Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясы

КЫРГЫЗ ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

БУЛ БИЗДИН ШААР 

Башка шаарга көчүп кеткиң келеби? Жашоо шарты көңүл жылытаарлык эмеспи? Бул жерде жашаган сага жакпайбы?

Анда эки мүнөт убактыңды бөлүп, бул китепчени окуп чык, суранабыз.

Бишкек өзүнүн жашоочуларынын жана эң сонун географиялык жайгашуусунун аркасында абдан жайлуу жана меймандос шаар, бирок башкаруучулардын түркөйлүгүнөн бир кездеги эң жашыл жана гүлдөгөн шаардын кунары качты. Депутаттардын ар бир жаңы чакырылышы сонун жашоону убада кылып келет, бирок биз артка кеткенибиз кеткен. БУГА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ? Биз өзүбүз гана. Добушун саткандар, шайлоого келбей койгондор, баягы эле адамдарга добуш бергендер. Калкым ойгонгула! Шаар – бул жеке күркө эмес, бул биздин үй. Үйдүн кожоюну бол. Туура тандоо жаса.

Биздин партия – бул шаардын активдүү тургундарынын бирикмеси, элдик кошуундардын өкүлдөрү, жаштардын кыймылынын мүчөлөрү, меценаттар, коомдук ишмерлер, өлкөбүздүн ийгиликтүү адамдары. Биз Бишкекте ЖАШАЙБЫЗ – жана анын өнүгүүсүн көргүбүз келет. Качандыр бир кезде эмес, мына азыр сонун шаарда жашагыбыз келет. Суранабыз, биздин үнүбүздү уккулачы, өз жүрөгүңөрдү уккулачы жана эч качан ӨЗҮҢДҮН добуш берүү укугуңду башкага бербе. Эсиңерде болсун, шайлоодо көп акча короткондор, БИЗ экөөбүздүн бюджетибизден ал салган акчаларын кайра кайтарып алат. Эски курамдагы жаңы партиялар, курулай убадалар, сатып алуу, көз тайгылткан реклама мындан ары акыйкат жана жекече шайлоолорго таасирин тийгизбеши керек. Өзүн жөнүндө ойлон, өз шаарың жана жакындарын туурасында ойлон, жүрөгүң менен шайла. Эски аттар жазылган баракты ачып, жаңы татыктуу жашоого кадам таштоого убакыт келди. Биз БИЗГЕ ишенебиз, биз келечекке ишенебиз! Бишкек – бул биз!!!

Терең урматтоо менен, сенин «Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы» Партияң

P.S.: Биздин партия кандайдыр бир бизнестин же саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын коргобойт, биздин партиянын ар бир талапкери биздин сүйүктүү мекенибиз Бишкектин карапайым тургундары. 

  1. БИШКЕК – ТАЗА жана ЖАШЫЛ

Бир кезде биздин шаарыбыз эң жашыл жана таза шаар болгон, азыр болсо ал дүйнөдөгү эң кир шаарлардын  башында турат. ТЕЗИНЕН ЖАСАЛЧУ ЗАРЫЛ ИШТЕР:

  • Куруучуларды аймагын 30%га жашылдандырууга милдеттендирүү жана абаны тазалоо көрсөткүчү жогору болгон гана жалбырактуу дарактарды тигүү. Көзөмөл системасын киргизүү. Дарактар бул шаарыбыздын өпкөсү.
  • Жергиликтүү гана көчөт чарбаларынан биздин шартка көнгөн дарактарды отургузуу, чет жактан көчөт сатып алууга тыюу салуу. Бул шаардын бюджетине оң таасирин тийгизет.
  • Ирригациялык системаларды ремонт кылуу жана рексонструкциялоо үчүн бюджетти карап чыгуу. Сугарылбаса дарактарды отургузуунун мааниси жок.
  • Электрдик коомдук транспорт – бул бюджетти толтуруу жана жашыл экономикага чоң кадам жасоо.
  • Атмосферага CO2 (көмүр кычкыл газы) бөлүнүп чыгуусун кыскартуу үчүн жана шаардагы смогду азайтуу үчүн конуштарда жашагандардын үйлөрүн жылуулоого жардам берүү жана аларды газ менен жылытууга байланыштуу программа иштеп чыгуу. Бул көмүр колдонууну кыскартат. Коңшуңа жардам берүү менен – өзүңө жардам бересиң. Шаар – бул бири-бириңди колдоо.
  1. БИШКЕК – ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ

Бардыгы үй-бүлөдөн башталат! Үй-бүлө – коомдун тиреги.

  • Акысыз балдарды өнүктүрүү борборлорун шаардын ар бир районунда ачуу. Бюджетти карап чыгуу менен алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо. Башкаруу амалдарын өзгөртүп, жана актуалдуу ийримдер менен секцияларды киргизүү. Билим берүү – бул баарынан жакшы инвестиция.
  • Бишкекте ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн (кадимки мектепте билим алууга тоскоол болгон оорусу барлар) билим берүү комплексин куруу – бала бакча жана мектеп. Бишкекбул тең укуктуулук.
  • Билимдүү калк – бул биринчи кезекте бактылуу адамдар. Билим берүүгө каражат жумшоо менен, биз өз келечегизибге салым кошобуз. Жаңы мектептерди куруу үчүн бюджетке каражаттарды тартып келүү боюнча иш алып баруу. Азыр мектептерди курбасак, кийин түрмөлөрдү курганга мажбур болобуз.
  1. БИШКЕК – ЗАМАНБАП ЖАНА КООПСУЗ ШААР

Коопсуз жашоо – сергек жашоонун негизги

  • Ачык бюджет порталын түзүү, IT жана финансылык адистиги жок ар бир адам кирип, каражаттар кайдан келип жатканын жана кайда коротулуп жатканын көрүп тургандай болушу керек. Бюджет – бул биздин жалпыбыздын акчабыз.
  • Үй-жайсыз жаныбарлардын санын көзөмөлдөөнүн гумандуу чечимдерин колдоо. Адам болуу – демек айлана-чөйрөнү сыйлоо. Бишкек - бул гармония.
  • Турак-жайларды ремонт кылуу жана кароо, жанаша аймактарды жашылдандыруу жана пландоо, балдар жана спорт аянтчаларын өнүктүрүү боюнча биргелешип каржылоо программаларын өнүктүрүү зарыл. Көрктүү короо – көрктүү шаар.
  • Мэрия менен шаар тургундары түз пикир алмашып жана ошондой эле, каалаган түз добуш берүүлөрдү өткөрүү үчүн блокчейн технологиясын колдонуу менен «Менин шаарым» тиркемесин иштеп чыгуу. Бул бюрократияны кыскартып, муниципалитет менен тургандардын ортосундагы демилгечи процесстерди тездетет. Мэрия эл үчүн түзүлгөн.
  • Атайын автодром үчүн жер тилкесин бөлүп берүү. Спорттун бул түрү да өнүгүүгө укуктуу, бирок алар шаардын тынчын жана коопсуздугун бузбашы керек. Бишкек – бул заманбап адамдар.
  • Элдик кошуундар институтун өнүктүрүү көптөгөн маселелерге ыкчам көңүл бурууга жол берет: катаклизм, пандемия, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана педофилия. Шаарда жашоо – демек бири-бириңе ишенүү.  

Бүгүнкү күнгө чейин, биз депутат болбой туруп эле, эмнелерди жасап жетиштик:

  1. Чуулгандуу деталдуу пландоо планы (ПДП) боюнча сот ишин шаардыктардын пайдасына чечип бердик.
  2. Кошундарды түзүүнү демилгелеп, шаарды коргодук (Спартак 2010-жыл, Фрунзе – 2020-жыл).
  3. Көпчүлүгүбүз пандемия убагында волонтёр болуп иштедик.
  4. Көп учурларда жардамга муктаждарга бул туурасында реклама кылбастан жардам берип келдик.
  5. Шаардын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн, «Фрунзе - мой Бишкек» тиркемесин ишке киргиздик.
  6. Шаардын алкагындагы маселелер жана аларды чечүү боюнча тегерек стол өткөрдүк.
  7. Дарактарды отургузуп, ишембиликтерди өткөрдүк.
  8. Өлкө ичинде да, сыртында да спорттук жана башка иш чараларда Кыргызстандын желегин көтөрдүк.
  9. Пенсионерлер менен ардагерлерге жардам бердик.
  10. Шаар үчүн коопсуздук долбоорлорун демилгеледик.

Биз жөн гана бул шаарды, бул өлкөнү сүйүп жашайбыз. Бишкек – бул биз! 

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңдү текшергенди унутпа жана биометрияңды тапшыр!!