Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы: “Ыйман Нуру” АӨСП.

ИН: 02706201210121.

 ЮЖБР кирүү датасы: 27.06.2012-ж.

Саясий партиянын түзүлүүшү: Партиянын уюштуручуларынын жалпы чечими.

Уставдын кабыл алынган датасы: 25.04.2012-ж.

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 7.

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Партиянын саясий кенеши.

 

 

“ЫЙМАН НУРУ” АДИЛЕТТҮҮЛҮК ЖАНА ӨНҮГҮҮ

САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

 

Байланыш маалыматтары.

 

Дареги: Бишкек шаары, Ак-Өргө конушу, Кырк Чоро көчөсү, 228-үй.

Байланыш телефону: +996550936993, +996707222350

Коомдук кабылдама: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 187.

Интернеттеги байланыш тармактары: nuriman.info@gmail.com

Расмий сайт: nuriman.by.kg

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны): Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында төрөлгөн. Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында Алмаз Субанов атындагы мектепти аяктаган.
АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган. Эмгек жолу:

  • 1999 – 2005 — Ош мамлекеттик университети, юридика факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген;
  • 2001 – 2002 — Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис;
  • 2002 – 2003 — Ош мамлекеттик университетинде юрист;
  • 2004 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси;
  • 2005 – 08.2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис;
  • 2005 – 11.2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2005 - 2007 — КР тышкы иштер министринин маалымат катчысы;
  • 2009 – 2010 — КР президентинин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти;
  • 2010 – 04.2010 — КР президентинин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти;
  • 2011 – 08.2011 — Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу;
  • 2012 – 2013 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2013 – 2015 — КР президентинин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2015 — 03.2019 — "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы;
  • 2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.
  • 2020-жылдын октябрынан тарта маданият, маалымат жана туризм министри.

 

Саясий партиянын программасы: “Ыймандуу бийлик берекелүү жашоо”

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: Партиянын съезди; Партиянын саясий кенеши, Партиянын төрагасы.

 

Саясий партиянын жаштар уюму (сүрөтү жана сүрөттөмөсү): “Ыйман Нуру” Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын жаштар уюму.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар).  Кыргыз Республикасынын Жогрку Кенешинин депутаттарын шайлоо 2020-ж.