“Ак Бата” саясий партиясынын программасынын шайлоо алдындагы программасы

Шаарыбыздын ишеничтүү командага тапшыралы

МАЗМУНУ:

  1. Киришүү
  2. Учурдагы абал
  3. Бишкектин кандай болушун каалайбыз
  4. Программаны ишке ашыруу
  5. Корутунду

Киришүү

Урматтуу шаардыктар!

Бүгүн борбор шаарыбыздын көйгөйлөрү мурда болуп көрбөгөндөй курч коюлуп турат, алар кечээ чечилиши керек болчу! Шаар – биз жашап турган чөйрө, анда биз жашап, балдарыбызды тарбиялап, эс алып жатабыз. Ошондуктан шаарга ылайыкташууга аракет кылабыз. Бишкек бүгүн биз каалап жашагыбыз келген жер эместигин көрүп турабыз.  Адамдар айлана - чөйрөгө ыңгайлашпашы керек, тескерисинче, айлана - чөйрө адамдарга кызмат кылуусу керек!

Шаарды декларативдүү түрдө гана анын жашоочулары башкарышат, буга карабастан биздин добуштар эч нерсе чечпейт. Бирок мындай абалды өзгөртүүгө болот.

Биз программабызда сиздер менен чогуу баса турган, өзүбүз жана балдарыбыздын жашоосу үчүн жагымдуу шарт түзө турган жолду айтып беребиз.

Учурдагы кырдаал

Учурдагы кырдаалды кеңири баяндоонун зарылдыгы жок,  анткени ар бирибиз шаарды өнүктүрүүдө чоң кемчиликтер, өксүктөр жана көйгөйлөр бар экендигине көрүп келе жатабыз. Азыр борбордо жашоо - бул жагымсыз чөйрөдө жашоо үчүн күрөшүү, эс алуу жайларын, жөө жүрүүчүлөр үчүн шарттар жөнүндө айтпай койсок да болот. Балдарын коляскаларда сүйрөп жүргөн жөө адамдар үчүн, же ден соолугунан кемтилгеси бар жөө жүрүүчүлөр үчүн шаарды кыдыруу өзүнчө эле азап. Коомдук унаалардын, айлана - чөйрөнүн жана абанын булганышы, шаарды каптаган ыш, башаламан курулуштар - ушул сыяктуу проблемаларды дароо санап чыгуу мүмкүн да эмес.

Азыркы замандагы шаарлаштыруу жана Бишкек шаары – булар бири - биринен ат чабым алыс турган түшүнүк жана көрүнүш болгондуктан, компетентсиз жана башаламан башкарууга алып келүүдө. Проблемаларды чечүүдө пландуу жана илимий мамиле жоктуктан улам, борбордун өнүгүшүнүн сенек абалда калышына алып келди.

Бул проблемалардын бардыгы пассивдүү шайлоочулар аркылуу тереңдеп келген, бирок акыркы жылдардагы окуялар бишкектиктердин нааразылыгы чегине жеткенин көрсөтүп, алар кырдаалды өзгөртүү үчүн митингдерге жана нааразычылык акцияларына чыгууга даяр экендигин көрсөттү. Жарандык активдүүлүк кандай гана формада болбосун, кадимки демократиялык өлкөдө кубатталат жана Кыргызстан өзүн демократиялык өлкө катары көрсөтүп жаткандыктан, мындай проблемалар актуалдуу жана мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Биз жарандык активдүүлүктүн эң мыкты формасы шайлоолор деп эсептейбиз. Бир гана көпчүлүк шайлоочулар катышкан таза шайлоолор гана өзүлөрү шайлаган өкүлдөрү аркылуу эл бийлигине алып келет. Ошондуктан биздин максат - бул процесске бишкектиктерди максималдуу тартуу.

Жогоруда айтылгандардын негизинде биз программабызды иштеп чыктык.

Биз Бишкектин кандай болушун каалайбыз?

Сиз Бишкекти кандайча көрүп, борбор шаар кандай болсо деп ойлойсуз?  Жөн гана бир аз көз ирмемге элестетип көрсөңүз. Сиз шаардын азыркы абалын көрүп жатасызбы? Көргөнүңүз өзүңүзгө жаккан жок, чынбы? Эми аны кандайча көргүңүз келерин элестетип көрсөңүз...

Биз сиздердин алдыңыздарга борборду кандай көрө турганыбызды алып чыгалы.  

Кенен, таза тротуарлар, топурак менен кирге булганбаган газондор. Таза  жана аз сандагы  унаалар. Унааларга мүмкүн болгон экологиялык талаптар максималдуу коюлуп, шаардын саясаты жалпысынан экологиялык таза унааларды колдойт. Артыкчылык коомдук унааларга берилет, жеке унаалар бара-бара коомдук унааларга, же таксилердин экологиялык түрлөрүнө алмаштырылат.

Унаалар тутумуна жүктөмдөрдү азайтуу үчүн, “акылдуу жолдорду” куруу жана  жол түйүндөрүн куруу иштери да жүргүзүлүп, булар унаалардын ылдам жүрүшүнө өбөлгө түзөт. Унаалардын бат жүрүшү зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтат. Жекече унаалар үчүн жеке ишкерлер менен биргеликте шаардын бардык аймактарында жер алдындагы жана көп баскычтуу унаа токтотуучу жайлар курулат. Көчөлөрдү бойлой жана короолордо унааларды токтотуу эл аралык стандарттарга шайкеш келип, шаардын борборунда унаа токтотуу жеке унаасы барлар үчүн кымбат болушу керек. Автоматташтырылган “акылдуу” паркинг киргизилиши керек. Шаардын борборуна белгилүү бир алгоритм боюнча мисалы, так сандуу – жуп сандуу номер боюнча унаа каттамы жөнгө салынганы талапка ылайык.

Парктардын, эс алуучу жайлардын, жашылданган аралчалардын саны өсүүдө, аллеялар жана бульварлар төшөлүүдө, иштеп жаткан жашыл аянтчалар жана зоналар кайрадан калыбына келтирилүүдө. Чоң кабаттуу үйлөрдүн короолору жашылдандырылып, балдардын жана спорттук аянтчалары көбөйүп жатат. Алар ар бир короодо болушу керек. Шаардык жана райондук скейт-парктар, тректер, аскага чыгуучу жайларды да куруу зарыл. Шаарды жашылдандыруу горизонталдуу да, вертикалдуу да баскычта жүргүзүлүшү керек. Ошого карата ирригациялык тармак жаңыланып, өнүктүрүлөт.

Курулуштар Деталдуу пландаштыруу долбоору (ДПД) боюнча жүргүзүлөт, шаардын архитектуралык келбети бирдиктүү стандарттарга келтирилип, курулуштар бир аймакта да, башка бир райондун ичинде бирдиктүү архитектуралык ансамбль болот. Курулуштарда айлана - чөйрөгө болгон антропогендик фактор, аэрация жана табигый аба агымы эске алынат.

Бул кол жеткис кыял же жомок эмес, бардыгы сиз менен биздин колубузда! Сиздер – шаардыктар ушундай өзгөрүүлөргө жана алар үчүн күрөшүүгө эбактан бери даярсыз, эми ушул күрөш дал азыр башталып жатат! Биз ушул максаттарды сиздин жаныңызда болуп, сиз үчүн аткарууга даярбыз. Биз сиздерге курал болуп берели, а сиздер биздин жумуш берүүчүбүзсүңөр. Биз кызмат орундар үчүн эмес, сиздерге жана шаарга кызмат кылуу үчүн баратабыз!

Программаны ишке ашыруу чаралары

Биздин алдыдагы милдеттерди ишке ашыруу үчүн шаардык кеңештин жана аткаруу органынын  компетенциясында да мыйзамдык чектөөлөр бар экендигин эске алуу керек. Бирок система депутаттарды шайлоого жол берет, алар өз кезегинде Бишкек шаарынын мэрин шайлашат.

Биз дароо ачык эле өзүбүздүн максаттарды жарыялайбыз:

  1. Шайлоочулар менен кийин дагы туруктуу байланышта болууга милдеттенген депутаттарды көрсөтүү. Шайлоочуларды программаларды жана пландарды коомдук талкуулоого чакыруу жана жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүү.
  2. Алдыда айтылган пунктка жана мыйзамдарга таянып, өнүгүү программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга олуттуу көзөмөлдү камсыз кылуу. Аткаруу органдарынын жетекчилеринин отчетторун дайыма угуп, алардын ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү.
  3. Жер-жерлерде депутаттардын коомдук кабылдамаларын ачууну жана кабыл алуу күндөрүн уюштуруу милдетин алабыз.
  4. Бишкек шаарынын мэрлигине башкаруу тажрыйбасы мол Нариман Түлеевди шайлайбыз.
  5. Мэр жана мэрия менен тыгыз кызматташтыкта ишке аша турган программаларды иштеп чыгууну баштайбыз.

Негизги багыттар төмөнкүлөр болушу керек:

  1. Шаарды курууну экологиялык ченемдер жана эстетика боюнча артыкчылыктуу багыттар менен тартипке келтирүү программасы. Бул программа курулушка жаңы заманбап стандарттарды киргизүү үчүн зарыл. Анын негизги пункттары Бишкек шаары үчүн ченемдик документтерди иштеп чыгууга басым жасоо жана республикалык деңгээлдеги мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат. Жаңы салынуучу үйлөрдө энергияны үнөмдөөчү технологиялар, жылуулук рекуператорлору, суу жылытуу, жылуулук берүү жана автономдуу энергия менен жабдуу үчүн күн батареялары колдонулушу керек. Кыргызстанда күн тийген мезгилдин көптүгүнө байланыштуу күндүн акысыз энергиясын колдонбосок, күнөө өзүбүздө болот.
  2. Турак - жай фондусун, лифт чарбаларын жана коммуникацияларды жаңыртуу программасы. Эскирген турак – жайлардын, фасаддарды оңдоо жана коммуникацияларды жаңыртуу үчүн өз ара иштешүү механизмин жана гранттык программаларды иштеп чыгуу зарыл. Жылуулуктун жоготулушун азайтуу боюнча олуттуу иштерди жүргүзүү да абдан керек.
  3. Мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди куруу жана жаңыртуу программасы. Иштеп жаткан мектептерге жүктөмдөр абдан чоң, шаардын борборундагы мектептер абдан эскирген же долбоордук кубаттуулугу төмөн. Борбордогу мектептер үчүн капиталдык оңдоолор жана жаңы имараттарды пайдаланууга берүү маселесин иштеп чыгуу керек. Алардын айрым аянттары көбүнчө майнапсыз колдонулат, бул жагдай жаңы имарат курууга жана кубаттуулукту кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мектепке чейинки мекемелерде да жагдай ушундай.
  4. Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды өнүктүрүү, жаңыртуу жана аларды шаарлаштыруу программасы. Жаңы конуштар шаардын чет жакасы, же шаардын “саман курчоосу” аталып калган. Шаардык тейлөө кызматтарына жетүүнүн жана ар түрдүү шарттардан улам, ортодо кандайдыр бир теңсиздик пайда болгон. Мындай болбошу керек. Жаңы конуштар жеке курулуштардын экологиялык жактан таза аймактарды өнүктүрүү потенциалын билдирет. Биз алардан жагымдуу, жашоого ыңгайлуу “жашыл курчоо” курушубуз керек. Бул үчүн инфраструктураны эң жогорку деңгээлге көтөрүү, эс алуу жайларын, сейил бактарын куруу, социалдык жана маданий объектилерди куруу талап кылынат. Жылытуудан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу үчүн жаңы конуштарды газдаштырып, ошондой эле жылуулукту жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды активдүү пайдалануу иштери күчөтүлөт.
  5. Коомдук унааларды өнүктүрүү жана жеке унааларды кыскартуу программасы. Бул багыттын маанилүүлүгү бардык шаардыктарга түшүнүктүү. Өнүккөн, ыңгайлуу жана экологиялык таза коомдук унаанын жардамы менен жеке унаалардын саны кыскарат жана абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнүн азайышы күтүлөт. Автопарктын өзүн өнүктүрүүгө басым коюлуп, анын рентабелдүүлүгү менен ачык иштешин жогорулатып, коомдук унаа үчүн өзүнчө тилкени бөлүүгө чейин артыкчылык берилет. Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясы Чүй облусу менен биргеликте айланма жолдун негизинде айлампа куруу демилгесин көтөрүп, бул долбоорду ишке ашырууга киришет. Бул долбоор унаа жүктөмүн кыйла азайтууга алып келет.
  6. Жашыл чарбачылыкты жана ирригацияны өнүктүрүү программасы. Шаарды жашылдандыруу анын жүзү, шаардыктар дем ала турган өпкөсү жана шаардын келечеги. Бул жерде көпкө түшүндүрө турган нерсе жок. Жашыл бак-дарактарды жана газондорду өстүрүү эстетикалык гана эмес, экологиялык мааниге да ээ. Жашылдандырылган участоктор шаардын жер кыртышынын эрозиясын жана шаарды чаң басуусун азайтат, башка да көп оң натыйжаларды алып келет.
  7. Турак - жай жана ипотека программасы. Дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин жана бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, ошондой эле катардагы шаардыктардын турак - жай көйгөйлөрүн чечүү небак бышып жетилген. Ипотекалык насыя программаларын үстөгү жок жана ушул категориядагы жарандар үчүн баштапкы төлөмсүз ишке киргизүү зарыл. Ушул категориялардагы жарандардын турак -жай көйгөйлөрүн чечүү артыкчылык берилген маселе болот.
  8. Жол куруу жана жолдордун трафигин ыңгайлуу жолго салуу программасы. Жолдорду жөн эле кеңейтүү жана куруу жол трафигинин начарлашына алып келип, зыяндуу заттардын чоң көлөмдө бөлүнүп чыгышына шарт түзөт. Дүйнөлүк тажрыйбада жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмүн кыскартпастан, жол кыймылын жөнгө салуунун кыйла натыйжалуу ыкмалары бар. Бишкек шаарына масштабдуу киргизүүгө боло турган тажрыйбаны изилдеп, аны ишке ашыруу керек. Бул трафикти көзөмөлдөө менен “акылдуу жол түйүндөрү” жана “акылдуу жолчырактары”. Бурулуштар үчүн “чөнтөктөрдү” жана каптал тилкелерди түзүү. Дүйнөлүк тажрыйбадан чоң чыгымдарды талап кылбаган көптөгөн ыкмаларды пайдаланууга болот.
  9. Экологиялык жеке унааларды (велосипеддер, электр менен жүрүүчү жол каражаттары жана электр скутерлер ж.б.) жана жөө жүрүүчүлөр зоналарын өнүктүрүү программасы. Жөө же велосипед менен (же самокат) шаарды аралап жүрүү абдан ыңгайлуу болуп, шаардыктарды тарта тургандай болушу керек. Чындыгында Бишкектин ичинде аралыктар абдан кыска - Ош базарынан ТЭЦке чейинки аралыкты бир саатта жөө басып өтсө болот! Жол системасын өнүктүрүү менен, жер алдындагы өтмөктөрдү, инфраструктурасы бар кенен жолдорду - отургучтарды, ичүүчү фонтандарды жигердүү куруп, аларды туруктуу тейлеп туруу зарыл.
  10. 10. Аз камсыз болгон жана калктын аярлуу катмарын колдоо программасы. Өз убагында биз “Муниципалдык нан бышыруучу жай” ачканбыз. Азыр да ушул долбоорду күчөтүп, пенсионерлерге жана начар камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз нан берүү үчүн өндүрүштүн бир бөлүгүн бюджеттен колдоо керек деп эсептейбиз. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоочу башка механизмдерди, ошондой эле мындай үй-бүлөлөрдүн жетиштүү жашоосунун жолдорун иштеп чыгуу абдан зарыл. Аларга балык эмес, балык кармоочу кайырмак керек.
  11. Бардык башкаруу процесстерине заманбап технологияларды киргизүү программасы. Санариптештирүү жөн гана ураан эмес, натыйжага жетишүү үчүн пландалган иш болушу зарыл. Заманбап шарттарда жаңы технологияларды киргизүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок, көптөгөн технологиялар дээрлик бекер жеткиликтүү, болгону максаттуу иш жок болууда. Өлкөдөгү көптөгөн IT компаниялар мындай процесстерге активдүү жана акысыз катышууга даяр, болгону өз ара аракеттенүүнү жолго коюп, иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек.

 Программалык иштерден тышкары, бүгүн эмес, кечээ аткарылышы керек болгон иштер бар:

  1. Таштанды төгүүчү жайга байланыштуу маселе, күйгөн таштандыны өчүрүп, аларды кайра иштетүүчү завод куруп, жерди кайра иштетүүнү жана рекультивациялоону баштоо керек. Таштандыларды бөлүүнү аларды кайра иштетүүнү активдүү киргизүү зарыл.
  2. Көчө, короо тазалоочулардын жумушун механикалаштыруу керек, алардын иштөө шарттары өтө оор жана кооптуу, натыйжалуулугу төмөн. Аларды тийиштүү техникалар, шаймандар менен камсыз кылып, бардык көчөлөрдү жана тротуарларды жууй турган машиналарды, “чаң соргуч” техникаларды кое бериш керек.
  3. Шаардык башкарууну жана административдик-аймактык бөлүнүүнү оптималдаштыруу, райондорду ирилештирүү жана алардын ыйгарым укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү милдети да курч турат. Түзүмдөрдү оптималдаштыруу жана иш-аракеттердин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин киргизүү менен, квалификациялуу адистерди тартууга, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга жол ачылат. Мындан тышкары, иштеп жаткан кызматкерлердин квалификациясын чет мамлекеттерде тажрыйба алмашуулар аркылуу дайыма өркүндөтүп туруу керек.
  4. Мугалимдерди жана дарыгерлерди колдоо талап кылынат. Билимсиз жана ден-соолуксуз мыкты келечекти куруу кыйын, ошондуктан бул тармактагы кызматкерлердин көйгөйлөрүн чечүү – биздин биринчи кезектеги милдет. Буга чейин мугалимдерди жана дарыгерлерди колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча төлөмдөр киргизилген, аларды жыл сайын колдоп туруу керек, биз мындай кошумча төлөмдөрдү жыл сайын 100% га көбөйтүүнү пландап жатабыз.
  5. Маданият жаатындагы абал да өтө кейиштүү. Эмгек акыны көтөрүү, жаңы жайларды ачуу менен дагы, эски жайларды кеңейтүү жана оңдоолор, керектүү аспаптарды жана инвентарларды сатып алуу менен мындай абалды түп-тамырынан өзгөртүү керек. Маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү маданиятты гана жайбаракат массага жеткириши абзел.

 Бүгүнкү күндө чечилиши керек болгон маселелер абдан көп жана алардын бардыгы токтоосуз ишке ашырыла баштайт. Мэр жума сайын отчетту шаар тургундарына жазуу түрүндө же брифинг же онлайн көрсөтүү түрүндө берет.

Бул программаны ишке ашыруу этап-этабы менен жүзөгө ашырылат. Алгачкы айларда укуктук-ченемдик базалар иштелип чыгып, реформалардын пайдубалы түптөлүп, аны менен бирге аларды ишке ашыруу башталат. Реалдуу пункттар жана аткаруу индикаторлору  шайлангандан бир квартал өткөн соң, көрсөтүлүшү зарыл.

Корутунду

Биз алдыбызга кыска убакыттын ичинде жетүүгө болбой тургандай зор максаттарды койдук. Бирок аларды ишке ашырууга киришүү менен биз системаны түптөйбүз, өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базасын бекитип, аларды ишке ашырууну баштайбыз. Убакыт өткөндөн кийин пайдубал үчүн калыптанган принциптер жана ченемдер да Бишкек шаарын келечекте системалуу түрдө өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошентип, Нариман Түлеевдин "Жаңыланган борбор" программасы өнүгүү багыттарын көрсөтүп, бирок реформаларды ишке ашыруу темпи, ал мэрликтен кеткенден кийин таптакыр башкача болгон. Бул жолу биз өзүбүзгө бийик максаттарды коюп жатабыз.

Биз экономикалык кырдаалды эске алып жатабыз, ошондуктан адегенде оңой болбойт. Ошондуктан борбордун бюджетин көбөйтүү, инвесторлорду тартуу, өнөктөш долбоорлорду өнүктүрүү – биздин биринчи кезектеги милдеттерибиз болот. Булар эле эмес, ар бир багытты артыкчылыктуу болот жана ар бирине тийиштүү көңүл бурулат.

Акырында “Ак Бата” саясий партиясынын лидери Нариман Түлеевдин кайрылуусун сунуш кылабыз:

Урматтуу шайлоочулар!

Алдыңыздарда татаал тандоо турат. Өтө эле көп партиялар сиздердин добуштарды алып бийликке келип, шаардык кеңештен орун алууну самап жатышат. Арасында эски да, жаңы жүздөр да бар. Бирок артка кылчайып көргүлөчү, акыркы он жылда эмне өзгөрдү? Колуңузду жүрөгүңүзгө коюп туруп, чындап жооп бериңизчи? Айрымдар мандаттарды ээлеп алышып, шаарды өнүктүрүү үчүн куурай башын сындырышкан жок. Алар мандаттарды бир туугандан бир тууганга, атадан балага өткөрүп берип менчиктеп алышты. Жаңы партиялардын программаларын, мүчөлөрүн жана убадаларын талдап анан жыйынтык чыгарыңыздар.

Мен жашоо бир күндө өзгөрөт деп убада бербейм, бирок колумдан келгендин баарын жасайм. Шаардыктарга, сүйүктүү борборум Бишкекке кызмат кылуу үчүн күнү-түнү иштейм!

Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг өз иши жөнүндө айткандай, “себеп натыйжасы ушунчалык тыгыз байланышкан, түркүн адамдардын турмушун күн сайын түрдүүчө өзгөрткүдөй дүйнөдө башка мындай кызмат жок. Бул өзгөчө сыноо!» Ооба! Шаардыктардын жашоо сапатын түп-тамырынан өзгөртүүгө умтулуу - мен жана биздин команда үчүн өзгөчө сыноо!

Борбор калаабызда жашоо өзгөрүп, шаарыбыз таза, жашыл болот деп убада берем. Ар жыл сайын биздин ишибиздин жемишин көбүрөөк көрүп, жүрөгүңүз менен сезип турасыз. Ар бир шаардык үйүнөн жумушка, окуган жерине барып, кайра кайтып келе жатканда шаар бийлигинин камкордугун сезип турат.

Түккө турбаган убактылуу пайда үчүн таза эмес талапкерлерге добушуңузду берсеңиз, сиз жүз эсе кымбат жоготууга дуушар болосуз. Биз сиздин добуш үчүн арзыбаган тыйын сунуш кылбайбыз. Биз сиздин добуш үчүн миң эсе кымбат бааланган - жагымдуу чөйрөдө жашап балдарыңызды багууну, сиздин азыркы тандоо аныктаган мыкты борбор шаарда жашоону сунуш кылабыз!

Тандоодон жаңылбаңыздар, урматтуу шаардыктар!

“Сиздин үмүт – биздин жоопкерчилик!”

Урматым менен,

Бишкек шаардык кеңешине                                       Нариман Түлеев

депутаттыкка талапкер