Шаардык кеңештердин тизмеси > Жалал-Абад шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

3.2. Шайлоо астындагы кыскача программа:

"Ыйман Нуру"акыйкаттык жана өнүгүү саясий партиясынын Жалал-Абад шаардык кенешке 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган шайлоого бараткан

программасы

  1. Бюджеттен каржылануучу ишканалардын структурасын карап чыгып, окшош же спецификасы боюнча жакын штаттарды бириктирип, проект жасоо, архитектура, шаар курууу, инвестиция тартуу жааттарында кесипкөй адистерди штатка киргизип, бюджеттен кошумча каражаттарды дагы карап, айлык маянаны жогорулатып, адистердин ээлеген ордуна компетенттүүлүгүн талап кылуу.
  2. Шаардын мектептеринде орус тилдүү класстарда 6-7 класстан баштап көпчүлүк предметтерден орус тилинде сабак өтүүчү мугалимдер жетишпейт, жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр ОРТ-га же орус, же кыргыз тилинде катышаарын билбей кыйналышат. Ата-энелер кошумча сабактарга акча тёлёшщп, ОРТ-га даярдашат.
  3. Элибизге кызмат көрсөтүүчү кесиптерге жумушсуздарды окутуп, окутуу процессинде бизнести баштоо жана жүргүзүү боюнча кошумча даярдыктан өткөрүп, кимдин бизнеспланы шаарыбызда жаңы иш баштап алып кете ала турган болуп тандоодон өтсө лизинг жолу менен коомдук фонд аркылуу шаймандарды алып берүү, айланасындагы башаламандыкты азайтууга жетишип, бул жакты маданий, билим алуу жана туристтик зонага айлантабыз.
  4. Шаарыбыздын ортосунда жайгашкан аэропорт мамлекеттик “Эл аралык аэропорт “Манас” ААК-на карайт. Стандарт боюнча учуп-конуучу тилкенин тегерегинде 2 км радиуста 14 метрден бийик курулуш курууга мүмкүн эмес, бул шаарыбыздын 60% территориясына 9-12 этаждуу имараттарды курууга болбойт дегенге жатат.