Шаардык кеңештердин тизмеси > Токмок шаардык кеңеши > "АСЫЛ МУРАС-ЖАШТАР" Саясий партиясы

«Асыл Мурас - Жаштар» саясий партиясынын шайлоо алдындагы платформасы

«Эмгегибиз жана билимибиз – шаардын жыргалчылыгы үчүн! Бир эл! Жалпыга жеткиликтүү бийлик! »

 

Жергиликтүү кенештерге шайлоо 2021

Токмок шаары

 

«Биз ар бириңиздер менен биргеликте сүйүктүү шаарыбыздын келечеги үчүн иштөөгө, аны жаңылантуу менен шаардыктардын кызыкчылыктарын коргоого умтулабыз.

 Биз Токмок шаарын күчтүү, ийгиликтүү, коопсуз жана ыңгайлуу шаар болушун каалайбыз».

 

“Асыл Мурас - Жаштар” партиясы Токмок шаарынын жергиликтүү кеңешинин шайлоосуна өз талапкерлерин шаарда тартип орнотуу жана бир калыпта, туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн чечкиндүү сунуш кылат. “Асыл Мурас - Жаштар” партиясынын мүчөлөрү Токмок шаарынын тургундарынын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды, жүздөгөн жумушчу орундарды түзүүгө, ошондой эле шаардыктардын инфраструктуралык, билим берүү жана башка маселелерин чечүүнү сөз менен эмес иш жүзүндө ишке ашырууга жөндөмдүү, тажрыйбалуу адамдар.

            Биздин талапкерлердин башкалардан өзгөчөлүгү катары алардын башкаруучулук тажрыйбасынын молдугун жана көп улуттуулугун атаса болот. “Токмок шаарында жашаган бардык этникалык топторду талыкпас эмгектин аркасында бириктирип, туруктуулукту камсыз кылуу” – деген партиянын  башкы линиясы - бул талапкерлердин ишинин негизги максаты. Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз сиздердин колдооңуздарга ээ болуу менен шаардык кеңеште көпчүлүк орунду ээлөөнү ниеттенип жатабыз. Бул сиздер менен биргеликте шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн чыныгы натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Биз шаардын бюджетин ачык, ал эми бийликти жеткиликтүү кылабыз!

            Биздин максат – жашоочулардын жакшы жашоосу жана сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүүсү! Биз социалдык, аймактык, же улуттук макамына карабай адилеттүү шарттарды түзөбүз! Биз туруктуулукка жана өнүгүүгө багытталган зарыл реформаларды жүргүзүүнү камсыз кылабыз! «Асыл Мурас - Жаштар» партиясы балдардын коопсуздугун камсыздайт, сүйүктүү шаарыбызда жакшы жашоого жана эмгектенүүгө шарттарды түзөт, ошондой эле ар бир адамга келечекке кооптонбой кароо укугуна кепилдик берет!

            Алдыга коюлган маселелерди ишке ашыруу үчүн биз чыныгы аракеттер жана шаардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен бекемделген программаны иштеп чыкканбыз.

 

«Асыл Мурас - Жаштар» партиясы. Токмок шаарынын өнүгүү программасы 2021.

«Эмгегибиз жана билимибиз – шаардын жыргалчылыгы үчүн! Бир эл! Жалпыга жеткиликтүү бийлик!»

 

Жаңы мүмкүнчүлүктөдүн шаары

 

Партиянын программасы шаардын өнүгүүсүнүн негизги экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүнүн жетишкен, чыныгы натыйжаларына негизделген. Токмок баардык багыттарда өсүүгө зор резервдери жана мүмкүнчүлүктөрү бар өсүүчү шаар макамына ээ, бирок бул кубаттуулук толугу менен пайдаланылбайт. Биздин шаарыбыз – өнөр жайына, чакан жана орто бизнеске, өнүккөн социалдык чөйрөгө жана натыйжалуу башкарууга негизделген, динамикалуу өнүгүп жаткан шаар. Шаар бийлиги менен шаардыктар жашоонун ыңгайлуу шарттарын өнөктөшүү менен түзүп жаткан ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары.

 

Өсүү түйүндөрү:

 

№1 өсүү түйүнү. Жаңы жумушчу орундарын түзүү жана өнөр жай кубаттуулугун өнүктүрүү

Калкты иш менен камсыз кылуу – партиянын артыкчылыктуу багыты!

Токмок өнөр жай индустриясы багытында өнүгүп келген жана өнүгүүдө. Шаарда экономиканын өнөр жай секторун өнүктүрүү үчүн баардык тиешелүү инфраструктура бар. Ошондуктан аймактык саясат багытындагы артыкчылыктуу негизги багыт шаардын өнөр жай кубаттуулугун калыбына келтирүү болуп эсептелет. Ал жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жана токтоп турган ишканаларды жандандыруунун эсебинен ишке ашырылмакчы. Жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттери жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталмакчы. Биз ондогон жаңы ишканаларды ачабыз жана миңдеген жумушчу орундарын түзөбүз. Биз аны кантип ишке ашырууну билебиз жана сөзсүз ишке ашырабыз!

 

№2 өсүү түйүнү. Инженердик инфраструктураны өнүктүрүү

Учурдагы шаарды прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн негизги шарттардын бири анын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү жана аны мезгилдин жаңы талаптарына ылайык келтирүү болуп эсептелет. Биздин ишибиздеги маанилүү багыттардын бири шаардын арык тармактары жана суу менен камсыздоо тармагын жаңылоо болуп калмакчы. Мындан тышкары шаардын көчөлөрүн асфальттоо, анын ичинде чуңкурларын тегиздөө, грейдерлөө жана тротуарларды оңдоо боюнча иштер улантылмакчы. Ошондой эле жолдордун сапатын тиешелүү деңгээлде кармап туруу боюнча жыл сайын иш-чараларды жүргүзүп туруу. Коомчулукту сурамжылоонун натыйжалары боюнча бул маселе таштандыдан кийин эле экинчи болуп белгиленген. Коомдук уюмдарды тартуу менен жолдордун курулушу менен оңдоолоруна көзөмөлдү күчөтөбүз.

 

№3 өсүү түйүнү. Социалдык өнүгүү

 

            Социалдык багытта мектеп, бала бакча, төрөт үйү, поликлиника өндүү жаңы объектилерди куруунун жана медициналык объектилерди материалдык-техникалык жактан камсыздоонун эсебинен жалпы билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу пландалууда. Мектепке чейинки билим берүү жаатында бала бакчалардын тартыштыгы сезилерлик болууда. Балдар мектепке чейинки билим берүү программасына катышуу укугунан ажырап калган. Биз жаңы, заманбап бала бакчалардын тармагын ачууну көздөөдөбүз.

            Калктын социалдык аярлуу катмарына социалдык жардам көрсөтүү жана калктын социалдык тейлөөлөргө болгон талаптарын камсыздоо иштери улантылмакчы. Мугалимдер менен медиктердин эмгек акысы жогорулашы тийиш. Алар үчүн сыйлоонун кошумча жолдору киргизилмекчи.

 

№4 өсүү түйүнү. Санариптештирүү жана коопсуздук.

 

            Биз ачык жана коопсуз шаарда жашагыбыз келет. Бул үчүн биз бюджеттин 100% ачыктыгын камсыздайбыз. Шаардыктар алардын акчасы эмнеге жана кандай сарпталып жатканын билүүлөрү тийиш. Биз электрондук документ айланууну жана калкка тейлөө көрсөтүү тармагын киргизебиз. Шаардын жерлерин электрондук эсепке алууну түзөбүз. Ошондой эле биздин шаардыктардын коопсуз басып жүрүүлөрү үчүн видеокамераларды орнотобуз! Жарандардын укуктары менен коопсуздугун камсыздоо – мамлекеттик бийликтин бүтүндөй тармагынын милдети. Биз криминалдын өсүүсүнө чечкиндүү каршыбыз! Жемкорлор менен кылмышкерлер түрмөдө отурушмакчы! Биз Токмокто адилет тартип орнотобуз!

 

№5 өсүү түйүнү. Биздин күчүбүз бирдиктүү эл!

 

Токмок – өзгөчө шаар, бул жерде шаар түптөлгөндөн бери эле ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз адамдарды аймактык, диний же улуттук өзгөчөлүктөрү боюнча бөлбөйбүз. Сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүүсү үчүн биз баардыгыбыз тең укуктабыз жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээбиз. Туруктуулук жана өнүгүү үчүн биз улуттар ортосундагы биримдикти бекемдөөнү улантабыз. Өз ара бөлүшөөр эч нерсе жок экендигин небак эле түшүнүү керек болучу. Кыргыздар менен орустар, өзбектер менен украиндер, уйгурлар менен белорустар, дунгандар менен корейлер, биз баардыгыбыз биринчи кезекте Кыргызстандын жарандарыбыз жана өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетте жашагыбыз келет. Ушунун өзү биздин шаарыбыздын өнүгүүсүнүн бекем негизи.

 

№6 өсүү түйүнү. Жоопкерчиликтүү жана чынчыл бийлик

Бийлик жеткиликтүү болууга тийиш! Бул үчүн баардык деңгээлдерде чечимдерди кабыл алуунун ачык жана түшүнүктүү процедураларын түзөбүз: заманбап санариптештирүү технологияларын пайдалануу менен чечимдердин аткарылышын көзөмөлгө алып, ким, эмнеге жана кайсы мөөнөттө жооп берерлигин көрсөтүү менен. Чечимди кабыл алууга жеке жоопкерчиликти киргизебиз. Бийликтин мамлекеттик органдарынын ишине көзөмөл жүргүзүүнү, анын ичинде электрондук көзөмөл жүргүзүүнү киргизебиз. Биз баардык деңгээлдерде калк алдында жылына бир нече жолу ачык отчет беребиз. Отчеттордо жетишкендиктер гана эмес, чечилбеген маселелер жана кемчиликтер камтылууга тийиш. Кызмат адамдары кирешелери жана чыгашалары жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

 

№7 өсүү түйүнү. Жаш муундарга таянуу

Бийликке Токмок шаарынын көйгөйлөрү менен өнүгүүсүн туруктуу жана комплекстүү чечүүгө шыктуу жаңы жаш башкаруучулар келүүгө тийиш. Шаардын баардык жашоо чөйрөсү үчүн кесипкөй кадрларды даярдоо тармагын, ошондой эле аларды татыктуу эмгек акысы бар жумушчу орундары менен камсыздоону уюштуруу зарыл.

Жаңы ишканаларды ачуунун жана адистерди бекер окутуунун эсебинен жакынкы эки жыл аралыгында жумушсуздук деңгээлин 30%га төмөндөтөбүз. Жаш муундардын сүйүктүү шаарыбызды таштап кетпөөлөрү үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылабыз. Сейил бактары, спорт аянтчалары өндүү маданий жайларды ачабыз!

 

№8 өсүү түйүнү. Балдарга камкордук көрүү жөнүндө

Токмок шаарынын калкы дайыма өсүүдө. Ошону менен бирге шаарда мектепке чейинки жана билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги баардык жерде сезилүүдө. Бул маселенин чечилиши бирөө гана – жаңы объектилерди куруу жана эскилерин калыбына келтирүү. Көптөгөн бала бакчалар таза эмес кызмат адамдары тарабынан жеке менчикке берилип кеткен жана учурда ал жерлерде дүкөн, же болбосо оюн-зоок мекемелери ачылган.

Ээси мыйзамсыз сатып алган болсо балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелерин шаардын балансына кайтаруу зарыл. Жаңы жеке бала бакчаларды түзүү жана мектептердин алдында балдар топторун түзүү маселесин талдап чыгуу керек. Мектептерде мыйзамсыз каражат чогултууга көзөмөлдү күчөтүү, мектептерди программага ылайык тиешелүү окуу куралдары менен камсыздоого жетишүү зарыл.

 

9 өсүү түйүнү. Натыйжалуу мэр

Бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Токмок шаары акыркы жылдары шаардын мэринин командасынын кесипкөй иштеринин аркасында өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түштү. Биз иштелип чыккан иш планындагы максаттарга натыйжалуу жетишүүгө иштин аткарылышын камсыздоо үчүн мэриянын жетекчилигин сактап калууну көздөйбүз. Мында Токмок шаарынын мэри натыйжасы жакынкы аралыкта ар бири сезерлик комплекстүү жана туруктуу программанын аткарылышына жеке жоопкерчиликтүү болот. Кадрлардын тез-тез алмашып турушу өнүгүүгө жолтоо болот. Биргелешкен аракеттер менен биз шаарыбызды жакшы жана ыңгайлуу кыла алабыз. Токмок зор кубаттуулукка ээ, биз аны жакында ачабыз!

 

10 өсүү түйүнү. Жашыл шаар

Экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн Токмок шаарын акырындык менен жашылдандыра баштайбыз. Отургузулган көчөттөрдүн толук өсүшүн катуу көзөмөлгө алабыз. Ал үчүн мониторинг тармагын түзөбүз. Экологиялык маселелерди чечүү үчүн биз коомдук уюмдар менен ыктыярчыларды тартууну көздөөдөбүз. Башаламан таштанды жайларын жок кылабыз, жарандарды сапаттуу, таза суу менен камсыз кылабыз, өнөр жай ишканаларынын абаны булгоо деңгээлин төмөндөтөбүз.

 

«Асыл Мурас - Жаштар» партиясынын аракеттенүүнүн так программасы бар, биз бийликке экономиканы көтөрүүгө жана күчтүү мамлекетти курууга мүмкүндүк берген кайра өзгөрүүлөрдүн (реформа) генератору болуу үчүн баратабыз.

 

«Асыл Мурас - Жаштар» партиясы

МАКУЛ:

® Жаңы мүмкүндүктөрү бар шаар үчүн. Токмок шаары бир гана соода менен жашай албайт. Шаардыктар үчүн жаңы келечек бул – жаңы өндүрүш, жумушчу орундары, билим берүү жана тургундар үчүн жаңы  мүмкүнчүлүктөр.

® Таза шаар үчүн. «Асыл Мурас - Жаштар» партиясы бийликти таштанды маселесин чечүүгө мажбурлайт. Токмок шаарын келемиштер үчүн эмес, адамдар үчүн өзгөртөбүз!

® Ыңгайлуу шаар үчүн. «Асыл Мурас - Жаштар» партиясы коомдук унааны уюштуруу, жолдорду асфальттоо, турак жай, мектеп, бала бакчаларды куруу, суу, электр энергиясы жана газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерин жаңыча  чечүүнү иштеп чыгууда.  

® Акылдуу шаар үчүн. «Асыл Мурас - Жаштар» партиясы шаарды “тешиктерди бүтөө” жолу менен эмес туруктуу негизде кандайча башкарууну билет. Ар бир райондун, кварталдын, адамдын көйгөйлөрүн чечүү эске алынуу менен шаардыктардын жаңы, ыңгайлуу жашоо чөйрөсүнүн бирдиктүү тармагы менен байланыштырылат.

® Коопсуз шаар үчүн. «Асыл Мурас - Жаштар» партиясы Токмок шаарынын жашоочулары шаардын жолдорунда жана көчөлөрүндө, үйлөрүнүн айланасында жана короолорунда өздөрүн коопсуз сезүүсү үчүн баардыгын жасайт. Токмок – жашоо менен өнүгүүнүн аймагы.

КАРШЫ:

® «Асыл Мурас - Жаштар» жемкорлукка, криминал менен тааныш-билиштикке каршы. Өнүгүү планы, буйруктары менен кирешелери айрым жеке адамдардын чөнтөктөрүнө кетип жатканда шаар эч качан өнүгүп-өсө албайт.

® «Асыл Мурас - Жаштар» адамдарды биринчи жана экинчи сорт деп бөлүүгө каршы.  Шаар баардыгы үчүн “айрым аймактарды” түзбөй,  бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө милдеттүү.

® «Асыл Мурас - Жаштар» жолдордогу өзүм билемдикке каршы. Биз жолдордон согуш тилкесин өткөндөй өтпөөгө, бүгүн үйгө кайтып келери күмөн болуу менен каттам таксилерине отурбоого тийишпиз. Айдоочулардын тобокелчилиги, коомдук унаанын өнүккөн тармагынын жоктугу – жоюлуусу зарыл болгон маселелер.

® «Асыл Мурас - Жаштар» турак жай-коммуналдык чарбасын тейлөөлөрү менен биринчи зарылчылыктагы товарларга баанын дайыма өсүп баратканына каршы. Шаардын бийлиги калктын муктаж болгон топтору үчүн социалдык программаны колдоосу керек.

*************************************************************

Шаардыктар бийликти чоң убадалары менен эмес, иши аркылуу баалашат!

«Асыл Мурас - Жаштар» партиясы сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө Токмок шаары өнүккөн шаар боло аларлыгын жана болууга тийиш экендигин далилдей алат. Биз өз программабыздын аткарылышына кепилдик беребиз! Аткарылган иштер көп, бирок мындан да көбүрөөк аткаруу алдыбызда турат! 12-апрелдеги шаардык кеңешке шайлоодо «Асыл Мурас - Жаштар» партиясынын талапкерлерин колдоңуздар. Келгиле, криминалга жана сүйүктүү шаарыбыз менен келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн бир калыптагы өнүгүүнү камсыз кыла албаган партияларга каршы биригели.

Саясий платформадагы көрсөтүлгөн багыттар – бул Токмок шаарынын тургундарынын жашоосун жакшыртуу боюнча биздин партиялык идеологиянын бир бөлүгү!

 

«Асыл Мурас - Жаштар» партиясына эмне үчүн добуш берүү керек?

Биз кесипкөйлөрдүн командасыбыз.

Биз жөнөкөй адамдардын арасында жашайбыз жана иштейбиз – бизге ар дайым кайрылууга мүмкүн.

Биз эмгектеги жетишкендиктердин партиясыбыз. Биздин талапкерлер иш жүзүндө натыйжаларга жетише алаарын далилдешти – баардыгы бизнесте, өндүрүштө, билим берүүдө, спортто калыптанышкан.

Биз интернационалисттербиз: бөлүүнүн кажети жок, көбөйтүү керек. Биздин партияны кыргыз, орус, дунган, казак, корей, уйгур жана башка улуттун өкүлдөрү колдошот.

Биз шайлоо алдында гана эмес, бүтүндөй жыл бою иштейбиз.

Биз өз ишибизде шаардык деңгээлде жаңы технологияларды жана жаңы чечимдерди колдонобуз жана киргизебиз.

Биз Токмок шаарын шаардыктар үчүн заманбап, ыңгайлуу шаар кылууну билебиз. Ага кантип жетишүүгө болорлугу жөнүндө биздин программабыз бар!

«Асыл Мурас - Жаштар» партиясы: жөн гана убадалар эмес, чыныгы иштер!

 

«Эмгегибиз жана билимибиз – шаардын жыргалчылыгы үчүн! Бир эл! Жалпыга жеткиликтүү бийлик! »

 

 

 

«Асыл Мурас - Жаштар»  СП жетекчиси                                                                                          Т.А.Солтобаев