу жана калкытын социалдык, маданий, билим берүү программаларын телерадио берүүлөрүн сунуштайбыз.

Укуктук тартипти камсыз кылуу:

Жаркын келечекке болгон ишеним тартипсиздик жана кылмыштуулук жогору болгондо пайда болушу мүмкүн эмес. Мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу көйгөйлөрү көбүнчө ички иштер  органдарына эмес, саясий элитаталарга көз каранды.

Экологиялык коопсуздук:

Экологиялык коопсуздукту күчөтүү үчүн төмөнкү иш чараларды аткаруу зарыл:

-         Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында көзөмөл, уруксат берүү тутумун өркүндөтүү

-         Экологиялык мониторингди жана маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү

-         Калкка экологиялык билим берүүнү жана өнүктүрүү

-         Коомчулуктун экологиялык чечимдердин кабыл алууга катышуусу.  

Бир шаар! Бир келечек! Бир Бол!