Сагынбеков Эсен Сыргатаевич

Мен Сагынбеков Эсен Сыргатаевич 1976-жылы 15-июлда Токтогул районунун кызматчынын үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келгем. 1982-жылы К.Чодошев атындагы орто мектебине 1-класстын ак босогосун аттагам. 1993-жылы окуу жылын ийгиликтүү аяктагам. 1994-жылы Бишкек Жогорку милиция окуу жайына тапшыргам. 1998-жылы милиция окуу жайын жогорку деңгээлде, ийгиликтүү бүтүргөм. 1998-жылы Биринчи май РИИБнүн участкалык инспектор. 1998-жылы Ленин РИИБнүн тергөө бөлүмүндө эмгектендим. 2000-жылы Кызыл-Өзгөрүш айылында дыйкан чарба жетекчиси, болуп эмгектендим. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бир канча депутаты болуп шайландым. 2018-жылдан 2020-жылга чейин айылдык кеңештин төрагасы болуп шайландым. Үй-бүлөлүү 4 баланын атасы.

Телефону:(0776) 15-07-05