Ош шаарындагы “Нур” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Ош шаарынын экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандарды Ош шаарындагы жашоосун ыңгайлаштыруу үчүн:

-          акыйкат жана руханий жактан бирдиктүү коом

-          атаандаштыка жөндөмдүү иновациялык экономика

-          жарандарга жогорку дэнгээлдеги жашоону тартуулоо

Эгемендүү Кырызыстаныбыздын улуттук принциптеринде, өлкөнүн сапаттуу жанылануу стратегиясын жүзөгө ашыруу менен, биз, Ош шаарынын тургундарына, шаарда жүргүзүлүп жаткан жумуштар жана аракеттерди көзөмөлдөп турууга, ал эми жарандар тарабынан төлөнүп келе жаткан салыктарга, элдик төлөмдөргө кызыкчылыктарга өз алдынча ээлик кылууга, Ош шаарын Башчысы, депутаттар тарабынан жасалган иштерге, жумшалган аракеттер жана казынадан иштетилген акчалардын квартал сайын отчетторун көрүп көзөмөлдоого, шаар тургундарынын өз укуктарын коргоп камсыз кылып берүүбүз керек.

Саясат жөнүндө:

Биздин саясий партия мүчөөлөрү шаардын өнүгүүсү, гүлдөөсү үчүн зарыл болгон реформаны жүргүзөбүз! Мында мыйзамдуулук үстөмдүк кылат. Башка саясий партияларынын саясий мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруусу үчүн  толук шарттарды камсыз кылып беребиз.

Экономика тармагы боюнча:

Өлкөнүн экономикалык жактан, саясий жактын өнүгүүсү үчүн, биринчи кезекте өндүрүштү, туризм жана бизнести өнүктүрүү аркылуу жаны жумушчу орундардын түзүүлүүсү үчүн шарт жаратылып берилүүсү керек. Бизге кошуна болгон мамлекеттер менен тыгыз маамиледе болуп, алар менен өндүрүш багытында иштешебиз. Ош  шаары келечекте  инновациялык экономикасы  жана ийкемдүү салык тутуму менен жогорку денгээлде өнүккөн шаар болушу керек!

Билим берүү тармагы:

Билим берүү мамлекеттик  жана коомдук  иш-аракеттердин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.  Бул тармакта партия,  билим берүү тутумундагы коррупцияны жоюу, мугалимдердин союз убагындагы билимин жаңылап, чет өлкөлөрдө окуп келүүсү үчүн алгылыктуу кадамдарга барат.

Шаар, эл аралык мыкты тажрыйбаларга ыктаган өзүнүн муниципалдык билим берүү программасын түзөт.

Маданият жана спорт:

Кыргыз малекетин бекемдөө, өнүктүрүү жана шаар ичинде жашаган башка улут өкүлдөрүнүн тилин, маданиятын сактап калуу ошондой эле, маданий өнүгүү
жаатындагы башкы багыты - улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү адеп-ахлакты жана патриоттуулукту жандандыруу партиянын негизги стратегиялык максаттары болуп саналат.           

Укуктук тартипти камсыз кылуу:

Жаркын келечекке болгон ишеним тартипсиздик жана кылмыштуулук жогору болгондо пайда болушу мүмкүн эмес. Мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу көйгөйлөрү көбүнчө ички иштер  органдарына эмес, саясий элитаталардан да көз каранды.

Экологиялык коопсуздук:

Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында көзөмөл, уруксат берүү тутумун өркүндөтүү. Экологиялык мониторингди жана маалыматтык камсыздоону чындоо. Калкка экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү.

Бир адамга туура келүүчү жашыл биомассанын үлүшүн дүйнөлүк стандарттарга жеткиребиз. Жашылдандыруунун альтернативдүү түрлөрүн киргизебиз.