БИЗДИН УРААН:

“Чындык, адилеттүүлүк жаштардын деми, аксакалдардын даанышмандыгы”.

                                 

              «Мекен Ынтымагы» партиясынын программасы

«Мекен Ынтымагы» партиясынын мүчөлөрү - жаратман жана бир пикирдеги санаалаштар. Бизде саясий ишмердик, мамлекеттик башкарууда, жумуш орундарын түзүүдө зор тажрыйба бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге, тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир максат - Кара-Көл шаарын кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу шаарга айлантабыз деген ой бириктирди.

      

                                                   БИЗДИН МАКСАТ:

Экономикасы күчтүү, жарандары социалдык жактан корголгон шаарга айландыруу.           Ар бир жаран жумуш менен камсыз болуп, бардар жашоого жетүүсү.

                                            

                                               БИЗДИН ПРИОРИТЕТТЕР:

Жеке жана экономикалык эркиндик, жеке менчиктин кол тийбестиги, мүмкүнчүлүктөрдүн тендиги, укуктук жана саясий теңдик. Адилеттүүлүк, айкөлдүк, толеранттуулук, бардар шаардыктар жана бакубат жашоо,бейпилдик, ынтымак-ырашкерлик, либералдык-плюралистик башкаруу.  

                    

                                           СОЦИАЛДЫК БАГЫТТА:

Социалдык жактан аз камсыз болгон шаар тургундарынын жөлөк пулдарын эки эсе көбөйтүү. Сүйүнчү пулдарды 5 000 сомго чейин  жеткирүү. Кара-Көл шаарындагы эски жыгач үйлөрдүн ордуна беш кабаттуу заманбап үйлөрдү куруу. М.Сабиров көчөсүндөгү 32 батирлүү үйдү мыйзамдаштырып пайдаланууга берүү. Бала-бакчаларды шаардын муниципиалдык менчигине кайтаруу, жаңы бала-бакчаларды инвесторлор менен биргеликте куруу. Тыт-Сеңир аймагындагы (мечиттин батыш жагы) жерлерди трансформациялоо, шаардын тургундарына жеке үй курууга берүү.

Энергетика, инвестиция боюнча Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи агрегатын ишке киргизүү, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун баштоо, Токтогул ГЭС тин реконструкциясынын 2.3 фазасын ишке ашыруу.“Достук” ААК заводунун профилин өзгөртүү, айыл чарба продукцияларын кайра  иштетүү цехтерин ачуу.Тыт-Сеңир,Төш-Мазар, Ак-Кыя 1.2, Чоң-Таш, Ак-Таш аймактарына таза суу киргизүү. Шаардагы жылуулук, муздак суу, саркынды суу агуучу трубаларды алмаштыруу. Камбар-Ата шаарчасына толук кандуу таза суу тартып келүү. Көк-Бел аймагында цемент заводунун курулушун тездетүүнүү КР Өкмөтүнөн сунуш жиберүү. Кара-Көл шаарынын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу. (реконструкция, цемент заводу,жеке ишканаларды ачуу). Мугалимдердин, дарыгерлердин коммуналдык төлөмдөрүн жергиликтүү бюджет аркылуу төлөөнү жүзөгө ашыруу.Шаардагы таштанды чогултуучу жерлерин иретке келтирүү.

Шаардын бюджетин толуктоо багытында “Электр-станциялар” ААКты Кара-Көл шаарында юридикалык  каттоодон өткөрүү менен электр энергиясын сатуудан түшкөн 1% салыкты Кара-Көл шаарынын бюдетине кайтарып берүү.

 

Дареги: Кара-Көл шаары, Сабиров көчөсү.

Телефон номери: 0222 00 49 09