«Кыргызстан» саясий партиясынын программасы
- Экономика; -Муниципалдык ишканаларды натыйжалуу башкаруу эсебинен, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтөбүз.
-Шаардын инвестициялык жондомдуулугун жогорулатабыз.
-Бюджеттин ачык-айкындуулугу.
- Инфраструктура; - Шаардык кызматтардын кайталанган функцияларын жоебуз.
-Жаңы конуштарда шаардык инфраструктурасын түзөбүз.
- Коомдук транспорт; - Коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди бөлдүрөбүз.
- Заманбап транспорттук түйүндөрдү курабыз
- Экология жана Жашылдандыруу; -Менчик сектордун газ менен камсыз болуусун тездетебиз.
-Таштандыны кайра иштетүүчү заводун курабыз.
-Жүк ташуучу унаалардын шаардын так борборуна киришине тыюу салдырабыз.
-Шаар боюнча сугат маселесин калыбына келтиребиз .
-Жаңы парктарды ачабыз.
-Шаарга электр автобустарды ишке киргизебиз.
-Бишкек шаарынын «ЖАШЫЛ ФРУНЗЕ» мурунку даңкын кайтарабыз.
- Билим берүү; -Муниципалдык мектептердин мугалимдерине акысыз коомдук транспорт камсыз кылабыз.
- Мугалимдер үчүн жергиликтүү бюджеттен эмгек акыга кошумча акы кошуп беребиз.
- Бардык жаштагы жарандарыбызды эске алуу менен шаардык китепканалардын жана акы төлөнүүчү билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгун камсыз кылабыз.
- Шаар китепканаларынын китеп фондусун жаңыртабыз.
- Коопсуздук; - Жарыктандырылган көчөлөрдүн санын көбөйтөбүз.
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо; - Азык-түлүк саткан базарларды санитардык стандарттарга шайкеш келтиребиз.
- Мектеп окуучуларынын ден-соолугун чыңдоо учун, жеткиликтүү спорттук жана интеллектуалдык секциялардын ачылуусун калыбына келтиребиз.
- Шаардыктарга арзан, сапаттуу, аны менен бирге жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтулуусун камсыз кылабыз.
- Геронтологиялык кызматты түзөбүз.