"Аманат" саясий партиясынын программасы

Натыйжалуу башкаруу жана бюджеттик саясат

“Аманат” партиясы муниципалдык башкаруунун жана бюджеттик саясаттын натыйжалуу механизмин ишке киргизет.

Биздин сунуштар:

- муниципалдык аппаратты модернизациялоо: анын штаттык курамын оптималдаштыруу; муниципалдык башкаруу органдарынын бир-бирин кайталаган функцияларын жоюу; жеке түзүмдөргө аутсорсингке берүүгө боло турган, керексиз функциялардан арылуу.

- муниципалдык кызматка кадрларды тандоодо коомдун ишеними жана компетенттүүлүк стандарттарына жооп берген жаңы механизмдерди киргизүү.

- бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдөгү приоритеттерди кайрадан карап чыгуу: шаардык бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө шаардыктардын пикирин эске алуу тутумун ишке киргизүү.

- шаардык бюджеттин аткарылышына жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүү.

Инфраструктура

Шаар шаардыктар үчүн – бул коомдун суроо-талаптарына ыкчам жооп бере алган, заманбап шаар. Өзүнүн тургундарына сапаттуу жана өз убагындагы кызматтарды көрсөткөн шаар.

Биздин сунуштар:

- муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында аны толук инвентаризациядан өткөрүү

- 2021-2023 ж.ж. карата шаардын Генералдык планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу

- шаар үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы таштанды полигонун куруу

- парктарды, скверлерди жана башка жашылданган эс алуу аймактарын реконструкциялоо

- суу тазалоочу жана канализациялык станцияларды модернизациялоо

- жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу

- шаардын жаңы конуштарында электр менен жабдуу тутумун стандартташтыруу

Саламаттыкты сактоо тутумун модернизациялоо

Ден соолук - ар бир адамдын дагы, жалпы коомдун дагы баа жеткис байлыгы. Ден соолук - толук кандуу жашоонун негизги шарты. Ар бир социалдык мамлекет сергек жашоону жайылтуу жана натыйжалуу саламаттыкты сактоо тутумун түзүү аркылуу калктын саламаттыгын коргоого көмөктөшүүгө милдеттүү.

Биздин сунуштар:

- “жер, имарат, адамдык ресурстар - муниципалитеттен; имараттарды модернизациялоо, даарылоо технологиялары - инвестордон” кызматташуу принциби боюнча инвесторлорду тартып келүүнүн, базар принциптеринде ооруканалар инфраструктурасын толугу менен кайрадан түзүүнүн негизинде ооруканалар тутумун жакшыртуу боюнча программаны кабыл алуу жана ишке киргизүү.

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана калктын санариптик мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программанын алкагында онлайн медициналык кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүүгө дем берүү, бейтаптардын оору баянын электрондук форматка өткөрүү.

- саламаттыкты сактоону модернизациялоо боюнча программанын бир бөлүгү катары ооруларды алдын алуу жана сергек жашоону жайылтуу боюнча өзүнчө программаны иштеп чыгуу.

- медицина кызматкерлерин социалдык камсыздандыруу тутумун жакшыртуу, анын ичинде жаш адистерди ар тараптуу колдоо боюнча программа иштеп чыгуу.

- ресурстарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, натыйжалуу башкаруунун заманбап ыкмаларын ишке киргизүү аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.

Билим берүү тутумун жаңылоо

Билим берүү - экономикалык өсүштү шыктандыруунун жана жакырчылыкты жоюунун эң иштиктүү куралдарынын бири. Мамлекеттин милдети - ар бир адамга жеткиликтүү жана сапаттуу болгон, мезгил талабына жооп берген билим берүү тутумун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Биздин сунуштар:

-  жаңы билим берүү мекемелерин жана иштеп жаткан мекемелерде кошумча корпустарды куруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программаларын колдонуу.

- мектептерге электрондук китепкана тутумун киргизүү, жогорку ылдамдыктагы акысыз интернет менен камсыз кылуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

- педагогикалык курамдын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

-  билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.

-  ашыкча толгон мектептерди (№1, №2, №3) жеңилдетүү үчүн аралаш тилдерде окутуучу жаңы мектепти ачуу.

-  Ноокат шаарынын  базасында кошумча программаларды жана курстарды түзүү аркылуу педагогикалык кадрлардын квалификациясын тутумдуу түрдө жогорулатып туруу. 

Маданият жана спорт тармагындагы жаңы мамиле

Маданият жана спорт бюджеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек. Аталган тармакты калдык принциби боюнча каржылоону токтотууга убакыт келди. Маданият жана спорт адамдык капиталдын сапатына түздөн-түз таасир этет, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн олуттуу ресурсу болуп саналат.

Биздин сунуштар:

- маданият жана спорт тармагынын кызматкерлерин шыктандыруучу программаны иштеп чыгуу.

- маданият мекемелерин жана китепканаларды жаңы маданий мейкиндиктерге жана бош убакытты өткөрүүчү жайларга кайрадан профилдештирүү боюнча программа иштеп чыгуу: клуб, китепкана, музей, галерея, балдар искусство мектебин ж.б. бирдиктүү борборго бириктирүүчү көп функционалдык мекемени түзүү.

- кыз-келиндер арасындагы спортту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке киргизүү: кыз-келиндер спорту үчүн жалпы стадион курууга каражат тартып келүү (волейбол, баскетбол, футзал ж.б. үчүн аянтчалар).

- дене тарбия жана спорт тармагын каржылоонун кошумча ички булактарын түзүү жана тышкы булактарды тартып келүү, коомдун жаңы салты катары меценаттуулукту жайылтуу.

Санариптештирүү

Акыркы жылдарда Кыргызстан санариптештирүү жана IT-технологияларды өнүктүрүү боюнча бир кыйла алдыга жылды. Коронавирус пандемиясы жана карантин шарттары санарип технологиялардын жашообуздун бардык тармактарына кирүү процессин тездетти.

Биздин сунуштар:

- "Санарип Ноокат  2021-2025" санариптик трансформациялоо концепциясын иштеп чыгуу.

- шаардык деңгээлдеги санариптештирүү жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде электрондук мэриянын жана электрондук шаардык Кеңештин долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бардык муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин санариптик технологиялар тармагындагы маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу.

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук режимге өткөрүү процессин тездетүү.

- бардык коммуналдык кызматтарга акы төлөө үчүн онлайн-банкиг тутумун ишке киргизүү.

- муниципалдык объектилерди пайдаланууну онлайн графигке өткөрүү

«Жашыл» экономика

Биз Ноокат  кандай боло тургандыгы, анда кандай экосистемалар сакталып кала тургандыгы, биздин балдар канчалык таза аба менен дем ала тургандыгы боюнча келечек муун алдындагы жоопкерчилигибизди толугу менен сезип турабыз.

Биздин сунуштар:

- транспорт каражаттарынын сапаттуу бензинге, газга же электр энергиясына өтүүсүнө байланыштуу регламенттердин аткарылышына дыкат көзөмөлдү камсыз кылуу.

-  коомдук транспортту этап-этабы менен масштабдуу реконструкциялоо боюнча программаны иштеп чыгуу.

- калыбына келүүчү энергия булактарын пайдалануу боюнча долбоорлорду тартуу: күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү.

- сугаруунун альтернативдүү ыкмаларын (тамчылатып, күнөскана, жамгыр суулары) издөө.

- “жашыл” ишкерликти ар тараптуу колдоого алуу.

- туризмди, анын ичинде маданий-тарыхый туризмди жигердүү өнүктүрүү. Талас - кооз жаратылышы жана улуу тарыхы бар жер.