Курманбеков Жуманалы Курманбекович

Мен Курманбеков Жуманалы Курманбекович Кыргыз Республикасында туулгам. Балалык кезимде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында чоңойгом. 1992-жылы Кызыл-Токой айылындагы Агартуу орто мектебине 1 классына кабыл алынганмын. Ошол эле мектепти 2003-жылы ийгиликтүү аяктаганмын. Ошол жылдан баштап 2008-жылга чейин Россия Федерациясында иштеп жүргөнмүн. 2009-жылдын 12-январынан тарта 2019-жылдын 22-апрелине чейин “Дың жер үрөөн” чарбасында жумушчу болуп иштегенмин. 2019-жылдын
25-апрелинен баштап ушул күнгө чейин “Эти Бакыр Терек-Сай” кен казуучу ишканасында бригадир болуп иштеп келе жатам. Үй-бүлөөлүүмүн бир кыз, үч уулдун атасымын.