Шаардык кеңештердин тизмеси > Ош шаардык кеңеш > "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын

Ош шаарын өнүктүрүү боюнча

ПРОГРАММАСЫ

Урматтуу шаардыктар!

          Биз, келечекте Ош шаарын билимдин, медицинанын жана туризмдин борборуна айлантса болооруна ишенебиз жана аны реалдуу программа менен ишке ашыра алабыз! 

Ал үчүн биз төмөндөгү негизги багыттардан турган программаны сиздерге сунуштайбыз:

Меймандос шаар

Ош - туристтер үчүн жайгашкан жери жана өзүнүн тарыхы боюнча жагымдуу шаар болуп эсептелет. Азыркы учурда жыл ичинде келген чет элдик туристтердин саны расмий көрсөткүч боюнча 30 000 тегерегин түзөт.

Биздин максат бул санды алдынкы 4 жыл аралыгында кеминде 2 эсеге көбөйтүү менен Ошту туристтик шаарга айлантуу. Ал үчүн туристтерге жагымдуу шарттар түзүлүшү керек.

Туристтик шаарга айлантуу биз үчүн төмөндөгү жыйынтыктарды берет: а) шаар бюджети өсөт б) эл кошумча киреше табат в) инвестиция тартуу жеңилдейт г) шаар көрккө келип, ыңгайлуу шарттар түзүлөт д) жумуш орундары көбөйөт.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Ош шаарынын туристтик брендин, айдентикасын ачык конкурс аркылуу иштеп чыгып, жайылтабыз;
  • Шаардагы музейлерди замандын талабына жараша толук жаңылайбыз;
  • “Меймандос шаар” философиясын жайылтабыз;
  • Коомдук жайлардагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу (окутабыз) багытында системалык иш-чараларды киргизебиз;
  • Туристтик аянтчаларды, анын ичинде “Ош чыгыш базарын” уюштурабыз;
  • Архитектуралык курулуштардын көркүн ирээтке келтирүүгө көңүл бурабыз;
  • Тарыхий жайларды оңдоону колго алабыз;
  • Ички туризмди өстүрүүгө шарт түзөбүз;

Коопсуз шаар

Биз үчүн ар бир шаар тургунунун коопсуздугу маанилүү!

Шаар тургундары жана коноктору сутканын кайсыл убактысы болбосун, кайсыл жерде жүрбөсүн өздөрүн жана жакындарын коопсуз сезүүсү керек. Ошол максатта коопсуз шаар долбоорунун ишке ашуусун тездетүү зарыл деп билебиз.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Ар бир жаранга онлайн көрүү мүмкүнчүлүгү менен видео көзөмөл орнотууну уюштурабыз:

а) көп кабаттуу үйлөрдүн короолору;

б) учурда камтылбаган мектеп жана бала бакчалар;

  • Коомдук жайлардагы видео көзөмөлдүн камтуу аймактарын кеңейтип, парк, негизги көчөлөрдүн тратуарлары жана аялдамаларга чейин жайылтабыз;
  • Ички жолдор, тратуарлар жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун жарыктандырууга жетишебиз;
  • Коомдук транспорттун кечки убакытта иштөө тартибин катуу көзөмөлгө алабыз;
  • Мектеп окуучулары үчүн атайын маршруттук ташууну уюштурабыз;
  • Имараттардагы өрт коопсуздук стандарттарынын аткарылышын өзгөчө көзөмөлдөйбүз;
  • Жол коопсуздугун камсыздоо жана жолдо жүрүү маданиятын жогорулатабыз;

Бай шаар

Шаар өсүп-өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте анын экономикасына көңүл бурулуусу керек. Шаардык бюджетти көтөрүү максатында ишкерлик үчүн жагымдуу жана ынгайлуу шарттарды түзүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз. Шаарыбыз канчалык бай болсо, андагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө ошончолук мүмкүнчүлүктөрүбүз жогорулайт.

Инвестиция тартуу жана жеке ишкерликти өнүктүрүү аркылуу шаардыктар үчүн миңдеген кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга шарт түзөбүз.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Салык жана атайын жыйымдар автоматташтыруу процесси жакшыртылат;
  • Ишкерлер коому менен шаар бийлиги ортосундагы туруктуу диалогду түзүүдө атайын аянтча уюштурулат;
  • Инвесторлордун укугун коргоо боюнча бөлүм түзүлөт жана анын жетекчиси ачык конкурс аркылуу тандалат;
  • Мыкты идеяларды алып чыгуу үчүн атайын каражат бөлүнүп, стартаптар реалдуу колдоого алынат;
  • Туризм, билим берүү жана медицина тармагында башталып жаткан бизнестерге жеңилдиктер берилүү менен колдоого алынат;
  • Инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты эксперттреди консультант катары шаардык мэриянын ишмердүүлүгүнө тартабыз;
  • Жаштар арасында ишкерликти пропагандалоо боюнча иш-чараларды уюштурабыз;

Ыңгайлуу шаар

Шаардыктардын жашоосунун ыңгайлуу болуусу шаардык бийликтин эң негизги милдети. Андыктан жергиликтүү бийликке түшкөн салыктар шаарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу жана ыңгайлуу болуусу үчүн сарпталышы керек. Башаламан курулуштардан тартып жумушка барып келүүдөгү жол тыгындары жана жөө сейилдөөдөгү ыңгайсыздыктар сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү биздин негизги максатыбыз.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Жол тыгынын кыскартуунун үстүнөн иштейбиз:
  1. Жол чырактар менен жол белгилерди жериндеги талапка жана өзгөчөлүгүнө ылайыктап, алардын иштешин өзгөртөбүз;
  2. Шаардагы аялдамаларды иретке келтиребиз (аялдамалар жол тыгынын жаратпай турган, атайын талаптарга ылайыктуу жайгашышы керек);
  3. Маршруттук каттамдардын кыймылынын схемасын, графигин онлайн форматка өткөрөбүз;
  4. Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушун тездетүүнү колго алабыз;
  5. Жөө адамдар өтүүчү өтмөкмөктөрдү курабыз;
  6. 3-троллейбустук линияны ишке киргизебиз;
  7. Унаа токтотуучу (парковка) жайларды көбөйтөбүз;
  8. Келечекте шаардын ичинде жеке унаага караганда коомдук транспорт жана велосипед менен жүрүү ынгайлуулугун жаратабыз;
  • Имараттар стандартка ылайык курулат.
  1. Шаардагы курулуштар мыйзамга жана башкы планга ылайык такай көзөмөлдөнөт;
  2. Курулуп жаткан имараттардын уруксат кагаздары сырткы жарнамаларда милдеттүү түрдө чагылдырылат;
  3. Тратуарлардын стандартка ылайык толук оңдолушуна көңүл бурабыз;
  • Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздайбыз:
  1. Шаардык суу кампасынын (резервуардын) иштөөсүн, жакшыртуу маселесин кайра карап чыгабыз;
  2. Таза суу жетпеген аймактардын маселесин чечебиз;
  • Шаар ичинде 25 жаңы, заманбап муниципалдык ажаткана курабыз;
  • Таштанды үчүн урналардын санын көбөйтөбүз;
  • Көчө бойлоп отургучтарды (скамейкаларды) орнотууну көбөйтөбүз.

Ачык-айкын шаар

Ош шаарынын ар бир тургуну шаардык бийликтин эффективдүү иштөөсүн каалаган убакта көзөмөлдөй алуусу керек. Иштетилген каражаттардын максаттуу пайдалануусун, кызматтарынын сапатын жана чыгарылган чечимдердин баарын ачык-айкын болуусуна шарт түзөбүз.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Шаардык бюджеттин толук ачык айкындуулугун камсыздайбыз;
  • Муниципалдык сатып алуулардын (тендерлер) сапатын жана бааларын көзөмөлдөйбүз;
  • Ар бир кабыл алынган чечим элге ачык болот;
  • Шаардын башкы планын ачыктайбыз;
  • Алынып жаткан гранттар жана карыздар жөнүндө кенен маалыматтар чыгып турушун камсыздайбыз;
  • Шаардын жерлерин ижарага берүү конкурстары жалпыга толук маалым болуусун шарттайбыз жана алардын ижара акысын базар баасына алып келебиз;
  • Бюджеттик угууларга жарандарды тартуу боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзөбүз жана шаардыктарга онлайн чагылдырабыз;
  • Биздин депутаттар жылына эки жолу шаардыктарга жеке отчетун берип турат;
  • Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү толук санариптештиребиз;
  • Жарандардын электрондук кайрылуу порталын ишке киргизебиз;
  • Бардык муниципалдык төлөмдөрдү электрондук төлөөгө өткөрөбүз;
  • Ишкерлер үчүн бекер бухгалтердик эсеп боюнча тиркем ишке киргизебиз;
  • Санариптик механизмдер менен иштөө боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүзүбүз;

Камкор шаар

    Ата-эне өз баласына камкор болгон сымал эле, шаардык бийлик өзүнүн тургундарына аяр мамиле жасап, алардын жашоо сапатынын жакшы болуусуна бүт күчүн жумшашы керек. Ош шаарынын жашоочуларынын социалдык шарттарын жакшыртуу , потенциалын көтөрүү биздин партиянын негизги талаптарынын бири.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Билим берүү
  1. Заманбап бала бакчаларды жана мектептерди жетиштүү санда курабыз;
  2. Билим алууга жетиштүү, талаптагыдай шарттарды түзүүнү алдынкы орунга коебуз;
  3. Мугалимдердин аброюн жогорулатуу боюнча механизм иштеп чыгып, аларга стимул берүүнү колго алабыз;
  4. Мектептерге, бала бакчаларга баланы жайгаштырууда электрондук кезекке турууну жакшыртабыз жана катуу көзөмөлгө алабыз;
  5. Шаардык олимпиадалардын санын көбөйтүп, аларды жыл сайын өткөрүүнү салтка айландырабыз;
  6. Натыйжалуу жашоо көндүмдөрүн (soft skills) окутууну пропагандалайбыз.
  • Саламаттык сактоо
  1. Шаардагы коомдук жайларды санитардык нормаларга шайкеш келтиребиз;
  2. Бала бакча жана мектептерде санитардык коопсуздук шарттарын жакшыртабыз (туалет, ысык суу, самын ж.б.);
  3. Балдарга медициналык кароону такай уюштурабыз;
  • Социалдык аяр катмардагы шаардыктарга кам көрөбүз:
  1. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатында социалдык ишкердик каржыланат;
  2. Ар бир мекемеге “Чакырамын” кызматын орноштурабыз;
  3. Мекемелердеги пандустардын талапка жооп берүүсүн карап чыгып, стандартка шайкеш келтиребиз;
  • Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды пропагандалайбыз;
  • Жеңил шарттагы ипотекалык үйлөрдүн курулуусун көбөйтөбүз жана аларды бөлүштүрүүнү ачык-айкын жүргүзөбүз.;
  • Олимпиадалык спорт түрлөрүн пропагандалайбыз жана ушул тармакта шаардык мелдештер каржыланат.

Сүйүктүү шаар

Биз Ошту сүйөбүз. Бул жерде биздин бактылуу балалыгыбыз, жалындуу жаштыгыбыз өтөт жана  келечегибиз ушул шаар менен байланышкан. Шаардагы көп улуттуу элибиздин ынтымагын бекемдеп, меймандос касиетибиз менен баарыбызды бириктирип турган сезим бул шаарды сүйүү сезими деп билебиз. Ошондуктан биздин шаарыбыз азыркыдан да кооз, жарандар үчүн сүйүктүү жана анын тургундары бекем достукта болушун каалайбыз.  

Сүйүктүү шаарыбыз үчүн төмөнкү иштерди аткарууну максат кылдык:

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Маданият тармагы:
  1. Шаардык тематикалык фестивальдарды өткөрүүнү салтка айлантабыз;
  2. Коомдук эс алуу жайларын көбөйтөбүз;
  3. Шаар маданиятын калыптандыруу багытында иш-чараларды баштайбыз;
  4. Шаардык амфитеатр уюштурабыз;
  5. Ак-буура жээгине муниципалдык чөмүлүү жайларды уюштурабыз;
  6. Кышында шаардык муз аянтчасын уюштурабыз;
  7. Декоративдик дарактарды отургузабыз;

Эко шаар

Экологияга жасалган  кайдыгерлик мамиледен улам дүйнө жүзүндө жана сүйүктүү Ош шаарыбызда бир топ маселелер жаралган. Бул глобалдык көйгөйдү чечүүдө “Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы олуттуу иш аракеттерди жүргүзүү менен шаарыбызды “ЭКО ШААРГА” айлантууну максат кылды.

Аткарылуучу конкреттүү иштер:

  • Аба тазалыгынын сапатын өлчөгүчтөрдү орнотобуз;
  • Жашыл зоналарды көбөйтөбүз – жыл сайын 100 000 көчөт тигүү;
  • Таштанды кайра иштетүүчү завод курууга инвестор жана грант тартууга ачык шарт түзөбүз;
  • Шаардагы бак дарактарды суугаруу системасын жакшыртабыз;
  • Ак-буура жана кичи каналдардын тазалыгынын, санитардык абалын өзгөчө көзөмөлгө алабыз;
  • Жарандар арасында таза шаар маданиятын калыптандырууга жетишебиз;
  • Келечекте муниципалдык транспортторду алмаштырууда электробустарга басым жасайбыз жана аларды колдонууга шарт түзөбүз.