Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Социал-демократтар" саясий партиясы

"Таза Бишкек"

"Социал-демократтар" партиясынын Бишкек үчүн шайлоо алдындагы программасы 

Бишкек бүгүнкү күнү мегаполиске айланып, тездик менен өнүгүп жаткан шаарлардын катарына кирди. Ошол эле учурда, ал өзүнүн тез өсүшү менен шартталган көптөгөн көйгөйлөргө туш болууда. Бул  транспорттук, экологиялык жана башка маселелер.

Акыркы жылдары мэрия жана Бишкек шаардык кеңеши комплекстүү, стратегиялык чечимдерди сунуш кылган эмес, алар эски кийимдин гана тешиктерин бүтөп келишет.

Биз, Кыргызстандын социал-демократтары, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө иштеп жаткан идеологиянын негизинде иштейбиз, анын негизинде эки принцип жатат:

- карапайым адамдарга дайыма кам көргөн жана аларга олуттуу социалдык кепилдиктерди берген социалдык мамлекетти куруу.

- демократияны, башкача айтканда элдин бийлигин кеңейтүү, демократиялык механизмдерди пайдалануу менен бардык көйгөйлөрдү чечүү.

Ушуга таянып, биз Кыргызстандын борборуна реалдуу реформалардын төмөнкү планын сунуштайбыз.

Шаардык башкаруу чөйрөсүндө:

- Биз шаардын мэрин түз шайлоого жетишебиз. Бишкектиктер бүгүнкү күндө билимдүү  жана саясий тажрыйбанын жогорку деңгээлине ээ, алар шаар башчысын түздөн-түз шайлоого татыктуу.

- "Түз демократия". Бул эрежени киргизсек, ага ылайык атайын порталда  шаардыктардын 5000 добушуна ээ болгон ар кандай демилге сөзсүз түрдө Бишкек шаардык кеңештин кароосуна чыгарылат.

Мындай демилге мурда КСДП партиясы тарабынан сунуш кылынган, бирок Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан четке кагылган, анткени алардын "санариптик сабаттуулугү" төмөн: заманбап технологиялар Интернет пайдалануучуну так идентификациялоого жөндөмдүү экенин алар түшүнүшкөн жок.

Мындан тышкары,"түз демократиянын" ыкмалары шаардык саясаттын негизги маселелери боюнча санариптик референдумдарды өткөрүүгө шарт түзөт.

- мэриянын, райондук акимиаттардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын ы бири-бирин кайталаган функцияларын кыскартуу, башкаруу системасындагы арткбаш звенолорду жоюу - администрациялык райондордун жана МТУлардын функцияларын  калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) өткөрүп берүү. Мунун эсебинен бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу жана үнөмдүү чыгымдоо.

- "Акылдуу шаар". 4 жыл мурда социал-демократтар тарабынан сунушталып, ал боюнча шаардык кызмат көрсөтүү (коммуналдык чарба, транспорт, жарыктандыруу ж. б.) санариптик башкарууга негизделген эле. Аны "Коопсуз шаар" долбоору менен алмаштырышып, ал болсо чет өлкөгө акчаларды чыгаруунун  куралына айланып, коррупцияга батты. Биз, өз IT-адистерибизди колдонуу менен бул терс көрүнүштөргө бөгөт коюп, "Акылдуу шаар" долбоорун ишке киргизебиз. Белгилей кетчү нерсе, "Коопсуз шаар" боюнча инвесторлор менен келишим 5 жылга түзүлгөн, андан соң инвестор Кыргыз тарапка техникалык базасын өткөрүп берип, кетип калышы керек.

Шаар өзүнөн өзү эле Кыргызстандын IT-адистерин пайдалануу менен, коррупциясыз, капитал менен жана маалыматтардын чет өлкөгө агып кетпей иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга даярдануу бүгүн керек.

Ошондой эле калк жыш жайгашкан кварталдарда "Коопсуз короо" программасын киргизүүнү сунуштайбыз.

Шаардык бюджет чөйрөсүндө:

Бишкекке "Өнүгүүнүн бюджетин" түзүү зарыл, башкача айтканда, ал каражаттарды күнүмдүк чыгымдарга гана жмшабастан, шаарды өнүктүрүүчү долбоорлорго да жумшашы керек. Аны бир катар булактардын эсебинен түзүүгө болот:

- Эгер зарыл болсо соттук териштирүү аркылуу болсо да Өкмөт менен мэриянын ортосунда ыйгарым укуктардын так өлнүшүнө жетишүү зарыл. Бишкектин бюджети республикалык бюджетти каржылаганга милдеттүү болгон ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоого аргасыз болгондуктан, шаар өздөрү чогулткан кирешенин олуттуу бөлүгүн жоготуп жатат. Мисалы, Бишкек бюджети билим берүүгө кеткен чыгымдарды республиканын бюджетинен компенсациялабастан каржылаган өлкөдөгү жалгыз шаар болуп саналат. Бул тажрыйба токтошу керек.

- Муниципалдык менчикти пайдалануу менен муниципалдык-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү. Атап айтсак, биз Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна дагы бир административдик имараттын курулушуна каршыбыз.  Анын ордуна Бишкек ал жер участогун инвестициялоо аркылуу Жогорку технологиялардын паркы менен биргелешип, кирешелүү жана экологиялык таза ишкананы түзүү долбооруна жумшай алмак.

- Шаардын натыйжасыз пайдаланылган өнөр жай зоналарын шаардын жыргалчылыгы үчүн пайдалануу. Бизнестин да, шаардын да кызыкчылыктарын эске алуу менен өнөр-жай зоналарынын комплекстүү реновациялоо долбоорлору зарыл.

- СИЗО-1 (жер аянты 5 га) мекемесин шаардын сыртына көчүрүү пландалат.

- Салык органдары менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу. Шаарга жеке салык органдарын түзүү албетте кереги жок, бирок шаардык бюджеттин пайдасына салык салынууга тийиш болгон объекттерди жана ишканаларды аныктоо жагында мамлекеттик салык кызматы менен кызматташуу өтө пайдалуу болот.

Шаардык инфраструктура чөйрөсүндө:

- Бишкек шаарынын коммуналдык тармактары 80% дан ашык өз ресурсун коротту, аларды масштабдуу реконструкциялоого каражат топтоо үчүн фонд түзүү зарыл;

- Суу маселесин чечүү. Акыркы жылдары Бишкек күтүүсүздөн иче турган суу менен камсыз кылууга байланыштуу катуу каатчылыкка туш болот. 15 жыл мурда жер астында 40 метр тереңдикте жайгашкан суулуу горизонтторду колдонгон болсо, азыр алар 150-250 метр тереңдикте! Түтүктөрдө суунун басымы төмөндөп жатат.

Шаар үчүн Ысык-Ата районундагы жаңы суулуу горизонтторду өздөштүрүүгө убакыт жетти. Генпланда ушул жөнүндө айтылган, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес жана каражат булагы аныкталган эмес. Бул мүмкүн болушу үчүн, жок дегенде             2025-жылга карата азыр иштеп, инфраструктураны түзүү керек. Болбосо, бир нече жыл өткөндөн кийин биз иче турган суу жок калат.

Мындан тышкары, азыр суу жүгүртүү системасын киргизип, сууну сактоо керек. Социал – демократтар суу ресурстарына аяр мамиле кылуу маселесинде коомдук тилектештикти жаратуу максатында "Таза суу" социалдык жарнагын киргизүүнү пландаштырып жатышат.

- Абанын блганышына каршы күрөшүү чөйрөсүндө  биздин жооп - жеке менчик курулуштарды газификациялоо менен жылытууга экологиялык эмес отунду колдонгону үчүн санкцияларды киргизүү. Коомдук мончолордун жана сауналардын ээлери газды же электр энергиясын колдонууга өтүүсү зарыл.

- Биз Бишкекти жашылдандырууну өнүктүрөбүз, шаардын сейил бактарына мыйзамсыз курулуштар менен сот аркылуу күрөш жүргөбүз. Парктык зоналардагы мыйзамсыз курулуштар бузулууга тийиш. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бир тургунуна жашыл бак-дарактардын өлчөмү белгиленген нормативден 4 эсе аз.

- Коомдук транспорт чөйрөсүндө контролду күчөтүү. Биз коомдк транспортто жүргүнчүлөр үчүн дагы ыңгайлуу жана коопсуз боло турган шартта гана жол кире тарифтерин көбөйтүүнү бекитебиз.

Биз катардагы айдоочулардын мыйзамдуу укуктарын коргоого даярбыз, бирок биз "маршрут мафиясына" кескин каршы болобуз - алар ири транспорт каражаттарынын ээлери болуп, техникалык кызмат көрсөтүү, экология жана коопсуздуктан үнөмдөп, ашыра пайда таап, бүгүн Бишкекте ачык дагы, көрүнбөй дагы транспорт рыногун көзөмөлдөп  турушат.

Эстакадага караганда жер астындагы өтмөктөрдү куруу бир кыйла арзан, шаардык автомобиль кыймылын санариптик башкаруу системасын ишке киргизүү керек.

-  Курулуштар  Генплан менен ПДПга ылайык болушуна көзөмөлдү күчөтүү.

- Биз муниципалдык жерлере мыйзамсыз көп квартиралуу үйлөрдү курушуп, аны сатышкан "кара" үй куруучларды бул жерлерди рыноктук баа боюнча муниципалдык жерлерди сатып алышын милдеттендиребиз!

- Муниципалдык-жеке өнөктөштүк менен турак жай курууга уруксат берүүдө социалдык чектөө системасын киргизебиз: курулуучу батирлердин бир бөлүгүн шаарга берүү шарты менен мэрия жер участокторун берет; ошентип, батирлер шаардык жеңилдик алгандарга бериле баштайт.

-Жаңы көрүстөнүнө жер бөлүп берүү маселесин чечүү, түштүк-батыш көрүстөнү көптөн бери өзүнүн жер үлүшүн түгөткөн.

- Шаарды жашылдандыруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Бишкек шаарынын парктарында жана башка жашыл зоналарында бардык мыйзамсыз курулуштарды бузууга иштерин жүргүзүү.

Жарандарды социалдык коргоо чөйрөсүндө:

Шаардын бюджетинде кошумча финансылык мүмкүнчүлүктөр пайда болсо, Бишкек шаарынын социалдык-аялуу катмарларына тиешелүү тургундары үчүн кошумча жеңилдиктер системасын уюштуруу үчүн чыгуудабыз. Муктаж болгондор жеңилдетилген азык-түлүк товарларына, дары-дармектерге, балдар товарларына жетүүгө тийиш. Бул үчүн мэрия соода ишканалары менен келишим түзөт, алар бул жеңилдиктерди бергендиги үчүн мэриядан салык жеңилдиктерин алышат.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдында аялдарга жардам берүүчү кризистик борборду түзүү пландаштырылууда. Ал оор турмуштук жагдайга туш болгон аялдарга жардам берүүгө багытталат.

Шаардык жеңилдиктер жана даректүү социалдык колдоо чөйрөсүндө бишкекчан "Социалдык картаны" киргизүү сунушталат, мында башка өлкөлөрдүн үлгүсүн пайдлансак болот, мисалы, Орусия.  "Социалдык карта" жеңилдиктерди берүү маселесинде тартипти орнотууга жардам берет.

- Бул картаны коомдук транспортто, пенсионерлерге жеңилдетилген жолдо жүрүү үчүн төлөөгө болот. Ошондой эле күндүзгү окутуучу студенттерге жеңилдетилген жол кирүүлөр да киргизилет.

- мэрия макулдашуу түзгөн социалдык дүкөндөрдө бир катар товарларды сатып алууда жеңилдиктерди алуу, жеңилдетилген баада дары-дармектерди алуу.

- башка шаардык кызматтарды алууга.

Анын жардамы менен пенсионерлер,  ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, мектеп окуучулары, толук убакыт окуган студенттер, социалдык кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, ошондой эле Бишкекте каттоосу бар аялуу категориядагы адамдар үчүн шаардык жеңилдиктер программалары ишке ашырылат.

Ошондой эле аталган кызматтан кадрлардын кетишин токтотуу үчүн шаардык "Тез жардам" медициналык жардам программасын кабыл алуу жана ишке киргизүү зарыл деп эсептейбиз.

- Бишкек шаарынын кыйла жагымдуу экологиялык шарттары бар сыртында ири бирдиктүү медициналык борбордун курулушу пландаштырылууда. Бул болсо  туберкулез диспансери менен инфекциялык оорукананы шаардын борборунан алып чыгууга мүмкүндүк берет.

Шаардык колдоо көрсөтүү чараларынын толук тизмеси шаардык бюджеттин көбөйүшүнө жараша Бишкек шаардык кеңеши тарабынан жыл сайын такталууга жана кеңейтилүүгө тийиш.

Маданият жана билим берүү чөйрөсүндө:

- Шаардык бюджеттин атайын программасынын эсебинен мектеп окуучуларына 30га жакын шаардык музейлердин ар бирине барууга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштайбыз.

- Мамлекеттик тарых музейин ачуу. Азыркыга чейин музейдин жабык турушу - бул жөн гана зыянкечтик.

- Мектептен тышкаркы билим берүү жана балдарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо уюмдарына системалуу түрдө жардам көрсөтүү.

- Шаардык театрлар менен кызматташтыкты өнүктүрүү. Шаардык иш-чараларга театралдык жамааттарды тартуу театрларга кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк берет. Социалдык жактан аялуу категориялар үчүн (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, пенсионерлер ж.б.) шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик театрларга алар үчүн жеңилдетилген же акысыз билеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн уюштуруу.

Жаштар саясаты чөйрөсүндө:

- Жаштар арасында жумушсуздукту кыскартуу үчүн жаштарды кесиптик багыттоонун шаардык системасын өркүндөтүү. Бишкек мэриясы жаштарга окуу мезгилинде дагы жумуш ордун табууга жардам бериши керек.

-Жаштар менен иш жүргүзгөн (спорттук, аскердик-патриоттук, маданий жана башка багыттагы) коомдук бирикмелерди колдоого алуу.

- Өзгөчө маанилүү кесиптерге жаштарды үйрөтүүчү мектептерди жана курстарды уюштуруп турууга.

- Бишкек шаарынын мэриясынын алдында Бишкек жаштар бизнес-инкубаторун түзүү, ал жаш ишкерлердин долбоорлорун колдоо менен иштейт: иштеп чыгуудан рынокко чыкканга чейин. Бизнес-инкубатордун ишин Кыргызстанда өнүктүрүү фонддорунун иши менен айкалыштыруу пландалууда.

- Шаардык гранттардын эсебинен жаштардын волонтерлук долбоорлорун колдоо.

Спортту өнүктүрүү чөйрөсүндө:

- Короолордо спорттук жана тренажердик аянтчалардын санын көбөйтүү программасын кабыл алуу менен массалык дене тарбия тармагын өнүктүрүүгө басым жасоо, шаардын ар бир тургуну үчүн бул инфраструктура жөө басып жеткидей аралыкта болушу керек.

- Бишкекте спортту өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүү үчүн спорттун федерацияларынын бирикмелеринин бирдиктүү ассоциацияга бириктирүү.

-Кожомкул атындагы спорт сарайын реконструкциялоо.

Биз билебиз, эмне кылыш керек, жана кантип жасоо керек!

Чечкиндүү кадамдар үчүн убакыт келди. Шаар реалдуу, ишке аша турган, саясаты келечектүү багытты тандоого тийиш.

Социал-демократтар бишкектиктердин жыргалчылыгы үчүн энергиясын жана билимин жумшоого даяр!