«Ынтымак» саясий партиясынын Кербен шаарынын социалдык-экономикалык онугуу боюнча платформасы.

1) Билим беруу жана маданият тармагы:

- Кербен шаарынын мектепке чейинки бала бакчаларынын заманбап иштоосуно шарт тузуу. Жеке бала бакчаларды ачуу. Орто мектептерге керектелуучу заманбап окуу курал, инвентарь, интеллектуалдуу онугуу боюнча кружокторду уюштуруу. Ар бир участкалардагы китепканаларды жандандыруу, китептер менен камсыз кылуу жана жаштарды китеп окуганы кызыктыруучу  иш-чараларды жургузуу.

- Улуттун руханий кайра жаралуусун камсыздоо. Ал учун улуттук идеалогияны калыптандырып, ошол эле учурда ааламдашуу доорунан артта калбай, жаны технологияларды онуктуруу аркылуу салттуу маданиятты сактоо, кыргыз тилин онуктуруу. Улуттар аралык ынтымакты бекемдоо.

2). Жаштар, дене-тарбия жана спорт тармагы:

-ДЮСШ (детско-юношеская спорт школа)ны негиздоо. Жаштар учун спорттук секцияларды уюштуруу. Потенциалы бар спортчуларды, ар тармактан колдоо жана дуйнолук денгээлге чыгаруу.

3). Саламаттыкты сактоо тармагы:

-Кербен шаарынын аймагындагы уй-булолук дарыгерлер тобу менен тыгыз байланышта иш алып баруу. Ар бир участкалардын ФАПы толук иштоосун камсыздоо, жумасына график боюнча белгиленген кунго тийиштуу врачтардын (терапевт, гинеколог, педиатр ж.б.) консультация алууну уюштуруу..

4). Инфраструктура:

 Кербен шаарынын бардык участкаларында ички чарбалык жолдордун акыбалын изилдеп чыгып шагалдоо, асфальттоо иштерин жургузуу. Ички канал, арыктарды жыл сайын оз убагында тазалоо иштерине комок корсотуу. Таштандыларды кайра иштетуу боюнча долбоорлор аркылуу иш-жургузуу. Кербен шаарын айланып отуучу (объездной) жолду бутурууго комок корсотуп иш алып баруу. Муниципалдык менчиктеги объектилерин (парк,тратуар, жол, арык, канал, соц объектилер ж.б) максатуу, пайданалуу. Жаны муниципалдык имараттарды жеке ишкерлер, долбоорлор аркылуу куруу жана ижарага беруу.

5). Электроэнергия тармагы:

-Кербен шаарынын аймагындагы жаны конуштарга жана эскилиги жеткен электр столбаларын жанылоо. Жолго чыгып кеткен столбаларды жылдыруу, огородторду аралап откон  электр чубалгаларын сыртка чыгаруу маселелер боюнча райондук РЭС менен тыгыз иш алып баруу.

6). Айыл чарба тармагы:

-Агротехникалык эрежелерди сактоо боюнча тийиштуу адистер менен тыгыз иш алып баруу. Шаардын аймагындагы фондтун жерлерин так аныктоо, шаардын бюджетин толуктоо, жумуш орундары менен камсыздоо максатында уроончулук, дыйканчылык, багбанчылык- питомник чарбаларын кайра жандандыруу боюнча ылайык шарт тузуу. -мал чарбасын онуктуруудо селекциялык иштерди,  асыл тукумдуулугун жогорулатуу боюнча зооветеренардык кызматтар менен тыгыз иш алып барып, кесип кой адистерди тартуу. Айыл чарбасында ондурулгон азыктарды кайра иштетуу боюнча ишканаларды курууда долбоор жана инвесторлор менен  иш алып баруу

7). Экология тармагы:

Борбордук эсалуу паркына декоративдуу бак дарактарды, гулдор аллеясын отургузуп, остуруу. Негизги Ныязалы жана Уметалиев кочолордун тратуарлардын жээгинде аллея турундо бак-дарактарды остуруу.

8). Жергиликтуу бюджет маселеси:

- Кербен шаарынын бюджетинин киреше  болугун кобойтуу максатында. Айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын салык кодесинин негизинде кайра карап,  тактап чыгуу. Жер салыктарын турлорун  кайра карап тактоо. Муниципалдык менчиктен тушкон аренда акыларын кайра карап чыгуу. Муниципалдык жерлердин (карьерлер ж.б.) толомдорун аныктоо.