Шаардык кеңештердин тизмеси > Бишкек шаардык кеңеши > "Кыргызстандын Элдик Патриоттук "ТЫНЧТЫК" партиясы" саясий партиясы

Саясий партиянын кыскача аталышы:

“КЭП “Тынчтык” СП

ИН, ЮЖБР кирүү датасы:

02001200610125; 20 января 2006 г.

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Кыргыз Республикасынын жарандарынын оз калоосу менен тузулгон бирикме

Уставдын кабыл алынган датасы: 09.01.2006 г.      

Катталган регионалдык филиалдардын саны: 7

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: партиянын саясий кенеши

Кыргызстандын Элдик патриоттук «Тынчтык» саясий партиясы

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов 2/1а кочосу

Байланыш телефону: 0777441111; 0553442311

Коомдук кабылдама: 0777441111; 0553442311

Интернеттеги байланыш тармактары: https://www.facebook.com/partyatynchtyk

Расмий сайт: -

Партиянын төрагасы: Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна. Туулган жылы жана жери: 14.06.1986 ж. Ош облусу, Алай району,  Гүлчө айылы. Улуту: кыргыз. Үй-бүлөлүк абал: эрдүү, төрт баланын энеси. Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы; «Юриспруденция» кафедрасын буткон. Иш тажрыйбасы:

2000 ж. коммерциялык туризм жана кийимдерди тигүү боюнча ишмердүүлүк

2005 – 2012 ж. «Ишкердик туризм KG» коомдук кеңешинин координатору

2011 ж. «Chiki brand» компаниясы жана мода үйүнүн мүдүрү

2015 ж. «Chiki-строй» курулуш ишканасынын негиздөөчүсү

2020ж. «Марва-ТВ» телеканалынын коммерциялык мүдүрү.

Саясий партиянын программасы (баяндоо): "Тынчтык" КЭПП  саясий партиясы - Кыргызстандын келечеги жөнүндө жаңы баалуулуктарды жана идеяларды көтөрүп жүргөн, жаңы муундагы өлкөнүн жигердүү жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси. Бизди эркиндиктин баалуулуктары, прогресске умтулуу, кесипкөйлүк кесиптештик жана коом алдындагы социалдык жоопкерчилик бириктирип турат. Бизде тажрыйба жана билим бар, күч-кубатка жана мүмкүнчүлүктөргө толуп, коомду жетектөөгө умтулабыз. "Тынчтык" "партиясы Кыргызстандын жарандарын оңго жана солго бөлбөйт, адамдарды улуту жана дини, жынысы жана социалдык абалы боюнча бөлбөйт. Партия өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө кызыкдар болгон бардык жарандарды бириктирүүгө умтулат. Биз өлкөбүздү кантип гүлдөтө тургандыгыбызды билебиз. Бул максатка жетүү үчүн бизде – табигый  ресурстар жана адамдык потенциал бар. Элибиздин татыктуу жашоосу үчүн ак ниеттүүлүк менен жигердүү иштөөгө даяр элибиз бар.

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат- Съезд, Партиянын саясий кеңеши, Борбордук ревизия комиссиясы, Партиянын борбордук аппараты

Саясий партиянын жаштар уюму (сүрөтү жана сүрөттөмөсү): Айдаров Азамат – жаштар канатынын жетекчиси

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар)

2006 ж – бир мандатту ЖК КР шайлоо округунан Балычы шаарынан катышкан.