
«Бүтүн Кыргызстан» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ
Байланыш үчүн маалыматтар:
Дареги: Ош шаары Джиннах көч. 3
Телефондор: 0559 90 90 24, 0771 46 29 30
Коомдук кабылдама: 0559 90 90 24, 0771 46 29 30
Интернет желесиндеги байланыш:
Официалдуу сайт: Butun.kg
Саясий партиянын төрагасы: Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, 1965-жылы, 9-мартта Ош облусуна караштуу, Өзгөн районунун, Куршаб айылында туулган.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, 2011-жылы жана 2017-жылы Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
Эмгек ишмердүүлүүгү:
- 1985–1987 — Ош облусуна караштуу, Өзгөн районундагы «Кайнар» совхозунда жумушчу, «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасынын башчысы.
- 1992–1994 — Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министринин референти, "Түрк ааламы" гезитинин башкы редактору.
- 1992–1995 — редактор, башкы редактордун орун басары, Мамлекеттик улуттук телерадиокомпаниянын жаштар берүүсүнүн башкы редактору.
- 1995–2005 — Жогорку Кенештин үч чакырылышынын депутаты.
- 2006- жылдын апрель айынан баштап Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткарган.
- 2006–2007 — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.
- 2007–2008 — Жогорку Кенештин IV чакырылышынын төрагасы.
- 2008–2009 — Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчысы.
- 2013–2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин төрагасынын орун басары
- 2006 - 2020 – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
Саясий партиянын максаты жана милдети:
Партиянын башкы максаты:
- калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашыруу;
- экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жардам берүү - калктын жашоо деңгээлин көтөрүү;
- калктын социалдык аярлуу катмарын, көбүнчө улгайган адамдарды, майыптарды, жаштарды жана жумушсуздарды социалдык жана укуктук жактан коргоого, алар үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун киргизүү;
- мамлекеттик бийликтин эл алдында отчет берүүчү тутумун түзүүгө көмөктөшүү жана бийлик бутактары - мыйзам чыгаруу, аткаруу жана соттордун ортосунда так бөлүштүрүү;
- менчикти жана инвестицияларды мыйзамсыз кол салуудан жана рейдерликтен коргоого жардам берүү.