Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Партия Патриот" Саясий партиясы

«Патриот» саясий партиясы

Урматтуу шайлоочулар! Бишкек шаардык кеңештин келүүчү шайлоого «Патриот» саясий партиясы катышууга чечим чыгарды. Сиздердин көңүлүңүздөргө шайлоо алдындагы программаны сунуштайбыз. Программаны кабыл алуунун негизин - жөнөкөй жана баарына түшүнүктүү чындыкка туура келген ден соолук, мыйзам, иштеп табуу (маяна табуу).

Өзүбүздүн программабызда шаарыбыздын жашоосун жакшыртуу үчүн стратегиялык негизги ыкмаларды сунуштайбыз. Шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө глобалдык мамиле жасоо, урбанизациялык түзүлүштү эске алуу менен кемчиликтерди жамачылабастан чечим кабыл алуу. Ар бир көтөрүлгөн маселени чечүүгө, бизде так жана ачык жолдору бар, ал эми чечилүүчү талап кылган маселелер шаардык кеңештин юридикалык чегинен чыкса, анда талапкер баардык күч аракетин компетенттүү инстанцияларда көтөрүүгө даяр.

МЕДИЦИНА - төрөт үйлөрүн жана толук акушердик бөлүмдөрдү колдоо жана өнүктүрүү; үй бүлөлүк дарылануунун сапатын көтөрүү; аз камсыз болгон калктын тобун социалдык жактан колдоо; үй бүлө институтунун ролун көтөрүү.

ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ИНФРАСТУКТУРА - транспорттук маселелерди тамыры менен чечүү; жолдорду оңдоо иштери менен, курулуштарын улантуу; шаардыктар үчүн ылдам жана ыңгайлуу коомдук транспорт; шаардыктардын бош убактарына инфраструктураларды уюштуруу; экологиялык кырдаал көйгөйлөрүн чечүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу; шаар ичиндеги конуштарды газификациялоо; газ жана электроэнергия боюнча тарифтик сунуш киргизүү жана ишке ашыруу; таштандыларды кайра иштетип чыгуу боюнча көйгөйлөрдү чечүү.

СПОРТ – спорт секцияларын колдоо, өнүктүрүү; спорт аянттарды жаңылоо; дени сак жашоо образын жүргүзүү үчүн инфраструктураны түзүү жана жайылтуу; шаардык каттоону иретке келтирүү; жеңил турак-жай менен камсыздоо.

БЮДЖЕТ – Бишкек шаарынын бюджеттик чарасын налогдук бөлүштүрүүдөн 30% чейин көтөрүү.

ШААРДЫН СТАТУСУ - шаарга өзгөчө статус берүү; каттоо аркылуу миграцияны жөнгө салуу; архитектуралык талаптарга ылайык мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерди эске алуу менен шаарды долборлоо; үлгүглүү борбор шаар катары сактап калуу.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мектепке кабыл алуу жана билим берүү менен камсыздоо жашаган аймагы боюнча кабыл алууну кайтарып келүү; мектепке чейин билим берүү жана бала бакчаларды куруу көйгөйүн чечүү; мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана колдоо көрсөтүү; мектептерди толук көлөмдө каржылоо; жаңы мектептерди куруу; шаардык бюджеттен ийримдерди ачуу жана каржылоо; маданиятты өнүктүрүү мекемелерди колдоо; Бишкек шаарында жашаган ар бир этнос боюнча маданий борборлорду ачуу менен жашоосуна катышуу үчүн каржылоону шаардык кеңештен алуу.

ЭКОНОМИКА - шаардык кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү; жумушка орношуу көйгөйлөрүн көтөрүү; инвенстицияларды шаарга тартуу жана аларды коргоо; шаардын сырткы байланышын тартипке салуу жана сактап калуу; ишкерлерди колдоо; жеке жана мамлекеттик өнөктөштүктү өркүндөтүү.