Абдымалик кызы Касиет

Талапкердин программасы

Урааным: Бириксек колдон келет

Мен жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганда:

  • Жергиликтүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн туризмди өнүктүрүү максатында инвестицияларды жана гранттарды тартууга көмөктөшөм;
  • Тогуз-Торо айыл аймагында заманбап китепканаларды уюштурам;
  • Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча семинарларды өткөрөм;
  • Бош убакытты туура пайдалануу үчүн жаштарды сергек жашоого үндөйм;
  • Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы иш-чараларды уюштурам;
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштерди алып барам;
  •  Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берүү максатында иш аракеттерди жасайм.