Саясий партиянын программасы:

 

  1. Бүгүн биздин эл АКЫЛ-ЭСИН ырастоосу зарыл А. Тарых, жашоо жана келечек тууралуу акыйкат маалымат

Б. Терс сапаттардан – асыл касиеттерге карай өнүгүү; В. Керектүү билимди, пайдалуу илимди өнүктүрүү.

  1. Бүгүн биздин эл келечек НАСИЛИНЕ кам көрүү зарыл А. Чың ден-соолук жана кажыбас кайрат; Б. Аял заты – дайым камкордукта; В. Үй-бүлөө – негизги чөйрө.
  2. Бүгүн биздин эл өз БАЙЛЫГЫНА ээ болуусу зарыл

 

А. Мамлекетке – саясий жана экономикалык көз карандысыздык; Б. Кедейликтен – лидерликке, өзүбүзгө – өзүбүз гана чегеребиз; В. Адилеттүү салык, адал ишкердик жана финансылык эркиндик.

  1. Бүгүн биздин эл бекем АБРОЮН көтөрүү зарыл

 

А. Саясатта биримдик жана дос-душманды аңдоодо кыраакылык;

 

Б. Кыргыз каерде болбосун – Кыргызстандын жараны,

 

В. Жер-сууларга жана кен-байлыктарга – сарамжалдуулук.

 

  1. Жогорудагылар ЫЙМАНДЫН гана үстүнө тургузулат А. Атеисттик караңгылыктан – тунук дүйнөтаанымга; Б. Диний сабатты өнүгүүгө – зор өбөлгө; В. Кыргыз наркы – көөнөрбөс заманбаптык .

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат: съиезд жана саясий кеңешме