Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > НДПК "КЫРГЫЗСТАНДЫН-ЭЛДИК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫ"

НДПК партиясы (Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы)

АРАКЕТКЕ БЕРЕКЕТ!
Биздин максат – Бишкекти жашоо үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу!

Биз, Бишкек шаарынын тургундары борбор калаада жоопкерчиликтүү жана эффективдүү бийликти орнотуу үчүн мыйзамдуу жол менен күрөшөбүз деп Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясынын туусунун алдына бириктик.

НДПК партиясы – бул жаш жана тажрыйбалуу башкаруучулардын, жаратман ишкерлердин командасы. Биздин талапкерлер жоопкерчиликти моюнуна алууга даяр жана абалды жакшы жагына өзгөртө алышат.

ЖАҢЫ КОНУШТАРГА МЫКТЫ ИНФРАСТРУКТУРА! Жаңы конуштар шаардын борбордук бөлүгүнөн эч айырмаланбашы керек. Бишкек ыкчам өнүгүп жатканы менен, тилекке каршы, жергиликтүү бийлик жаңы конуштарга жетиштүү көнүл бөлбөй келет. Өнүккөн инфраструктура жана маанилүү социалдык объектилер кол сунса жеткидей болушу шарт.

КООПСУЗ ШААР.Бул - кылмыштуулуктун деңгээли төмөн, чөйрөсү бакубат, жолдорунда тартип орногон, көчөлөрү жана короолору жарыктандырылган, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн заманбап мониторинг системасы бар шаар.

БИЙЛИГИ АР БИР ЖАШООЧУГА КУЛАК САЛГАН ШААР. Бюджеттеги акчаны биринчи кезекте кайда сарптоону шаардыктар өздөрү чечиши керек. Жашоочулар менен бийликтин ортосундагы байланыш үзгүлтүксүз болушу талап.

ЖАШЫЛ ШААР. Бул – транспортсуз аймактары бар, жөө адамдар үчүн жол тилкелери кенен, эс алуу жайлары мыкты, башаламан курулушсуз, ышсыз, гүл бакча шаар.

ЧЕКТӨӨСҮЗ ШААР. Жергиликтүү бийлик өнүккөн борбор менен артта калган шаар четинин ортосундагы физикалык жана социалдык айырмачылыкты жоюш керек. Борбордо жашоо баары үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуу болушу шарт. Жаңы конуш шаардын чок ортосундай эле аймак!

Биз, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуу менен төмөндөгү милдеттерди моЮнубузга алабыз:

  • Шаардыктар менен бирге коомдук транспорт көйгөйүн чечүүнү: жүргүнчүлөр да, автоунаа ишканалары да макул көргөн тарифтер аныкталат!
  • Бишкек тургундарынын мэрди түз шайлоо укугу үчүн күрөшөбүз!
  • Шайлоочулар менен такай жолугушууларды өткөрүп, жасалган иштер тууралуу отчет беребиз.
  • Шаардыкбюджетти 2 эсекөбөйтөбүз.
  • Дарыгерлермененмугалимдертатыктуумаянаалышыкерек!

БИЗ СИЗДИН ЖЕҢИШ ҮЧҮН ШАЙЛООГО АТТАНДЫК!