Саясий партиянын кыскача аталышы: ”Замандаш”;
ИН, ЮЖБР кирүү датасы: 01901200710215
19-январь 2007-жыл;
Саясий партиянын түзүлүүшү:
Уставдын кабыл алынган датасы: 2 – май 2018-жыл;
Катталган регионалдык филиалдардын саны: 8;
Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: партиянын саясий кеңеши;
“ЗАМАНДАШ” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ
Байланыш маалыматтары
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Жал-23 кчр, 28-үй
Байланыш телефону: 0312 340190
Коомдук кабылдама: 0312 340190
Интернеттеги байланыш тармактары: 0312 340190
Расмий сайт: zamandash.kg
Партиянын төрагасы: ӨМҮРАКУНОВ АСКАР МУХТАРБЕКОВИЧ
Мен, Өмүракунов Аскар Мухтарбекович 1996-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. Атам Мухтарбек Өмүракунов кыргыз элинин сүймөнчүлүктүү уулу, коомдук ишкер. Ал бүт өмүрүн элине кызмат кылууга арнаган. Апам Чынара Шейшекеева кесиби боюнча инженер-куруучу-технолог, көп жылдардан бери жеке ишкердик жана коомдук иштер менен алектенет. Атамдын көзү өткөнү бир туугандарыма аталык да, энелик да мээримин төгүп, татыктуу тарбия, билим берип бардыгыбызды бирдей эрежеге жеткирди. Үй-бүлөдө жети бир туугандын улуусумун. Бала курагымда спортко кызыгуу арттырып, 2004-2008-жылдары таэквон-до менен профессионалдуу машыктым. Жыйынтыгында таэквон-до боюнча Республиканын чемпиону болдум. Мектепти Бишкек шаарындагы «Абитуриент» классикалык билим берүү мектебин ийгиликтүү аяктап, 2013-жылы Москва Финансылык Өнөр жай Университетинин юриспруденция бөлүмүнө тапшырып, 2018-жылы ушул эле окуу жайдын “Энергетикалык кызматташтыкты жана мунай-газ ресурстарын өздөштүрүүнү укуктук жактан колдоо” боюнча магистратура бөлүмүн аяктадым. Адистигим боюнча юрист-энергетик.
2016-жылдан баштап коомдук – саясий жана маданий иштерге жигердүү аралашып, 2017-жылы Жаштардын Биринчи Дүйнөлүк курултайына катыштым. Бул багытта уюштуруучулук жана башка долбоорлорду ишке киргизүүгө салым коштум. Ошол эле жылдары “Тянь-Шань” MODEL UN жана Бишкек Инвестициялык форумду уюштурууда жана өткөрүүдө активдүү катышуучуларынын бири болдум.
2017-жылы саясатчы жана коомдук ишкер Мухтарбек Өмүракунов түптөп, негиздеп кеткен “Замандаш” саясий партиясынын жаштар канатынын мүчөсү;
2021-жылдын февраль айынан баштап “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы;
Үй- бүлөлүүмүн. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, оюмду кенен түшүндүрө алам.