Шаардык кеңештердин тизмеси > Жалал-Абад шаардык кеңеши > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

                                            “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын

Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча программасы

Меймандос шаар

         Жалал-Абад - туристтер үчүн жайгашкан жери боюнча жагымдуу шаар болуп эсептелет. Биздин максат бул санды алдынкы 4 жыл аралыгында кеминде 2 эсеге көбөйтүү менен Жалал-Абадты туристтик шаарга айлантуу. Ал үчүн туристтерге жагымдуу шарттар түзүлүшү керек.

      Туристтик шаарга айлантуу биз үчүн төмөндөгү жыйынтыктарды берет: а) шаар бюджети өсөт б) эл кошумча киреше табат в) инвестиция тартуу жеңилдейт г) шаар көрккө келип, ыңгайлуу шарттар түзүлөт д) жумуш орундары көбөйөт.

Коопсуз шаар

  Бизге ар бир шаар тургунунун коопсуздугу маанилүү!

Шаар тургундары жана коноктору сутканын кайсыл убактысы болбосун жана кайсыл жерде жүрбөсүн өздөрүн жана жакындарын коопсуз сезүүсү керек. Ошол максатта коопсуз шаар долбоорунун ишке ашуусун тездетүү зарыл деп билебиз.

Бай шаар

Шаар өсүп-өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте анын экономикасына көңүл бурулуусу керек. Шаардык бюджетти көтөрүү максатында ишкерлик үчүн жагымдуу жана ынгайлуу шарттарды түзүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз. Шаарыбыз канчалык бай болсо, андагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө ошончолук мүмкүнчүлүктөрүбүз жогорулайт.

Инвестиция тартуу жана жеке ишкерликти өнүктүрүү аркылуу шаардыктар үчүн миңдеген кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга шарт түзөбүз.

Ыңгайлуу шаар

Шаардыктардын жашоосунун ыңгайлуу болуусу шаардык бийликтин эң негизги милдети. Андыктан жергиликтүү бийликке түшкөн салыктар шаарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу жана ыңгайлуу болуусун үчүн сарпталышы керек. Баш аламан курулуп жаткан турак-жайларды жана капиталдык курулуштарды мыйзам талабына ылайык иретке келтируу, жумушка барып келүүдөгү жол тыгындары жана жөө сейилдөөдөгү ыңгайсыздыктар сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү биздин негизги максатыбыз.

Ачык-айкын шаар

Жалал-Абад шаарынын ар бир тургуну шаардык бийликтин эффективдүү иштөөсүн каалаган убакта көзөмөлдөй алуусу керек. Иштетилген каражаттардын максаттуу пайдалануусун, кызматтарынын сапатын жана чыгарылган чечимдердин баарын ачык-айкын болуусуна шарт түзөбүз.

Камкор шаар

Ата-эне өз баласына камкор болгон сымал эле, шаардык бийлик өзүнүн тургундарына аяр мамиле жасап, алардын жашоо сапатынын жакшы болуусуна бүт күчүн жумшашы керек. Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын социалдык шарттарын жакшыртуу , потенциалын көтөрүү биздин партиянын негизги талаптырынын бири.

Сүйүктүү шаар

Биз Жалал-Абадты сүйөбүз. Ошондуктан биздин шаарыбыз азыркыдан да чырайлуу, сулуу жана бакубат болушун каалайбыз. Биз аны менен сыймыктанабыз жана сүйүүбүздүн көрсөткүчү катары шаарыбыз учун кайдыгер карабастан баардык кучубузду жумшайбыз жана атайын жумуш пландарыбыз бар.

Эко шаар

Экологияга жасалган  кайдыгерликтен мамиледен улам дүйнө жүзүндө жана сүйүктүү Жалал-Абад шаарыбызда бир топ маселелер жаралган. Бул глобалыдк көйгөйдү чечүүдө “Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы олуттуу иш аракеттерди жүргүзүү менен шаарыбызды “ЭКО ШААРГА” айлантабыз.