Кыскача программа:

БИШКЕК – БИРИМДИКТИН, ӨНҮГҮҮНҮН

ЖАНА МЫЙЗАМДУУЛУКТУН ШААРЫ!”

Бишкекти биз:

  • Абасы таза, кооз шаар!
  • Транспорттук тыгындары жок заманбап шаар!
  • Балдарыбызды тарбиялап, өстүргүбүз келген ыңгайлуу, жайлуу шаар!
  • Барктуу иштеп, окуган ийгиликтүү шаар!
  • Туристтерге жана конокторго ар дайым кубанган меймандос шаар!
  • Мыйзам жана тартип башкы орунда болгон адилеттүү шаар!
  • Чындап жашагың келген сүйүктүү шаар – катары көргүбүз келет!

Биз өз күчүбүзгө ишенебиз, биз шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун да билебиз! Борборубузду гүлдөгөн шаарга айландырууга биздин билимибиз дагы, тажрыйбабыз дагы жетиштүү. Биздин милдетибиз мына ушул!

Биздин приоритеттер

  • Шаарды жакшыртуу
  • Шаарды социалдык-маданий жактан өнүктүрүү
  • Экологиялык коопсуздукту камсыздоо
  • Шаардык экономиканы өнүктүрүү

Биздин саясий партиянын позициясы «Бишкек – Биримдүүлүктүн, Өнүгүүнүн жана Мыйзамдуулуктун шаары!» - деп аталган концептуалдык тезиске негизделген.

Биз – баардык аракеттерибизди дал ушул багытка топтоштурдук!

Биз – профессионалдардын жана пикирлештердин командасыбыз!

Биз – Силердин колдооңорго ишенебиз!