Сапаркулова Толкун Мураталиевна

Мен, Сапаркулова Толкун Мураталиевна 1987-жылы 26-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында туулгам.  1994-жылы туулуп өскөн айылымдагы Терек-Сай орто мектебине 1-класска барып, 2005-жылы ушул мектепти аяктагам.  Мектепти аяктаган жылы эле  борбор калаабыз Бишкек шаарындагы  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетине тапшырдым. Окуу жайды 2010-жылы аяктап, “Кыргыз тили жана адабияты кыргызча эмес билим берүү мекемелеринде” адистиги боюнча “Филолог, Кыргыз тили жана адабиятынын окутуучусу”  квалификациясына ээ болгом.

          Эмгек жолумду алгач 2010-жылы туулуп өскөн Терек-Сай айылымдагы Терек-Сай орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынын мугалими болуп иштөөдөн баштагам.  2011-жылдан 2013-жылга чейин  ОсОО Фулл Голд Майнинг “Иштамберды” руднигинде  лаборант болуп иштедим.  2013-жылы Россия Федерациясына   кетип, 2017-жылга чейин Москва шаарында “Права и дело” юридикалык агенттигинде курьер, оператор болуп, 2016-жылдан 2017-жылга чейин Москва шаарындагы Башкы тергөө бөлүмүндө (Главное следственное управление-ГУ МВД России по г.Москве) котормочу болуп иштеп жүрдүм. 2019-жылы Ала-Бука районуна караштуу А.Д.Балтагулова атындагы №21-кесиптик лицейде өндүрүштүк окутуунун устаты, окуу бөлүмүнүн катчысы, 2020-жылдан система администратору болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келүүдөмүн. 

1 кыздын апасымын.