"Ата-Журт Кыргызстан" САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАСЫ
Биз мурастарды сактап, күчтүү жана гүлдөгөн өлкөнү балдарыбызга калтыруу идеясы менен бириккен Кыргызстандын эркин элибиз. Биз үчүн күчтүү өлкө бул биринчи кезекте ийгиликтүү жана бай адамдар! Ар бир жарандын байгерчилигин жогорулатуу - биздин саясий кыймылдын артыкчылыктуу багыты.
Кыргызстан гүлдөп өнүккөн өлкө болууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ:
- Биз Борбор Азиянын чок ортосунда, соода жолдорунун кесилишинде жашайбыз, жаратылышы кооз жана тунук дарыялары менен түшүмдүү жерибиз бар;
- Биз чечкиндүү жана демилгелүүбүз;
- Биз жаңы билимдерге ачыкпыз;
- Бирок бизге экономикасы күчтүү өнүккөн өлкө болуубузга эмне тоскоолдук кылып жатат?
Тилекке каршы, жетишкендиктерибиз менен катар эле биз көптөгөн орчундуу көйгөйлөргө жана тоскоолдуктарга туш болуп жатабыз. Биз 30 жылдын ичинде ар бир адам ыңгайлуу жашап жана өнүгө алган тең укуктуу жана мыйзамдын үстөмдүгүнө ээ болгон эркин коомду кура алган жокпуз.
- Жумушсуздуктун жана айлык акынын төмөндүгүнүн айынан миллиондон ашык мекендештерибиз чет өлкөгө жумуш издөөгө аргасыз болушту.
- Коррупция коомдун бардык чөйрөсүнө сүңгүп кирди.
- Ыгы жок көбөйтүлгөн мамлекеттик аппарат бюрократиянын сазына батты.
- Чектен ашкан текшерүүлөр жана чектөөлөр мамлекеттин эл жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсүнүн бардык деңгээлдеринде коррупцияга алып келет.
- Так эрежелердин жана мыйзам алдында теңчиликтин жоктугу мамлекетке ишенбөөчүлүккө алып келет.
- Өлкөнүн карызы тездик менен өсүп, бүгүнкү күндө дээрлик 5 миллиард долларга жетти. Пандемиянын натыйжасынан дүйнөлүк глобалдык кризистин фонунда кесепеттери орду толгус болушу мүмкүн.
- Биз мындан ары бюджеттин тешигин жамоо жана бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын төлөө үчүн кредиттер менен карыздарга гана ишенбешибиз керек.
- Эпидемия биздин саламаттыкты сактоо системабыздын талкалангандыгын жана ал жарандардын ден-соолугун жана өмүрүн сактай албай тургандыгын айкын көрсөттү. Билим берүү жаңы замандын талабына жооп бербестен, өнүгүүдөн артта калууда. Биздин мектептердин жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга даяр эмес.
- Көз карандысыз бийлик бутагына айлана албаган жана коррупция ириткен сот системасына биздин ишеничибиз жоголду
БИЗГЕ КЕЧИКТИРИЛГИС ЖАНА МААНИЛҮҮ РЕФОРМАЛАР КЕРЕК
Биз жеке демилге жана эркин бизнес экономиканын көйгөйлөрүн чечүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө жана инвестицияларды тартууга жөндөмдүү деп ишенебиз. Ал эми мамлекеттин ролу акыйкаттыктын шарттарын жана кепилдиктерин түзүүгө, адамдын укугун жана жеке менчигин коргоого, жеке адамдын өнүгүүсүнө гана бурулушу керек.
Биз көйгөйлөрүбүздү биргеликте чечүү үчүн эмне кылсак болот?
- КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА
Биздин программаны толугу менен ишке ашыруу үчүн, бизге ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ керек
Кыргызстандыктардын 70% өз Конституциясы жөнүндө эч нерсе окуган эмес жана билишпейт. Демек, мамлекеттин башкы мыйзамы биздин жарандардын көпчүлүгүнүн жашоосунда өзгөчө роль ойнобойт. Эл менен Конституциянын ортосундагы ажырымдын себеби, мурунку жана учурдагы Конституция элге «жогору жактан» таңууланып, элдин мүдөөсү менен кызыкчылыгы эске алынбай кабыл алынгандыгында. Баш мыйзамдын мааниси бийликтегилердин антиконституциялык иш-аракеттери менен төмөндөдү.
- Бизге улуттук баалуулуктарга жана демократиялык принциптерге негизделген чыныгы Коомдук келишим – жаңы «жандуу» Конституция керек. Коомдук консенсустун негизинде кабыл алынган Конституция элдин ишенимине жана урмат-сыйына ээ болот.
- Бул үчүн жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн окумуштуулардын жана бардык кызыкдар социалдык топтордун жана чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн кеңири катышуусу менен Элдик конституциялык кеңешме чакыруу керек.
- Жаңы Конституция мамлекеттик башкаруунун формасын, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарын түзүүнү, депутаттардын санын аныктап, чыныгы эл өкүлчүлүгүн камсыздап, соттордун чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылып, мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүшү керек.
- Жаңы Конституциянын негизинде, биз бардык жарандарга бирдей шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздаган КРнын Шайлоо кодексин иштеп чыгып, кабыл алышыбыз керек.
- БИЙЛИКТИ ТАЗАЛОО (ЛЮСТРАЦИЯ)
Реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бийликти тазалоо зарыл - мамлекеттик башкаруунун коррупциялык кландык системасын түзүүгө, саясий оппоненттерин куугунтуктоого, жазык ишин мыйзамсыз козгоого, адилетсиз өкүмдөрдү чыгарууга түздөн-түз же кыйыр тиешеси барларды бийликке жетүүгө тыюу салуу максатында люстрация жөнүндө мыйзамды кабыл алуу. Элге ишенимдүү кызмат кылуу антын бузгандардын бардыгы - жогорку жана орто даражадагы чиновниктер, соттор, тергөөчүлөр, прокурорлор люстрацияга кабылышат.
- КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ
Бүгүнкү Кыргызстан – бул, адамдар жана бизнес өздөрүн кылмышкерлерден да, укук коргоо органдарынан да корголгондугун сезбеген өлкө. Биз соттордон акыйкаттыкты табуудан түңүлдүк, ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздук сезимди эмес, коркуу сезимин жаратат. Мыйзам жарандарга капчыктын статусуна жана көлөмүнө жараша тандап мамиле жасайт, жазалоо сөзсүз болот деген түшүнүк жок. Уюшкан кылмыштуулук менен бийлик биригип кетти. Ишкерлерди коргоо максатында кызмат кыла турган укук коргоо органдары, тескерисинче бизнести жана жарандарды жеке баюунун булагы катары карашат. Азыр укук коргоо органдарынын иши жана натыйжалуулугу кылмыштуулукту азайтуу жана коопсуздукту жогорулатуу менен эмес, жазаланган адамдардын саны менен өлчөнөт.
Соттор жана акыйкаттык
Сот системасынын башкы кемчилиги - бул судьялар!
Абийирсиздик, саткындык, эрксиздик, кошаматчылык – мына ушул белгилер бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын судьясынын турпатын ачык мүнөздөйт. Алар өз чечимдери менен акыйкаттыктын баалуулуктарын жана принциптерин тебелеп-тепсешеп, адамдардын тагдырын талкалашап, адамдарды ар-намысынан жана акыйкаттыкка болгон ишениминен ажыратышат. Судьялардын адеп-ахлагынын бузулушу катастрофалык, коркунучтуу мүнөнөздү алып жүрөт жана кескин өзгөрүүнү талап кылат. Биз ар бирибиз жана жалпы коом кесипкөй, көзкарандысыз жана калыс, зарыл болгон кесиптик жана моралдык-этикалык сапаттарга ээ, көзкарандысыз жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууга жөндөмдүү сот адилеттигине муктаж.
Сот системасын РЕФОРМАЛОО
- Судьяларды тандоо кеңешиндеги жарандык коомдун өкүлдөрүнүн санын көбөйтүү жана ачык конкурс, коомдук процедуралар аркылуу аларды тандоонун ачыктыгын камсыз кылуу;
- Судьялардын сапаттуу тандалуусун камсыз кылуу, алардын кесиптик билимин жана жөндөмүн гана эмес, баарынан мурда сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон адеп-ахлактык сапаттарды (кынтыксыздыгын) ачып берүү;
- Судьялыкка талапкерлер кынтыксыздык талаптарына шайкештигинин жана мыйзамсыз алынган мүлктөрүнүн легалдаштыруу фактыларынын атайын текшерилишине макул болушу керек, ал эми активдерди текшерүү талапкердин өзүнө гана эмес, ошондой эле анын жакын чөйрөсүнө кеңири чөйрөдө жүргүзүлүшү керек (мүлктүк люстрация);
- Судьяларды сот адилеттигин жүзөгө ашырууга кийлигишүү фактыларын ачык жарыялоого милдеттендирүү;
- Мыйзамсыз баюу боюнча иштеп жаткан судьялардын мүлктүк люстрациясын жүргүзүү (декларацияларды иш жүзүндөгү мүлктүк абалга ылайык келишин текшерүү);
- Тартип иштерин кароонун ачыктыгын жана судьялардын жоопкерчилик чараларын күчөтүү.
МИЛИЦИЯ
Коопсуз чөйрө жеке жана экономикалык өнүгүүнүн негизи болуп саналат. Бардыгы үчүн бирдиктүү эрежелердин шартында гана мамлекет өнүгүшү мүмкүн. Биз адамдар өзүлөрүн коопсуз сезген, чет өлкөлүктөр келүүдөн коркпогон жана инвесторлор өз бизнеси ишенимдүү корголот деп ишене турган өлкөнү курушубуз керек. Бул жаңы жумуш орундары жана элдин байгерчилигинин жогорулашы.
Милицияны жазалоочу жана аскерлештирилген системадан жарандардын укуктарын жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого багытталган заманбап, ишенимдүү түзүмгө айландыруу керек. Укук коргоо органдарынын иши жазалоого эмес, кылмыштуулукту алдын алууга жана болтурбоого багытталууга тийиш. Кылмышкерлер авторитеттүү адамдар эмес, коом жектеген адамдар болуш керек. Коопсуздукту натыйжалуу камсыз кылуу үчүн система толугу менен кайра түзүлүп, саясий режимди коргоого эмес, коомдун кызыкчылыктарына багытталууга тийиш.
Милицияны РЕФОРМАЛОО
- Коомчулуктун катышуусу жана көзөмөлү менен ачык конкурстун негизинде жаңы кызматкерлерди алуу;
- Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылууга багытталган кылмыштуулукка каршы системалуу күрөшүү;
- Ички иштер органдарынын ишине баа берүүнүн негизги критерийи болуп, калктын ишеним деңгээли эсептелет;
- Ички иштер органдарынын ишин жөнгө салуучу бардык документтер адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет;
- Аппараттын штатын кыскартуунун эсебинен калк менен иш алып барган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин санынын көбөйүшү;
- ИИМде иштеген аялдардын санынын 30% га чейин көбөйүшү (азыр 12%);
- Жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу жана бардык маалыматтардын жалпыга жеткиликтүүлүгү (ички иштер бөлүмүнүн түзүмү, штаттык бирдиктер жөнүндө маалыматтар, эмгек акылар, отчеттор, анын ичинде кылмыштын абалы жөнүндө финансылык, статистикалык отчёттор, ошондой эле башка отчёттор)
КОРРУПЦИЯ
Кыргызстандагы расмий маалыматтар боюнча, коррупциянын кесепетинен бир жылдык зыян 15 миллиард сомго жакын. Бирок коррупциянын чыныгы масштабын аныктоо мүмкүн эмес, анткени коррупция биздин жашообуздун бардык чөйрөлөрүнө сиңип, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болуп турган учур. Коррупция бизнести өнүктүрүүгө, мамлекеттик бюджетти толтурууга, инвестицияларды тартууга жол бербейт, демек, жалпы экономиканын натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Коррупция социалдык чыңалуунун, теңсиздиктин жана жакырчылыктын өсүшүнө, уюшкан кылмыштуулуктун өсүшүнө, олигархиялык топтордун башкаруусуна, соттордун адилетсиздигине, бийликке болгон ишеним деңгээлинин төмөндөшүнө жана башкаларга алып келет. Азыркы учурда коррупция улуттук чектин алкагынан чыгып кетти. Мыйзамсыз жол менен алынган коррупциялык кирешелер мамлекеттүүлүктүн негиздерине жана өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына доо кетирип, улуттук жана эл аралык финансылык агымдарга кошулат.
Коррупцияга каршы РЕФОРМА
Көз карандысыз адистештирилген текшерүү механизмин, электрондук декларация системасын киргизүү, кызмат адамдарынын жана алардын жакын туугандарынын мүлктөрү жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- Кландык, тууганчылык жана жердешчилик башкарууну жоюу үчүн "Тууганчылык байланыштарды ачыктоо жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу. Мамлекеттик кызматка орношууда кызмат адамдарын үй-бүлөлүк жана башка тыгыз байланыштар болгондугу үчүн кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө электрондук декларацияларды (ачык жайгаштыруу) жыл сайын толтурууну милдеттендирүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында аларды текшерүү механизмин түзүү;
- коррупциялык укук бузуулар үчүн люстрацияланган жана жоопко тартылган кызмат адамдары жөнүндө ачык маалымат базасын түзүү;
- ЭКОНОМИКАНЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮҮ
Биздин экономика кейиштүү абалда: Жумушсуздук өсүшү жана эмгек акынын аздыгы жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылууда. Инвесторлор өлкөгө киришпейт. Анын үстүнө, акыркы жылдары өлкөдөн капиталдын рекорддук агылып чыккандыгын байкоого болот. Биз импортко көз каранды өлкөбүз. Өкмөттүн бизнес ишине ашыкча кийлигишүүсү жана системалашкан коррупция бизнестин өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Экономиканын олуттуу бөлүгү көмүскөдө. Кыргызстандын ар бир регионунун экономикасын өнүктүрүү үчүн өзүнүн уникалдуу артыкчылыктары бар, алар учурда толук пайдаланылбай жатат. Бизнеске мамлекеттик жана башка органдардын мыйзамсыз кийлигишүүсү, ошондой эле кылмыштуу элементтер, рэкет жана опузалоо ишкерлердин өсүп-өнүгүүсүнө жол бербейт. Дүйнөлүк тажрыйба мамлекеттин начар менчик ээси экендигин далилдеди. Мамлекеттик компаниялардын болушу коррупцияга жол ачып, жеке сектор үчүн атаандаштыкка шарт түзө албайт. Мамлекеттин экономикадагы милдети – мүмкүн болушунча тоскоолдуктарды азайтуу, жеке сектордун укуктарын коргоо менен чектелиши керек жана менчик жана экономикалык талаш-тартыштардын тез жана адилеттүү чечилишин камсыз кылуусу керек деген терең ишенебиз. Бул үчүн мамлекет эки гана багытта иштеши керек:
Экономикалык РЕФОРМА
- Экономиканы мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсүнөн бошотуу:
- Түз салыктардын пайдасына кыйыр салыктарды азайтуу;
- Чакан, орто жана ири бизнес үчүн Салык кодексин бөлүү;
- Бажы жана салык кызматтарынын кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү;
- Керексиз процедураларды, чектөөлөрдү, күбөлүктөрдү, уруксат кагаздарын, лицензияларды ж.б. жокко чыгаруу;
- Көзөмөлдөөчү органдардын ашыкча контролдук функцияларын жоюу;
- Финансылык полицияны жоюу;
- Ишкерлердин Салык кызматына гана отчет берүү;
- Эл аралык арбитраждык соттордун чечимдерин милдеттүү түрдө аткаруу;
- Инвестор тарабынан бир жерден бардык керектүү документтерди жана уруксат кагаздарын алуу;
- Салык кылмыштарын декриминалдаштыруу;
- Ишкердик кодексин кабыл алуу;
- Бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
- Кыргызстанда дүйнөдөгү эң эркин жана ачык виза режимин киргизүү;
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу. Электр энергиясынын экономикалык жактан пайдалуу тарифтерин ишке ашыруу;
- Электр энергиясын сатууда монополияны жоюу;
- Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу;
- Айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келген технологияларды субсидиялоо;
- Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү;
- Жогорку технологиялар паркынын режимин ага бардык креативдүү тармактарды камтуу менен кеңейтип, креативдүү тармактар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.
- АР БИР ЖАРАН ҮЧҮН САПАТТУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ МЕДИЦИНА
Коронавирус пандемиясы лакмус кагазы сыяктуу Кыргызстандагы саламаттык сактоонун бардык системалуу көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды: дарыгерлердин жана медициналык персоналдын жетишсиздиги, медициналык кадрлардын даярдыгынын начардыгы, ооруканаларда заманбап шаймандардын жетишсиздиги (санарип рентген аппараттары, компьютердик томография, МРТ), заманбап биохимиялык лабораториялар, эпидемия учурунда дары-дармектер менен камсыздоодогу оор кырдаал ж.б.
Учурда Кыргызстанда 10 миң калкка 21 дарыгер туура келет. Бул башка өлкөлөргө караганда төмөн: мисалы, ДСУнун маалыматы боюнча, Казакстанда 10 миң адамды 38 дарыгер тейлейт, Грузияда - 47, Беларуссияда - 40, Өзбекстанда - 25.
Дарыгерлер менен камсыздоодо олуттуу географиялык дисбаланс сакталууда: эгерде Ош шаарында калктын 10 миңине 26 дарыгер туура келсе, анда Талас облусунда болгону 12 дарыгер бирдей потенциалдуу бейтаптарды тейлейт. Медициналык адистиктердин структурасында дисбаланс бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк дарыгерлердин абалы катастрофалык абалда: азыркы учурда 1,5 миңге жакын үй-бүлөлүк дарыгерлер бар. Ушул көйгөйлөрдүн бардыгы саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнө таасир этпей койгон жок: энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү - ДСУнун маалыматы боюнча, ал постсоветтик мейкиндиктин өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң жогору - республикада 100 миң төрөлгөнгө 76 эненин өлүмү туура келет.
Ымыркайлардын өлүмү боюнча Кыргызстан Вьетнам жана Вануату сыяктуу өлкөлөр менен чектешип, дүйнөдө 79-орунда турат. Өнүккөн өлкөлөрдө жашоо узактыгы 80 жыл, Кыргыз Республикасында 71,3 жашты түзөт. Ушуга байланыштуу биздин партия саламаттыкты сактоону реформалоодо төмөнкү пункттарды белгиледи, ал системанын өзүн өзгөртүп, анын негизги катышуучуларынын (бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин) жашоосу жакшырышы керек.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү РЕФОРМА
- “Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жөнүндө” Мыйзамды кабыл алуу;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандырууну илгерилетүү;
- Администрациялык штатты кыскартуу жана медициналык мекемелердин функционалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу, башкы врачтардын шайлануусун эки мөөнөттөн ашык шайлоого тыюу салуу менен киргизүү;
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде саламаттыкты сактоого инвестицияларды тартуу;
- Медицина кызматкерлеринин кесиптик бирлик уюмдарынын ролун жана көзкарандысыздык кепилдиктерин күчөтүү;
- Эпидемияга даярдыкты күчөтүү (ылайыктуу иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу; маалыматтарды чогултуу ыкмалары, жугуштуу ооруларды алдын алуу жана алдын алуу; ар кандай мамлекеттик органдар менен макулдашуу механизмдери);
- Кластердик медицинаны киргизүү жана өнүктүрүү;
- Медициналык кызматкерлердин даярдык деңгээлин жогорулатуу жана илимди өнүктүрүү үчүн университеттердин клиникаларын түзүү;
- Стационар алмаштыруучу технологияларды жана медициналык жардамдын түрлөрүн киргизүү;
- Клиникалык протоколдорду иштеп чыгууда далилдүү медицинанын принциптерин так сактоону камсыз кылуу;
- Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо;
- БИЛИМ БЕРҮҮ
Кыргызстан - бул адамдар. Дал ушул адамдар укмуштуудай ачылыштарды жасашат, бизнести өнүктүрүшөт жана жумуш орундарын түзүшөт, эл аралык мелдештерде желек көтөрүп, чыгармачылыгы менен Кыргызстандын даңкын чыгарган адамдар. Биздин балдарыбыздын жана жаштарыбыздын өнүгүшүнө салым кошуу жана инвестиция салуу менен, биз келечекте күчтүү экономиканын жана мамлекеттин пайдубалын түптөп жатабыз. Жеке адамдын жана адамдык капиталдын өнүгүшү мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири. Биздин билим берүү системабыз эскирген жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп бербейт. Биз жок болуп бара жаткан кесиптер боюнча адистерди даярдайбыз. Кесиптик техникалык билим берүү системасы өнүгүүдөн артта калды. Өлкөдө квалификациялуу адистердин кескин жетишсиздиги экономикалык өсүшкө тоскоолдук кылган факторлордун бири. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин аз айлык акысы мугалимдик кесипке болгон кызыгууну толугу менен жок кылат. Билим берүү инфраструктурасы эскирип баратат, ал эми компьютерлер студенттер үчүн кымбат нерсе. Маданият жана спорт кызматкерлери мамлекеттен жетиштүү колдоонун жоктугунан өз таланттарын ишке ашыра албай, чет өлкөлөрдөн колдоо издөөгө аргасыз болууда. Билим берүү, маданият жана спорт тармагы аз эмгек акыга иштеген ышкыбоздор менен гана сакталып турат. Адам капиталы жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн келечекте ийгиликтүү өнүгүп, өзгөрүлүп жаткан шарттарга ылайыкташуу мүмкүнчүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Өнүккөн өлкөлөрдө адам капиталынын наркы негизги капиталга караганда 1,5 эсе жогору, ал эми ИДПнын өсүшүнө салымы 60-80% түзөт. Эгер биз гүлдөгөн мамлекетте жашагыбыз келсе, анда терең ойлонулган жана радикалдуу билим берүү реформасы керек. Демек, биздин партия билим берүү системасын өзгөртүп, анын негизги катышуучуларынын (балдар / жаштар жана мугалимдер) жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө тийиш болгон төмөнкү пункттарды белгиледи:
Билим берүү үчүн РЕФОРМА
- Ваучерди киргизүү менен мектептерди каржылоонун принциптерин өзгөртүү жана аны акырындык менен көбөйтүү аркылуу, жеке менчик жогорку, орто жана атайын окуу жайларын түзүүгө салыктык стимулдар киргизүү;
- бардык билим берүү мекемелеринде камкордук кеңештеринин системасын жана финансылык жана адамдык ресурстарды өз алдынча башкаруу системасын киргизүү;
- квалификациясынын өсүшүшүнө жараша материалдык стимул берүү менен мугалимдердин кесиптик жана карьералык өсүшүнүн натыйжалуу моделин ишке ашыруу;
- алкактык окуу программаларын иштеп чыгуу (милдеттүү сабактардын чектелген үлүшү менен) жана аларды иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен жана эл аралык алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен үзгүлтүксүз кайра иштеп чыгуу;
- Илимдер академиясын жоюу жана ЖОЖдордо илимий борборлорду уюштуруу;
- өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринин рейтингин киргизүү;
- Инклюзивдик жана дистанттык билим берүүнү, анын ичинде ДМЧАны өнүктүрүү.
- ТАБИГАТ МЕНЕН ГАРМОНИЯДА ӨНҮГҮҮ
Өлкөнүн жаратылышы жана ресурстары коомдун жалпы байлыгынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Коомго пайдалуу эмес, айлана-чөйрөгө көбүрөөк зыян келтирүүчү иш-чаралар, жалпы байлыкты азайтып, бизди жакырлантат жана жарандардын кызыкчылыктарына каршы келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө экоцид жүрүп жатат. Экологиялык жактан коопсуз өлкө атагыбызды тездик менен жоготуп жатабыз. Биздин тоолор таштандылар жана өндүрүштүк таштандылар менен булганган, борбор шаар дүйнөдөгү эң булганган, аба, топурактар жана суу сактагычтар деградациясы, уникалдуу экосистемалары жоголгон шаарга айланды. Бул бизге куттуу Кыргызстандын мурасын калтырган ата-бабаларыбыздын осуяттарына же туруктуу өнүгүү принциптерине дал келбейт. Таза аба, суу, тамак-ашсыз чыныгы жыргалчылык болбойт. Мамлекет коомдук кызыкчылыктардын корголушун камсыз кылууга жана өлкөнүн экологиясын бузуп, коомдук жыргалчылыкты төмөндөтүүчү аракеттерге жол бербөөгө милдеттүү.
Экология боюнча РЕФОРМА
- Пайдасынан айлана-чөйрөгө узак мөөнөттүү зыяны көп экономикалык иш-аракеттерге тыюу салуу;
- Курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик институттарды бекемдөө;
- Мөңгүлөрдү бузган иштерге тыюу салуу;
- Өлкөнү жашылдандыруу аянтын бир нече эсе көбөйтүү;
- Сууну үнөмдөөчү инновациялык сугаруу технологияларын киргизүү;
- Экологиялык таза коомдук транспорттун өнүгүшү;
- Электромобилдерге инфраструктураны түзүү жана жеңилдиктерди берүү;
- Электр энергиясын өндүрүү жана жылытуу үчүн көмүрдү пайдаланууну басаңдатып, коопсуз булактарга өткөрүү;
- Кыргызстандын ар бир калктуу конушундагы тазалоочу курулмалар;
- Пластмассаны колдонууну акырындык менен токтотуу;
- Айлана-чөйрөнү урматтоо жана туруктуу өнүгүүнүн негиздерин түшүнүү маданиятын жайылтуу.
- МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ЖАНА
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУ РЕФОРМАЛОО
Программада көрсөтүлгөн бардык кадамдар мамлекеттик башкаруу системасындагы реформалар менен тыгыз байланышта. Калк үчүн оор мезгилде көпчүлүк мамлекеттик органдар демилге көтөрбөстөн, ошону менен өзгөчө кырдаалды жөнгө салууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүшкөн. Бирок, саламаттыкты сактоого караганда, аларды тейлөөгө салыштырмалуу бир топ көп акча сарпталат. Мамлекеттик аппарат эсепсиз кеңейип, ал эми алардын ишинин натыйжалуулугунан өлкөдөгү кырдаал кабар берип турат.
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу үчүн РЕФОРМА
- Мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу үчүн ар бир министрликтин жана ведомствонун түзүмүн жана сандык курамын кайра карап чыгуу;
- Талапкерлердин кесиптик жана кадыр-баркына болгон талаптарды күчөтүү;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди конкурстук тандап алуунун тартибин жана жол-жоболорун максималдуу обьективдүүлүктү жана ачыктыкты камсыз кылуу багытында өзгөртүү;
- Мамлекеттик аппаратты кыскартуу;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорун санариптештирүүнү тездетүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн жарандык активдүүлүктүн жана демилгелүүлүктүн потенциалын пайдалануу, жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү өз көйгөйлөрүн өз жоопкерчилиги астында өз алдынча чечүүгө жана ошону менен чыныгы демократияны камсыз кылууга реалдуу мүмкүнчүлүк берүү зарыл.
Жергиликтүү элдик башкаруу үчүн РЕФОРМА
- Демократиянын тикелей формаларын - жергиликтүү курултайларды, жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өнүктүрүүгө түрткү берүү;
- Фискалдык децентрализацияны ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алардын муктаждыктарына шайкеш экономикалык жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу;
- Бөлүштүрүлгөн салыктардын үлүшүн жергиликтүү бюджеттердин пайдасына көбөйтүү;
- ЖӨБ органдарынын бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча ачык бюджеттик угууларды уюштуруу;
- ЖӨБ органдарынын бардык каржылык-чарбалык иш-аракеттеринин, анын ичинде салыктык кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу.
- "Электрондук айыл өкмөтү" тутумун кеңири жайылтуу;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана муниципалдык кызматта аялдардын жогорку деңгээлдеги өкүлчүлүгүн камсыз кылуу;
- Айылдардын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн ачык маалымат базасын түзүү;
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, айыл өкмөт башчыларын, муниципалдык кызматкерлерди окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу тутумун түзүү, анын ичинде онлайн окутуу жолу менен;
Биз реформа жолун тандап алдык. Бул кризистер, тагдыр чечкен чечимдер жана түшүнбөстүктөргө алып келүүчү узак жана татаал жол. Ишенимибиз жана идеяларыбыз үчүн биз жоопкерчилигибизди сезебиз. Биз баарыңарды ата-бабаларынын мурасын сактоого жана күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстанды балдарга калтыруу жолунда биригүүгө чакырабыз!