ОЛУТТУУ РЕФОРМАЛАР ПРОГРАММАСЫ

БИШКЕК – РЕСПУБЛИКА ЖҮРӨГҮ!

«Республика» партиясы Бишкек шаарында кескин жана радикалдуу реформага барат! Биз борбор калаанын ар бир жашоочусуна сүйүү менен, ал эми ыңгайсыздыктарга, ар кандай көмүскө схемаларга жана кыйраган системага толук каршылык  менен баратабыз!   

БИШКЕКТЕ ЭҢ БАШКЫСЫ

– ЖӨӨ ЖҮРҮҮЧҮ!

Тротуарлар – Бишкек шаарындагы капиталдык салымдардын негизги бутасы болот. Борбордун жана жаңы конуштардын көчөлөрүндө масштабдуу түрдө жөө адамдар өтмөктөрүн   реконструкциялоо менен шаардыктардын жол жүрүүсүн тоскоолдуксуз жана коопсуз кыла алабыз!

  • Жөө өтмөктөр жер кыртышы менен газондордон бийик  болот. Кышта муз тоңбойт, жазда-чалчык , жайында чаң болбойт!
  • Тротуарлар бош   жана унаалардан коопсуз болот. Алардын туурасы үч адам кенен сыйгыдай жасалат. Каналдардын, суулардын жээктерине жөө адамдар  кенен баса турган жол  жана эс алуучу зоналар курулуп, отургучтар орнотулуп, жарыктандырылат.  Бишкек- суу жээктеген шаарга айланат! Сейилдөө да, чуркап, спорт менен машыгуу да жагымдуу болот!
  • Тротуарларды куруучулардан сөзсүз сапат аудити аркылуу кабыл алабыз- коляска менен жүргөндөр  башынан аягына чейин эч тоскоолдуксуз жана коопсуз жагдайда жүрө алышы керек. Перила жана пандустар  боюнча талапты катуу коебуз. Бишкек инклюзивдүү болот! 
  • Унаа жолдорундагы жөө жүргүнчүлөр үчүн   өтмөктөр жолдон бийиктетилип, зебралар менен жасалат-мындайлар  Бишкекте ийгиликтүү  иштеп жатат. Кенен,чоң жолдордо коопсуздук аралчалары пайда болот!   
  • Энергия үнөмдөөчү, кыймылга карата күйгөн  чырактар  тротуарлар менен жөө өтмөктөрдү жарыктандырып, түнкүсүн коопсуз болот!
  • Шаардын видеобайкоо системасы аркылуу-коопсуздук!   Шаарда кылмыштуулуктун жок болушун шарттайбыз. Камера-көзөмөл тууралуу  мыйзамдын  иштешин мажбур кылабыз – күнү-түнү толук коопсуздукту камсыздоо үчүн ар бир бурчка РИИБлер менен туташтырылган камера орнотобуз. “Коопсуз шаардын” камераларын 3 эсе көбөйтөбүз! 

БИШКЕКТЕ ЭҢ ЫЛДАМ

– БУЛ АВТОБУС!

Борбор шаарда эсептелгенден он эсе көп унаа бар. Маселе унаа ээлеринде эмес, шаар сапаттуу коомдук транспорт менен камсыздай албагандыгында. Биз туруктуу жана ыңгайлуу каттамдагы отуруучу орундуктары жетиштүү заманбап автобустар менен троллейбустарга басым жасайбыз!

  • Троллейбустар менен автобустар баардык маршруткаларды алмаштырат. 2000ден ашык экологиялык, ыңгайлуу жана көп орундуу бустар муниципалдык-жеке өнөктөштүк принциптери аркылуу ар бир район менен калктуу конуштарды бириктирет. 4000 жумушчу орун пайда болот
  • Жогорку ылдамдыктагы автобуст тилкелери (BRT) баардык проспекттерде болот. Мындай линиялар менен коомдук транспорттор гана жүрүп, аялдамалар аралык ылдамдыкты,  коопсуздукту жана коомдук унаанын  убагында келишин  камсыздайт. 
  • Ашыкча төлөмсүз, ыңгайлуу транспорт которуу. Шаардык транспорт мындан ары транспорттон транспортко которулууда төлөм албай, жол кире бир саатка бир эле жолу төлөнөт. Жол кире карточкасын колдонуу менен эч ким шаар ичинде транспорт алмаштырууда кайра-кайра жол кире төлөбөйт.
  • Автобустардын швейцариялык тактыгы. Ар бир автобус менен троллейбус GPS/RFID системасы менен иштеп, сиз телефонуңуздан коомдук транспорт канчада сиздин аялдамага келээрин көрүп турасыз.
  • Майыптар үчүн инклюзивдүү транспорт. Ар бир автобус жерге жакын болуп, коляскалар үчүн аппарелдер жана  атайын илгичтер менен жабдылат. Коляска менен кыйналбай түшүү мүмкүнчүлүгү болот!
  • Мектеп автобустары шаардын баардык булуң-бурчунда. Борбордо 97 мектеп бар, анда 160 миңден ашуун окуучу окуйт. Биз атайын үй-мектеп-үй каттамындагы мектеп автобустарын ишке киргизебиз!
  • Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар аркылуу кенен көчөлөр. Борбордун көчөлөрү бүгүн эки жээгинен токтогон унаалардан бошобой, анын айынан ылдамдык азайып, тыгындар пайда болууда. Андыктан электр энергиясы менен жүргөн, гибриддик унаалар үчүн бекер токтотуучу жайларды курабыз. Бул автопаркты жаңыртууга жана көчөлөрдү ирээттөөгө жол ачат!

БИШКЕККЕ ЭҢ КЕРЕКТҮҮ

ТООНУН ТАЗА АБАСЫ!

Кышкысын биз жүздөгөн жакындарыбыздын өмүрүн кыскарткан түтүндөн жапа чексек, жайкысын кыркылган бак-дарактар менен шаарды  тоталдык бетондоонун натыйжасында келип чыккан жел аргысы жок ысык аптаптан кыйналабыз. Биздин бир кездеги жашыл шаар азыр жашоо үчүн кооптуу болуп баратат. Бул боюнча бизде чечим бар!

  • Шаарды жашылдандырууда мамилени толугу менен өзгөртөбүз – “Жашылчарба” мекемеси  азыр жыл сайын Бишкекке бир жылдык 1 млн гүл отургузат, бирок, шаарга кооздукту жана кычкылтекти бак-дарактар берет.
  • Бак-дарактардын экосистемасын калыбына келтиребиз. Бири-бири менен сергек экосистемада байланышкан 200000 көчөт отургузабыз. Негизги басым- айлана-тегерекке пайда алып келүү жагынан рекордсмен - каражыгач менен теректерге жасалат. Булар кычкылтек көп бөлүп чыгарат, көлөкө берет, биздин климаттык шартка ыңгайлашкан   дарактар түркүмү.
  • Жашыл оазистердин шаары. Биз шаардын кичирайондору менен калктуу конуштарына 100 жаңы жашыл оазистерди түзөбүз. Бул балдар да, чоңдор да эс алуучу кичи-парктар болот.
  • ТЭЦти жана жылытуучу казандарды газга өткөрөбүз, ал эми көмүр жагуучу ишканаларга күчтүү заманбап фильтрлерди коебуз. Бул маселени шаардык да, мамлекеттик деңгээлде да  күн тартибине алып чыгууга  жетишебиз.
  • Автоунаалардан катализаторду ажыратууга тыюу салабыз – Жолдор жана унаа оңдоочу жайларга борбордук инспекция менен бирге рейддерди жасап турабыз.
  • Шаарга роза жел аргысын - жайкысын салкын желди, кышкысын таза абаны кайтарабыз. Таза аба шаар үчүн кайсыл мезгил болбосун маанилүү. Бирок, баш аламан курулуштар борборго аба толкунун киргизбей, тоскоолдук жаратып келет. Эл аралык жана жергиликтүү метеоролог, архитекторлор менен урбан-аудит өткөрүп, шамалдын багытын калыбына келтирүү үчүн шаардын жаңы башкы планы  менен ДДПны түзүп чыгабыз.

МИҢДЕГЕН

МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН

ШААРЫ

Бишкек - шаардыктар үчүн эмне? Бул  алар үчүн билим алуу, жумуш,ишкерлик кылуу, талантын ачуу жана  технологиялар үчүн     миңдеген мүмкүнчүлүктөрдү   берген  шаар. Бул көп улуттуу, ошол эле убакта, ар бир адамга   кыялын орундатууга  мүмкүнчүлүк  берген  шаар! 

  • Адам жашагысы жана иштегиси келген шаар. Бул үчүн жолдор, транспорт, экология жана социалдык саясатты кардиналдуу өзгөртүү менен шаарды сүйүктүү ордого айландырабыз!
  • Ишкерлик көбөйсө -  жумушчу орун көбөйөт. Ишкердик үчүн баардык шарттар менен процедуралар ачык айкын жана тез, ал эми байланышуу-онлайн түрүндө болот!
  • Көп инвестиция-көп акча. Социалдык эффектиси бар жаңы компаниялар жергиликтүү салыктардан бошотулат-жаңы жумушчу орундарды түзүлөт. Райондор менен кварталдарды  даректүү өнүктүрүү!
  • Мыкты билим берүү-мыкты жашоо. Баардык мектептерди ваучерге өткөрөбүз-жаңы атаандаш мектептер ачылат, ал эми ваучерди баардык балдар, анын ичинде жеке мектептегилер да алат. Электрондук карталар жана IP-камералар ата-энелерге балдарынын сабакка катышкандыгы жана коопсуздугу тууралуу маалыматтарды алууга мумкүндүк берет. 
  • Мектеп окуучулары үчүн ийримдерди кенен тандоо мүмкүнчүлүгү– Профессионалдуу англис тил жана программалоо класстары ачылат. Мектептерге жыл бою  жаңы ийримдерди ачууга стимулдар берилет.
  • Шаар боюнча дагы көп бала бакчалар– оптималдаштыруудан кийин муниципалитет жайгашкан имараттар менен курулуштар бала бакчалар жана балдар ийримдери үчүн МЖӨ принциби боюнча бошотулуп берилет.
  • Жеткиликтүү медициналык тейлөө Тез жардам кызматын  ыкчам  кылабыз-  шаар боюнча дагы үч жаңы мобилдүү тез жардам станциясын  ишке киргизип,  алардын бюджетин кеңейтебиз, жеке кызматтарга социалдык буйрутма киргизебиз.     Жаңы оорукана жана поликлиника салуучуларга жер тилеси бекер берилет. Кары-картаңдар үчүн патронаждык  медицина кызматын  киргизебиз. 

ШААРДЫКТАРГА СҮЙҮҮ МЕНЕН

«МЕНИН БИШКЕГИМ»

Бишкек –бул баардыгы чоң сүйүү менен жасалган   республика  борбору! Үйлөр, кварталдар  жана  жолдор  өзгөрүп, ал эми шаардыктарга керектүү бардык маалыматтар  кол алдында болот!  Бул   маданияттын борбору, ыңгайлуу жана  өз жан дүйнөсү ,  кызыктуу тарыхы бар  шаар !  

  • Телефондогу шаар. “Менин Бишкегим” аталышындагы мобилдүү тиркеме баардыгын чечет-жол киреге, газга, жарыкка , таза суу менен жылуулукка төлөм жүргүзө аласыз, керек болсо таштандыга качан жана канча төгөөрүңүзгө чейин айтып берет. Суунун сапатын, абанын тазалыгын, коммуналдык ызматтардын маалыматтарын ушул тиркеме кабарлайт. Мектепке, бала бакчага, клиника менен курстарга да ушул жерден жазыласыз. Шаардын мекемелеринде кезек күтүү, справка чогултуу, эсеп ачуу деген мындан ары болбойт!
  • Кагазсыз шаар. Баардык шаардык кызматтар ошол тиркемеде болот. Арыз-даттанууларга, суроолорго жана түрткү берүүчү гранттарга , арыздарга 24 саат бою түз байланышып, жооп ала аласыз. Жоголгон документтерди издөө, кварталга  (домкомдор, ТСЖ) жооптуулар баардыгы ушул жерде болот, эч кайда убара болуп кереги жок. Музей, теартрларга жазылуу, кезек алуу да кол телефонуңузда!
  • Жандуу  шаар.   Муктаж  үй-бүлөөлөргө даректүү жардам!  Баш-аламан соода-сатыкка каршы күрөш соодагерлерге муниципиалдык дүкөнчөлөрдү ачуу менен алмаштырылат. Азык-түлүккө жеткиликтүү баалар!
  • Тарыхы бар шаар. Борбордо туристтер кызыга турган эч нерсе жок экени чындык. Андыктан, тарыхый-маданий объектерди ачып, жол көрсөткүчтөрүн орнотобуз, веложолдор, жарманкелер жана арт-перформанстар үчүн зоналарды ачабыз. Баардык аталыштар, көрсөтмө белгилер бирдей бренддин алкагында жана дизайн код менен жасалат.
  • Шаардыктардын шаары. Башкы  менен деталдуу пландоо долбоору (ДДП) интерактивдик онлайн-картада! Ар бир аянт ээлик кылуучу формасы менен болот, кайсы жерде бала бакча, кайсы жерде мектеп, парк, жол экени көрсөтүлүп турат. Баардык курулуш объектилери жана алардан шаар канча киреше табаары ачык көрсөтүлүп, эки ай сайын баалардын өскөнү же төмөндөгөнү ачыкталып турат. Муниципиалдык жерлерге аудит жүргүзүлөт жана жер сатууга  коррупциялык аракеттерди жок кылууга жана коомдук көзөмөл киргизилгенге  чейин  тыюу салынат.  Баардык  иш-аракеттер  “”Бишкек шаарынын стратегиясы-2050” концепциясынын алкагында жүрөт.

ЖАҢЫ КОНУШ

БИШКЕКТИН ЖҮРӨГҮ

Отуз жыл бою жаңы конуштар Бишкек шаары үчүн приоритет болбой келди. 600 миң жашоочусу бар  48 жаңы конуш азыркыга чейин өзү менен өзү. Бул аймактарда жергиликтүү калкты бала бакча, мектеп, балдар ойной турган аянт, таза суу,  канализация, электр энергиясы, тротуар, жол көйгөйү кыйнап келет. Эң  негизгиси – жумушсуздук күч. 

  • Таза суу. Жаңы конуштардын баардыгын жана ар бир үйдү таза суу менен камсыздоо- инфекциялык жана башка оорулардан айыктырууга караганда арзан! Андыктан, таза суу менен канализацияны ар бир конушка жеткирүүгө жетишебиз!
  • Чаң-топураксыз жөө жүрүү. Биз өзүбүз жаңы конушта жашайбыз жана биздин балдар дүкөнгө кийимин булгап, бут кийимин суу кылбай барып келиши чанда. Биз негизги басымды-заманбап, жарыктандырылган тротуарларды курууга жасайбыз!
  • Балдар үчүн аянтча. Балдар короодон сыртка чыкпайт, анткени, көчөдө ойной турган жер жок. Парк салуу пландалган жердин  баары сатылып кеткен. Андыктан, балдар үчүн аянтчаларды сатып алсак дагы-биз коопсуз,  жашылдандырылган  аянтчаларды курабыз!
  • Жеткиликтүү бала бакча. Шаардын башка райондоруна караганда жаңы конуштардагы үй-бүлөөлөрдө балдар көп. Бирок, алар үчүн бала бакчалар жетишпейт. Ар бир бөбөк бала бакчага барышы керек- программасын ишке киргизебиз!
  • Мектеп автобустары. Мектеп үйгө жакын болушу керек жана окуучулардын коопсуздугу  үчүн мектеп автобустары ишке киргизилет.  
  • Талаштуу жер тилкелери болбойт. Баардык участокторго ревизия жүргүзүлүп, алар картага бекитилет. Жер тилкелеринин  так, даана чийилиши-талаштарга чекит коет!
  • Жаңы конуштарды толук газдаштыруу. Жаңы конуштардын жашоочулары үчүн газга жеңилдетилген төлөмдөр! Ар бир үйгө жылуулук жана ыңгайлуулук!
  • Каттоо маанилүү эмес. Жаңы конуштун ар бир тургуну, эгер анын каттоосу болбосо дагы- шаардын жашоочусу. Ага шаарда кайда барбасын билим берүү менен саламаттыкты сактоо жеткиликтүү болууга тийиш!
  • Үйгө жакын жумуш. Жаңы конуштарда иш алып барган цехтер, мекемелер, жана кеңселер жергиликтүү  салыктардан бошотулат!

РЕСПУБЛИКА ЧЕЧЕТ!

Программанын ар бир пункту кылдат такталып жазылган жана ишке ашырылат. Андагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу “Республика” партиясынын колунан келет. Себеби, биз муну ишибиз  менен  далилдей  алдык. “Республика” партиясы коопсуздук, ыңгайлуулук жана шаардыктардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү багытында күрөшүүдө бай тарыхка ээ. 

Биздин Бишкек шаары үчүн акыркы 5 жылда  аткарган иштер:

  • КООПСУЗ ШААР. “Коопсуз шаар” долбоорунун эсебинен шаарда жол кырсыктары 40%га кыскарды. Биз айрым көчөлөргө видеокамераларды орнотууну каржыладык!
  • ЫЛДАМ ТЕЗ ЖАРДАМ. Биз Бишкектеги тез жардам станциясы үчүн маалыматтык программаны иштеп чыгууну жана киргизүүнү каржыладык. Бул Тез жардам кызматынын бейтапка жетүү убактысын кыскартты!
  • ЖАШЫЛ БИШКЕК. Бишкек Шаардык Кеңешинин “Республика” фракциясынын депутаттары тарабынан демилгеленген Жашыл Шаар Кодексинин негизинде борбордо ири парктар ачылды!
  • ЖОЛ БАЙЛАНЫШТАРЫ «Республика» партиясы жол байланыштарын жакшыртуу, веложолдорду ачуу жана курууну демилгелеп, натыйжада Ахунбаев, Лев Толстой, Некрасов, Гагарин жана Сыдыгалиев көчөлөрүндө веложолдор ачылып, тратуарлар кеңейтилди.
  • ЖЕТКИЛИКТҮҮ МЕКТЕП. «Республика» шаардык мектептерге кошумча имараттарды курууну демилгелөө менен окуучулар үчүн орундарды көбөйтүүгө жетишти!
  • ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК-ЖАЙ. «Республика» Муниципиалдык ипотекалык программаны кабыл алууга жетишти. Эми шаардагы мектептер менен бейтапканаларда эмгектенген мугалимдер жана  медайымдар 10 жылдан 15 жылга чейин үстөк пайызсыз ипотекалык насыя ала алышат!
  • ДАРЕКТҮҮ ЖАРДАМ. «Республика» фракциясы 2018-жылы аз камсыз үй-бүлөөлөргө акчалай жардам берүү системасын киргизүүгө жетишкен. Ага чейин көмүр түрүндө жардам алып келген үй-бүлөөлөр акча түрүндө даректүү жардам алууга мүмкүнчүлүк алышкан.