Саясий партиянын кыскача аталышы: СП «Бир Бол»
ИНН: 02806201010070
ЮЖБР кирүү датасы: 26 февраля 2014 г.
Саясий партиянын түзүлүүшү: Уюштуруучу Жыйын өткөрүү жолу менен
Уставдын кабыл алынган датасы: 27 январь 2014 ж.
Катталган регионалдык филиалдардын саны:
Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий кеӊеш
Байланыш маалыматтары
Дареги: Ош ш., мкр. Анар №15г
Байланыш телефону: 0776 38 38 44
Расмий сайт: birbolparty@gmail.com
Коомдук кабылдама: Ош ш., мкр. Анар №15г, тел: 0700 32 22 68
Партиянын төрагасы: Сулайманов Алтынбек Турдубаевич 1972-жылы 24-сентябрда Ош областынын Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1978-жылы Я.М.Свердлов атындагы орто мектебине тапшырган, мектепти 1989 –жылы аяктаган. 1990-1992-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн. Андан соӊ 1992-97-жылдары жекече ишкердик менен алектенген.1997—1999-ж.ж. «Монолит» акционердик коомунун Оштогу филиалында ага инспектор болуп иштеген.Ал эми 1999—2001-ж.ж.«Алтын Темир» корпорациясында директордун орун басары, 2001-жылы«Темир» мамлекеттик ишканасынын Ош областы боюнча өкүлчүлүгүндө башкы инспектор болуп эмгектенген.2001-жылдан 2007-жылга чейин аталган ишкананын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп дайындалган.2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.2007—2010-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты. 2009-жылы Ош Технологиялык университетинин экономика факультетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты. 2017 –жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлиги алдындагы Дипломатиялык академиянын “Эл аралык мамилелер” адистигин аяктаган.
Сегиз баланын атасы, үй-бүлөлүү. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери. Соттолгон эмес.