Ош шаарындагы «Улуу-Журт саясий» партиясынын программасы

  1. Таза суу маселесин чечүү;

 - Шаарыбыздын тургундары таза суу менен камсыз болууга толук кандуу укуктуу, ал эми аба ырайынын өзгөрүүсүнө жана башка климаттык кубулуштарга карабастан шаар бийлиги элди үзгүлтүксүз таза суу менен  камсыздап турууга милдеттүү;

-  Ош шаарындагы суу түтүктөрү СССР убагынан бери жаңылана элек;

-  Таза суу таңкыстыгынан улам шаарыбыздын тургундары, айрыкча жаш балдар арасында түркүн-түстүү оорулар күчөп жатат;

-  Ошондуктан  тез аранын ичинде суу түтүктөрүн жаңылап, элди ичүүчү таза суу менен камсыздоо бул мезгилдин талабы.

  1. Шаар аймагына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көзөмөлгө алуу, аларга бөлүнүп берилген жерлердин мыйзамдуулугун депутаттык комиссия түзүп текшерип чыгуу;

-  Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астында автоунаа токтотуучу жайдын тардыгы, балдар ойноочу жайлардын талапка жооп бербегендиги ошол үйлөрдүн  мыйзамсыз курулуп жаткандыгынан кабар берет.

-  Мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген тийиштүү кызмат адамдарынын иш аракеттерин депутаттык комиссия түзүп иликтеп чыкса күнөлүүлөр мыйзам алдында жооп беришет;

  1. Жол тыгындарын жоюу, Ош шаарына кирип чыгуучу дагы бир негизги жолду куруу иштерин баштоо жана эл жыш жайгашкан жерлерге автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу.

-  Суу- шаардын каны болсо, жол анын тамыры. Андыктан жол маселесине өзгөчө көңүл буруу бул-Улуу-Журт партиясынын негизги приаритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

-  Шаар бийлиги автоунаа токтотуучу жайларды уюштурбай туруп элдин автоунааларын эвакуатор менен жүктөп кетүүгө канчалык укугу бар? Автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруп, жолдорду жыл сайын жамоонун оордуна жаңы жолдордуу салуу керек.

  1. Билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу, мыкты окутуучуларга жана окуучуларга стимул катары шаардык бюджеттен  стипендия бөлүп берүү;

-  “Билимдүү адам караңгыда чырак менен баскандай”-деп айтылгандай, билимдүү жаштарды колдоп, билимдүү коомду куруу Улуу-Журт партиясынын негизги улуу максаттарынын бири.

-  Мектеп директорлорун дайындоодо коррупцияга жол бербей, чыныгы мыкты, иш билги жетекчилердин мектеп директору болуусуна  шарт түзүп берүү.

  1. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга шаар аймагында өз үйүндө жүргөндөй ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү;

-  Кыргызстан демократиялуу, социалдык мамлекет болгондуктан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүп берүү зарыл;

-  Коомдук каттамдарда,жол чырактарда, соода түйүндөрүндө, муниципалдык мекеме ишканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоп, алардын ээн эркин, тоскоолдуксуз басып журуусуно шарт тузуу;

  1. Ош шаарына регионалдык банк куруу;

-   Ош шаарында жыйырма төрт банк бар, алардын ичинен экөө гана мамлекеттик, калган жыйырма экиси мамлекеттик эмес банктар болуп эсептелинет.

-  Регионалдык банк куруу менен төмөн пайызда элге кредит берүүнү уюштуруу жана шаар казынасын толтуруу.

Жогоруда жазылган платформаларды ишке ашыруу үчүн саясий эрк керек. Саясий эрк болушу үчүн көз карандысыз депутат болуу абзел. Көз карандысыз депутаттарды шайлап алуу- урматтуу шайлоочу сиздин колуңузда!

Улуу жолго Улуу-Журт менен!