“ЗАМАНДАШ” саясий партиясынан Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин

ПРОГРАММАСЫ

 

УРМАТТУУ ЗАМАНДАШ!

Биз, Кара-Көл шаарынын патриоттору биригип “ЗАМАНДАШ” саясий партиясынын курамында Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттыгына: “ЭМГЕГИБИЗ ЭЛ ҮЧҮН” - деген ураан менен аттанып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдардын жана башка нормативдик-ченемдик актылардын  талаптарына ылайык шаарды, Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында Сиздердин колдооңуздар менен төмөнкү эң негизги приоритеттүү багыттар боюнча иш алып барууну көздөп жатабыз!

 

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ, КОШУМЧА ЖУМУШ ОРУНДАРЫН ТҮЗҮҮ, ЖЕРГИЛИКТҮҮҮ БЮДЖЕТТИН КӨЛӨМҮН КӨБӨЙТҮҮ!

  1. Көк-Бел өрөөнүнө цемент заводунун курулушун жандандыруу менен:

1.1. Шаардын, Жазы-Кечүү, Көк-Бел аймактарынын жашоочулары менен биргеликте атайын “Социалдык пакет” иш-чараларын иштеп чыгып алардын социалдык багыттагы инфраструктураларын (көчөлөрдү жарыктандыруу, асфальттоо, бала-бакча куруу ж.б.у.с.) жакшыртууну ишке ашыруу; 

1.2. 350 - 400 жумушчу орундарын түздүрүү;

1.3. Жергиликтүү бюджетке киреше салыгы боюнча (“подоходный налог”) 1 500,0 миң сом, жер салыгы боюнча - 600,0 миң сом, жер ижарасы  боюнча - 4 300,0 миң сом, жылына жалпы 6 400,0 миң сомго чейин кошумча киреше түшүрүү!

 

  1. Муницпалдык менчиктеги жерлерди инвентаризациялоо жолу менен жер ижара акылары боюнча жылдык планды 2 000,0 миң сомдун ордуна 3 000,0 - 3 500,0 миң сомго жеткирүү, же жылына 1000,0 - 1 500,0 миң сом жергиликтүү бюджетке кошумча киреше түшүрүү!

 

  1. ШААРДЫН, ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ, КЕТМЕН-ТӨБӨ АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНЫН ИНФРАСТРУКТУРАЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ!

3.1. Инвесторлорду тартуу менен жыгач үйлөрдүн ордуна заманбап көп кабаттуу үйлөрдү курдуруу.

3.2. Шаар ичиндеги ички көчөлөрдү асфальттоо, жарыктандыруу.

3.3. Шаардын генералдык планын жаңыртуу.

3.4. Токтогул, Энергетик, Хуриев, Исанов, Бакешов, Бөкөнбаев, Умралин көчөлөрүндөгү үйлөрдү борбордук жылытуу системасына коштуруу.

 

  1. СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН КОЛДОО, САЛАМАТТЫК САКТОО, ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ, ЖАШТАР ИШТЕРИ ЖАНА СПОРТ БАГЫТЫНДА!

4.1. Аялдардын жана балдардын укугун коргоо борборлорун ачуу.

4.2. Жетим-жесирлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялык борборлорду куруу.

4.3. Б.Рысбеков атындагы ЖДПБна караштуу 8 (сегиз) батирлүү үйдүн курулушун бүтүрүү, адистердин турак-жай маселесин чечүү, заманбап рентген аппаратын сатып алып берүү.

4.4. Кыргыз Республикасынын “Мугалимдердин статусу жөнүндө” Мыйзамдын талабына ылайык мугалимдердин коммуналдык чыгымдарын жабууга жеңилдик берүү.

4.5. Д.Шопоков атындагы №4-орто мектептин кошумча имаратынын курулушун бүтүрүү.

4.6. “Кайыңды” жайкы балдардын эс алуу лагерин заманбап талапка ылайык ремонттоо.

4.7. М.Сабиров көчөсүндөгү Аскер бөлүгү жана К.Масиров көчөсүндөгү мамлекеттик салык кызматы, сот мекемеси жайгашкан имараттарды бала-бакча уюштуруу максатында бошотуу жана аларды шаардык элге билим берүү бөлүмүнө өткөрүп берүү.

4.8. Жазы-Кечүү аймагына бала-бакча куруу.

4.9. Кетмен-Төбө шаарчасындагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу, жаңы футболдук спорттук корт куруу.

4.10. М.Сабиров көчөсүндөгү 32 батирлүү үйдүн курулушун бүтүрүп жашоочуларга берүү.

4.11. Акынай, Масиров, Серый көчөлөрүнө жаштар үчүн футболдук корт куруу.

4.12. Чоң-Таш, Ак-Таш көчөлөрүнун жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу долбоорун аягына чыгаруу.

4.13. Ак-Шар, Ак-Кыя 1,2, Канат, АТК, Жээн-Кыштоо көчөлөрүнүн жашоочуларына таза суу долбоорун ишке ашыруу, көчөлөрүн асфальттоо, жарыктандыруу.

4.14. Бекташ, Токтогул көчөлөрүнө бала-бакча куруу.

4.15. Көк-Белдеги Бабакан атындагы мектепти ремонттоо, суу насосун орнотуу, Көк-Белдин ички жолдорун, Оот жайлоосуна баруучу жолду оңдоо.