«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ КОЙГОН ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАРЫ:

1.Саламаттык сактоону жакшыртуу – сиздин өмүрүнүз биз үчүн кымбат.

- «Жүрөгүндү сакта» долбоорун ишке ашыруу,  Жалал-Абад шаарындагы поликлиникалардын имараттарынын абалын жакшыртуу, Жалал-Абад шаарындагы медициналык мекемелердин материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү;

  1. Спортту колдоо, дени –сак жашоо образын пропагандалоо;

- Жаштарды, спортчуларга жакындан жардам берүү, Жалал-Абад шаарындагы айрым мектептерге жаны спорт залдарын жана аянтчаларын куру,көп кабаттуу үйлөрдүн алдына спорт аянтчаларынын абалын жакшыртуу;

  1. Жарандардын коопсуздугу - «Жарык шаар» долбоору;

-Шаардагы көчөлөрдү таза, жарык жана коопсуз  кылуу, Көчөлөрдө видео көзөмөлдөрдү көбөйтүү, «коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу;

  1. Билим берүү жана маданият, жаштар саясатын колдоо;

- Шаардын айрым аймактарында жетишсиз болгон бала бакчаларды куруу үчүн инвестор тартуу менен  же жергиликтүү бюджеттен каражат бөлдүрүү;

- Билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү, маданият тармагын колдоо жана жаштарга камкордук;

5.Өндүрүштү жандандыруу, курулуш жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу;

- Шаарда токтоп турган өндүрүш объектилерин жандандыруу жана  жаны ишканаларды ачууга көмөктөшүү, Шаардагы айрым көчөлөрдү кенейтүү жана жолдордун абалын жакшыртуу;

- Шаардагы айрым көчөлөргө суу жана канализация түтүкчөлөрүн тартуу;

- Шаардагы айрым көчөлөргө жаныдан тротуарларды  салу;

-Шаардагы ирригация системасын калыбына келтирүү;

  1. Айыл чарбаны колдоо – МТС долбоору;

- Тайгараев аймактык башкармалыгындагы дыйкандардын тийиштүү айыл-чарба техникалары менен камсыздып, алардын түйшүгүн женилдетүү;

  1. Элдердин достугун жана ынтымагын чындоо;

- Ынтымак жана биримдик болгон убакта гана -  көп улуттуу Жалал-Абад шаары ӨНҮГӨТ! Биз улуттардын тынчтыгы жана бекем достугу үчүн!Биз биримдикте гана ӨНҮГӨБҮЗ!