Шаардык кеңештердин тизмеси > Кара-Көл шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

“Ата-Журт Кыргызстан» шаарындагы бөлүмүнүн программасы:

 

1 .Чыныгы коопсуз шаарды уюштуруу (кылмыштуулуктун деңгээлин, жол кырсыктарынын санын азайтуу, экологиялык абалды жакшыртуу)

 

  1. Шаардын кызмат көрсотүүлөрдүн натыйжалуулугун жана муниципиалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыгымдарды оптималдаштыруу.

 

  1. Шаардагы бала бакчаларды мамлекеттин эсебине кайтаруу жана мектептердин билим берүү деңгээлин көтөрүү менен ишин жакшыртуу. Маданий иш- чаралардын олуттуу өсүшү.

 

  1. Инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү (таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды, шаардын карамагындагы айылдарыбыздагы жолдорду жана канализация тутумдарын куруу, үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу).

 

  1. Спорттун өнүгүшү жана калктын бардык катмарларына анын жеткиликтүүлүгү үчүн шартарды түзүү. Критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргөн интеллектууалдык спорту ж.б. түрлөрүн өнуүктуүрүү.

 

  1. Кара-Көл шаарыбызда чакан жана орто бизнести, аялдардын ишкердигин ошондой эле жашыл экономиканы өнуүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү. Көп кабаттуу турак жай курулушун өнүктүрүү механизмин карап чыгып, ишке ашыруу. Инвестиция тартуу жолуна шарт түзүү менен калкты жумуш орду менен камсыз кылуу механизмдерин иш жүзүнө ашыруу.

 

  1. 2025-жылга Кара-Көл шаары жаңы, чыгармачыл архитектуралык жана экологиялык таза чечимдерди колдонуу менен, өлкөдө эң жашыл шаар болуп, ишкер жана заманбап шаарга айланат.

 

  1. - Инфраструктураны өнүктүрүү;

- Туризмди өнүктүрүү;

- Ишкерликти колдоо.

 

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын урааны:

“Баарыбызбирге – кызматыбыз элге”