Саясий партиянын программасы:

 

НЕГИЗГИ  МАКСАТ:

Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын конструктивдүү иш алып баруусу жана координацияланган ишин камсыз кылуу, шаардын инфраструктурасын оӊдоо, «Жашыл шаар» программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Кербен шаардык Кеӊешинин депутаттарынын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу.

 

  • 2021- жылга иш пландарды түзүү жана 2020-жылдагы кемчиликтерди жоюу
  • Шаардык Кеңештин, мекеме иш каналар, мэрия жана мекеме иш каналар менен тыгыз иш алып баруу

 

  • Депутаттар менен коомдук иш чараларга жана семинар тренингдерге активдүү катышуу.

 

  • 2021-2025-жылдардын бюджетин бекитүүгө активдүү катышу жана сунуштарды киргизүү.

 

  • 2021-2025-жылдарга жергиликтүү бюджетинен эсебинен спорттук жана маданий иш чараларга акча каражатын бөлдүрүү.

 

  • Аткарылганишчаралартууралуу квартал сайынКербеншаарынынмэрининмаалыматалыптуруу.

 

  • Шаардын ички көчөлөрүн, мыйзамсыз ээлик кылынган жер тилкелери, кароосуз калган соц. объектилер (без хозяин) боюнча маалымат даярдап, карап чыгуу боюнча туруктуу комиссияларга сунуш киргизүү. Мыйзамдуулугун аныктоо үчүн тиешелүү органдарга кат даярдап, жөнөтүү.

 

  • Мамлекеттик жана райондук деңгээлде кабылалынган иш чараларга активдүү катышуу.

 

  • Көмүскөдөгү киреше булактарын аныктоо жана мыйзам чегинде чечим чыгаруу.

 

  • Кербен шаарынын аймагында жайгашкан райондук жана областтык деӊгээлдеги мамлекеттик иш каналардын объектилерди мэриянын балансына мыйзам чегинде өткөрүү.
  • Жаз мезгилине карата тазалык жумалыгын жана жашылдандыруу боюнча иш-план иштеп чыгуу.

 

  • Кербен шаарын Таза-Суу менен камсыз кылуу.
  • Таштандыларды тазалоо боюнча программа иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  • Жылды жыйынтыктоо жана жылдык отчёт  даярдоо.