Турдалиев Бактыбек Абдуразакович

Мен, Турдалиев Бактыбек Абдуразакович 1977-жылы Терек-Сай айылында туулгам. Билимим жогорку, улутум кыргыз, 2004-жылдан бери Терек-Сай шаарчалык округунда эмгектенип келгем. 2004-2008-жылга чейин салык инспектору , 2008-жылдан 2013-жылга чейин жооптуу катчы, 2013-жылдын январь айынан Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу менен Терек-Сай айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы болуп дайындалгам. 2017-жылдын октябрь айынан өз каалоом менен айыл аймак башчысынын кызтын тапшыргам.

            Аймактын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечкенге жетишкем. Салык инспектору болуп иштеген мезгилде салыктын баардык түрлөрү боюнча план 100 пайыз аткарылгандыктан Чаткал райондук салык кызматынын Ардак Грамотасы, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы жана айыл Өкмөтүнүн Ардак Грамоталары менен бир нече ирет сыйлангам.

            Үй-бүлөлүүмүн, 5 баланын атанын атасымын.