Шаардык кеңештердин тизмеси > Кербен шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын девизи

“Жаны адамдар-жаны кадамдар”

 

Шаардын социалдык онугуусу. Инвестицияларды тартуу менен Кербен шаарынын онугусуно оболго тузуу. Кербен шаарынын инфраструктурасын  жакшыртуу. Кербен шаарына чон машинелер ото турган жол куруу иштерин жургузуу. Мектептердин материалдык-техникалык абалын ондоо, билим сапатын которуу.

Саясий партиянын программасы:

 

 

 

 

                    «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Программасы

 

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы - жаңы форматтагы саясатчыларга, саясий көз карашына, динине жана улутуна карабастан, мекенибиз – Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп өсүшү үчүн, бүтүндөй өлкөнү жана өлкөнүн бардык чыныгы патриотторунун биригишине мүмкүнчүлүк түзүүчү жаңы саясий күч.

 

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы - бул өзүлөрүнүн үстүнөн иштөөгө жана өзгөрүүгө даяр, өздөрүнүн мыкты версиясына айланган, ошондой эле биргелеше жаратман иштерге даяр болгон прогрессивдүү лидерлердин партиясы.

 

Биз сиздер менен биргеликте өлкөнү жаңыча жол менен куруу үчүн, сиздерди уга билип, жана сиздер менен сүйлөшүү жолу аркылуу  өлкөнүн саясий турмушуна катышабыз! Биз лидерликти, жоопкерчиликти өз мойнубузга алууга даярбыз  жана башка саясий күчтөр жана өлкөнүн бардык жарандары менен бирдикте баарыбыз  сыймыктана турган мамлекетти курабыз.