Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Кыргызстандын социалисттик партиясы" саясий партиясы

Кыргызстандын Социалисттик Партиясы

Саясий Партиянын программасы:

Бишкек Шаардык Кеңешине депутаттык шайлоого катышуу үчүн:
1. Шаардыктарга бейкут жашоону камсыз кылып, бардык иштерди тартипке келтиребиз. Коомдук тартипти сактоодо Бишкек шаардык ШИИБ менен тыгыз кызматташып, милициядан жарандарыбыздын коопсуздугун сактоону талап кылып, биргелешип бардык тараптан аларга көмөк көрсөтүп, уюштуруу зарыл. Жарандарыбыз кайсыл мезгилде болбосун, өздөрүн ээн эркин сезип, укугу тебеленбей, коргоп алары бар экенине ишенип, балдарыбыз үчүн тынчсызданбашыбыз керек.
2. 2 (эки) жыл аралыгында шаарды чыгымы жок "тыгындан" арылтууга убада беребиз. Транспорт тармагын биздин жолдордо ээн эркин жүрүүгө шарт түзүп берип камсыздайбыз. Жүргүнчүлөрдү ташыган компаниялар өздөрүнүн эсебинен аз өлчөмдүү (маршруткалар) транспорттон, көп өлчөмдүү (автобустар) транспортко өтүшүнө, ушул маселени өздөрүнө жүктөп, жана ошондой эле ушул тармак боюнча инвесторлорду тартуу.
3. 4 (төрт) жыл аралыгында дээрлик бардык тротуарлар оңдолуп, калыбына келтирилбесе болбойт. Күнүмдүк турмушта шаардагы бардык жарандарыбыз тротуарларды колдонобуз. Бирок Бишкектеги тротуарлар талапка жооп бербейт жана айрым жерлерде басуу өтө кооптуу. Көпчүлүк участкаларда таптакыр тротуарлар жок.
4. Шаардыктарга бала- бакча менен мектептер толук жеткиликтүү камсыз болмоюнча, бир метр квадрат да жер берилбеши керек, турак үйлөрдү курган курулуш жаатына. Бүгүнкү күндө Бишкекте 80 ге жакын бала бакчалар, 50 гө чукул мектептер жетишсиз. Окуучулардын көптүгүнөн татыктуу билим берилбей, ден- соолуктарына кам көрүлбөй келүүдө. 4 (жыл) ичинде жок эле дегенде 30дай бала- бакча, 20 га жакын мектептерди курууга жетишебиз.
5. Социалдык жеңилдиктерди бөлүштүрүү боюнча адилеттүүлүктү талап кылып, 2 (эки) жылдын ичинде аярлуу катмарды түзгөн жарандарыбызга социалдык карталарды киргизип беребиз.
6. Миллион жашоочуга- миллион бак дарактар.
Бир жолу болсо да дарак олтургузган инсан, шаарды өзүнүн үйүндөй көрүп, аярлап кылдаттык менен мамиле жасайт. Ар бир шаар тургуну дарак тигиши абзел.
7. Бишкекти "маданий борбор шаары" деген аталышта калыбына келтиребиз. Шаардыктарды мурдагыдай галерея, театр, филармонияга келтирүүгө аракет жасайбыз. Студенттер менен окуучуларды да театрга жигердүү келгенге шарт түзүп беришибиз зарыл.
8. Таштандылар үчүн аз акы төлөйбүз. Шаар  мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнө пайда келтирсе болот. 4 (төрт) районго таштандыларды кайра иштетип чыгаруучу 4 (төрт) завод ачабыз. Эч кандай көп чыгым кетирбей эле.
9. Бишкек шаарынын жашоочуларын жумуш менен камсыздоо. Сырттан инвестицияларды тартып, Бишкек шаарына завод менен фабрикаларды куруу, ошондой эле аймактардагы заводторду калыбына келтирүү.
10. Балдардын ден- соолугу- Улуттун келечеги.  Үйгө жакынкы аралыкта муниципиалдык спорт секцияларды ачып, ар бириңиздерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Оору сыркоону алдын алуу- бул биздин эң чоң жеңишибиз.
11. Шаардын Аткаруу Бийлиги коомчулукка кызмат кылышы керек. Кызматтарды оптималдаштыруу. Карапайым калк менен тыгыз байланышта болуу жана мамилени жакшыртуу.
12. Шаарды ушул акыбалга жеткирген кайдыгер жетекчилер, сөзсүз өз жазасын алышы керек.  Депутаттык комиссия түзүлүп, мурда иштеп кеткен шаар башчылары жана алардын орун басарларына тиешелүү материалдар топтолуп, ишмердүүлүгү иликтенип, чара көрүлүп, тескөөчү органдарга жөнөтүлөт. Эскилерди жазалоо- Келечектин алдын алуу.