"Бирге-Вместе" саясий партиясынын шайлоо программасы

    1.Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн гранттарды, инвестицияларды тартуу.

    2.Жаш муундардын билим деңгээлин жогорулатуу жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү. Анткени, сапаттуу билим берүү жана медициналык жардам биздин коомдун келечектеги бакубатчылыгынын кепилдиги жана мамлекеттин ишенимдүү таянычы.

     3.Шаардын турак жай программасын кабыл алуу, гранттарды, инвестицияларды тартуу, бюджеттен каражаттарды иликтоо менен барак тибиндеги жыгач үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куру.Биринчи кезекте турган- майыптарды уй курганга чамасы жокторду, мугалимдерди, медицина кызматкерлерин камсыз кылуу.

    -Сабиров көчөсүндөгү 4 кабаттуу 32 батирлүү үйдун укуктук документтерин тактап элге    тартылоо.
    -Кулданбаев көчөсүндөөгү 2 кабаттуу 24 батирлүү үйдүн укутук документтерин бүтүрүү.

    -Кулданбаев көчөсундөөгү 2 кабаттуу  24 батирлүү биринчи кабаттын пайдубалы бүткөн үйдүн укуктун документтерин бүтүрүп  курулуш ишин аяктоо.

    4.Кетмен-Төбө (Кабар-Ата шаарчасы) өнүктүрүүнүн жаны программасын кабыл алып, жыл сайын бюджеттен каражатка программага ылайык каражат бөлүп туруу жана ишке ашыруу.

     5.Энергетик,Бөкөнбаев,Исанова,Бакешов,Умралина,Кулданбаев көчөлөрүндөгү жеке менчик үйлөрдүн жылуулук системасына кошууну электростанциялар ачык акционердик коомунун директорлор кенеши менен биргеликте чечүү,ишке ашыруу.                    

     6.Шаарга караштуу айылдарга Таза-Суу программасын ишке ашыруу үчүн жана ички жолдордуу оңдоого каражат бөөлүү жана  ишке ашыруу.

     7.Шаардын ичиндеги таштанды таштоочу точкаларды кеңейтүү,кошумча таштанды салуучу контейнерлерди орнотуу,таштандылардын жерге чачылып, санитардык абалдын бузулушуна жолбербөө.

      Биздин жалпы максаттарыбыз: Биз коррупцияны жоюуну көздөп жатабыз! Биз ыңгайлуу жана ыңгайлуу жашоо шарттарын өнүктүрүүгө жана түзүүгө жана жакшы идеяларды ишке ашырууга умтулабыз!

      Биздин программаларды ишке ашыруу үчүн биз жогоруда көрсөтүлгөн тармактарды жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп, алардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылабыз.