Анарбаев Акылбек Нарынбаевич

           Мен, Анарбаев Акылбек Нарынбаевич   19921-жылы  6-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районуну Терек-Сай айылында туулгам. Атам Анарбаев Нарынбай Сманкулович Терек-Сай орто мектебинде дене-тарбия мугалими болуп эмгектенет, апам Анарбаева гулжамал Райымкуловна жеке ишкердик менен эмгектенет. Үй бүлөдө төрт бир тууганбыз. Алардын үчүнчүсүмун.

          1999-жылы Терек-Сай орто мектебине 1-класска барганмын. Мектепти жакшы деген баалар менен 2010-жылы аяктадым.

        2010-жылы ОШМУнун юридикалык факультетине тапшырып, 2015-жылы юрист адистигине ээ болгом.

       2017-жылдан бери Терек-Сай айыл аймагында турак жай адиси болуп эмгектенип жатам.

      Учурда үй бүлөөлүү, 3 баланын атасымын.