Шаардык кеңештердин тизмеси > Кара-Көл шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

«Ыйман-Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын ПРОГРАММАСЫ

Кара-Көл шаары 21300 калкы бар көп улуттун өкүлдөрү бар шаар. Кыргыз Республикасында Кара-Көл шаары энергетиканын булагы болгон Токтогул ГЭСтер Каскады, Камбар-Ата ГЭС-2 жайгашкандыктан “Энергетиктердин жана Гидрокуруучулардын шаары” деп эл оозунда айтылып келет. Биздин партиянын максаттарынын бири Кара-Көл шаарына Энергетиктердин жана гидрокуруучулардын шаары макамын алуу.

Ыйман-Нуру адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын максаттары жана багыттары.

  1. Калкты таза суу менен камсыз кылуу.
  • Калкты таза суу менен камсыз кылууда, суу алуу насостук станциялардын кубатуулугун жогорулатуу.
  • Шаар чекесиндеги көчөлөргө таза суу чыгаруу боюнча жаңы долбоорлорду ырастап, ЕБРР, АРИС сыяктуу эл аралык өнүктүрүү бактары менен тыгыз иш алып баруу.
  • Шаар ичиндеги суу түтүктөрүн жаңы түтүктөргө этап, этап менен үзгүлтүккө учуратпай алмаштыруу.
  • Чыпкаларды (фильтр) орнотуу.
  1. Муниципалдык менчиктеги объектилерди ижарага (арендага) берүү.
  • Массалык каражат булактарында жана эл оозунда айтылып, көпчүлүккө нааразычылык жараткан туура эмес жер берүү жана мамлекеттик имараттарды ижарага берүүлөрдү токтотуу, кайтарып алуу.
  • Ижарага берилип жаткан жер же болбосо имарат бир адамдын эмес бир нече адамдын социалдык абалын жакшыртууга иштеш керек. Ижара алып жаткан адам ижара акысын төлөп эле койбостон, бир нече жумуш орундарын түзө турган болуп алыш керек.
  • Биздин партия ижарага алынган ар бир объектинин максатын көзөмөлгө алып, максаттуу иш алып барылышына ижара алуучу менен тыгыз иш алып барат жана багыттарды көрсөтөт.
  • Муниципалдык жерлерди жана объектилерди ижара алууда жергиликтүү бюджетке жакшы салым кошо турган жана ижара алуучунун ишин илгерилете турган иш-чаралар иштелип чыгат. 
  1. Салык саясаты, жеке ишкерлерге көмөктөшүү.
  • Кара-Көл шаары областык сациалдык-экономикалык борбор болуп эсептелет. Бизде ички инвесторлордун өсүшүндө өндурүш объектилери, соода аянттары жана кызмат көрсөтүү жагы да аз аздан өнүгүп келүүдө. Биздин партия ишкерлерди колдоо жана жагымдуу шарт түзүү максатында жер салыгын эсептөөдө зоналык коэффицентти эске алуу жагына басым жасоо. Мисалга шаардын массивдүү бөлүгү менен пассивдүү бөлүгүндө жайгашкан жерлерге салыкты азайтуу максатында зоналык коэфицентти колдонуу. Муну менен ишкерлерге жеңилдик жаратып, шаарыбыздын чеке жактарында соода түйүндөрүнүн жана кызмат көрсөтүү жайларынын курулушуна мүмкүнчүлүк түзүү.
  1. Коомдук коопсуздук
  • Ар бир жаран өзү жашаган көчөдө, айылда жана шаарда кайсы убакта болбосун өзүн эркин жана кооптонуусуз, мен мамлекет тарабынан корголуумун деп  жашаш керек.
  • Укук коргоо органдарына көмөктөшүү жаатында этап, этабы менен жолдордо, көчөлөрдө, парктарда, аллеяларда окуу жайларда, бала бакчаларда видео көзөмөл орнотулушу керек.
  • Бул кадам кылмыштуулукка, уурулукка, зомбулукка, зулумдукка бөгөт койот. Жоголгон, калып кеткен нерселерди табуу оңойго турат. Бул иш чаралар 2021-2025ж.ж. этап этап болуп толук бутүүгө тийиш.
  • Шаар ичиндеги жолдорго жолдо жүрүү эрежелерине ылайык жол белгилерин, жол чырактарын орнотуу жана ар-дайым жөө жүрүүчүлөргө ылайык жол чийиндерин чийүү, жаңылоо.
  • Шаар ичиндеги жолдорду ондоп түздөө, асфальт төшөө.
  1. Маданият
  • Шаардын маданияты бул музей, театр, кинотеатр, китепканалар, музыкалык мектептер, маданият үйлөрү жана филармония ошондой эле эстеликтер эсептелет. Биздин шаарда шаардык маданият бөлүмү уюшулган мындан сырткары Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйү бар.
  • Маданиятты өнүктүрүү максатында шаардык областык жана Республикалык деңгээлде өтүүчү конкурстарга катышууга шарттарды түзүү, мектеп, орто жана жогорку окуу жайлар менен тыгыз иш алып баруу. Ич-ара кызыктыруучу конкурстарды уюштуру жана конкурстарга алып баруу жагына колдоо көрсөтүү.
  1. Туризим
  • Кара-Көл шаары туризим багытында патенциалы жогору. Себеби Кара-Көл жайлоосу, Кайыңды капчыгайы жана Кара-Суу көлү ошондой эле Токтогул суу сактагычы жайгашкан.
  • Социалдык тармактарга Кара-Көл шаарынын туристик зоналарын картасы менен чагылдырылган видео роликтерди жүктөө иш-чараларын жүргүзүү.
  • Туризимди күчөтүүдө жеке секторлорду кызыктыруу иш-пландарын жана жеке секторлорго жеңилдиктерди түзүү шарт.
  • Туристик зоналарга ижара шарттарын жеңилдетүү менен берүү.
  • Муниципалдык эс алуу жайларын, тамактануу, мейманкана сыяктуу курулуштарды куруп бир канча жарандарды жумуш менен камсыз кылуу менен бирге жергиликтүү бюджетти толтурууга да шарт түзүлөт.
  1. Жаш балдар ойноочу аянттарды куруу жана заманбап кылып жаңылоо
  • Шаар аймагынан сырткары жайгашкан көчөлөргө жашыл зоналарын уюштуруу жана жаш балдар ойноочу заманбап аянтчаларды куруу.
  1. Экология
  • Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында шаар ичиндеги жашыл зоналарда жана аллеяларда бактарды көбөйтүү.
  • Шаар ичиндеги көп жылдан бери өсүп турган бак-дарактарды, парктарды этап этапка бөлүп жаңылоо жана жашартуу.
  • Шаардын жашоочуларынын жана унаалардын эсебин алуу менен жетишээрлик деңгээлде атмосфералык абага кычкылтек бөлүп чыгарууга туруктуу болчудай жазы жалбырактуу бак-дарактарды өстүрүү.
  • Шаар ичиндеги ирригациалык суу арыктарын калыбына келтирүү.
  • Борбордук канализациага кошулбаган көчөлөргө локалдык тазалоочу курулмаларды куруу.
  1. Жаштар

  "Ыйман Нуру" ППнын жаштар саясаты, биринчи кезекте, жаштарга    адамдык потенциалды өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга, максаттуу өнүгүү үчүн жаштардын идеологиялык баалуулуктарын калыптандырууга, ар кандай багытта жаштардын демилгелерин бекемдөөгө багытталган социалдык маанилүү чөйрөлөр, жаш жарандардын ден-соолугуна, билим алуусуна жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу.

  1. Билим беруу

 -    Интеллектуалдык мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды: олимпиадаларды, жаштар үчүн баалуу сыйлыктар менен мелдештерди уюштуруу менен сапаттуу билим алууга умтулууну жана кызыгууну жогорулатуу үчүн жаш жарандарга бардык зарыл шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу пландаштырылууда.

      Спорт

  Жаштардын жана жарандык коомдун арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында, мыктыларды баалуу сыйлыктар менен кубаттап, массалык спорттук иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруу.

  1. Маданият

            -      Ушул учурда жаштар арасында өзүн алып жүрүү жана жашоо маданиятынын төмөндөшү байкалууда. Маданий баалуулуктарды көбөйтүү жана жайылтуу максатында атайын сабактарды, тренингдерди, иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, анын жүрүшүндө жаштар менен иштөөдө чаралар көрүлөт.

  1. Калктын социалдык жактан колдоо

            -      Мүмкүн болушунча ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын (акыларды, акцияларды) демилгелеп, жардамга муктаж адамдарга ар тараптуу психологиялык, моралдык, материалдык жардам көрсөтүү.

  1. Шаардык Кеңештин ишинин ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу

            -      Жарандык коомдун кызыкчылыктарын жана көрүлүп жаткан иш-чаралардын ачыктыгын жана шаардык бюджеттин каржы булактарын коргоо максатында шаардык кеңештин ар бир отурумунда видеокамерага берүү, андан кийин бардык видеоматериалдарды камтуу пландалууда.