Саясий партиянын программасы (баяндоо):Инфраструктураны жакшыртуу:

Таза ичүүчү суу. Биринчи кезекте Кара-Балта шаарында жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси курч турат. Жарандарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу зарыл. Чечимдердин бири – донорлорду тартуу, ошондой эле шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Бизге бардык зарыл иш-чараларды этап-этабы менен ишке ашыруу планы керек.

Турак-жай-коммуналдык чарба ар дайым жергиликтүү бийлик органдарынын артыкчылыктуу милдеттерине салыштырмалуу. Кара-Балта шаарынын тургундарынын активдүү өсүшүн эске алганда, инфраструктуранын абалы муктаждыктардан бир топ артта. Инфраструктуранын деградациясынын деңгээлин муниципалитет жалгыз компенсациялай албайт. Бул жерде райондук администрациянын, шаар тургундарынын аракети керек. Буга байланыштуу Кара-Балта шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу артыкчылыктуу багыттардын бири.Жолдор. Жолдорду тез арада оңдоо керек. Объектти кабыл алууда аткарылган иштин сапатын кылдаттык менен текшерүү иш чаралары жүргүзүлөт. Подряддык уюмдар тарабынан сапатсыз аткарылган жумуштардын кесепетинен тешиктерди андан ары жамоо мумкунчулугун катуу токтотуу зарыл. Донорлордун жардамы жана бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдалануу менен Кара-Балта шаарынын ички жолдорун реабилитациялоо мүмкүнчүлүгүн табуу.Транспорт. Бишкек шаары менен Кара-Балта шаарын байланыштырган унаалардын санын көбөйтүү. Жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын абалын иретке келтирүү керек. Бул жаатта инвестиция тартуу үчүн башка өлкөлөрдүн боордош шаарлары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатка ылайыктуу.Билим берүүКара-Балта шаары Жайыл районунун эс алуу жана кружок инфраструктурасынын борбору болуп саналат. Ушуга байланыштуу ар бир калктуу пунктта, турак-жай массивинде жергиликтуу өнүктүрүү борборлорун уюштуруу зарыл. Балдар аянтчаларын курууга түрткү берүүчү гранттарды активдүү пайдалануу. Жер бөлүп берүүдө спорт аянтчаларына, балдар билим берүү мекемелерине артыкчылык берилсин.Мектептердин кошумча имараттарын куруу жергиликтүү бийликтин концепциясында милдеттүү түрдө болушу керек. Анткени, дээрлик көптөгөн шаардык мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде ашыкча жүк бар. Мындан тышкары, билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерине, техникалык жактан жабдылышына жана сапатына көңүл бурулат.Саламаттык сактоо.Бизге медициналык мекемелерди толук реабилитациялоо керек. Аларда капиталдык ремонтту жургузуу, кошумча имараттарды куруу, жаны техникаларды сатып алуу. Тез жардам станциясынын иш процесстерин андан ары оптималдаштыруу жана материалдык базасын чыңдоо. Аз камсыз болгон жарандар үчүн дары-дармек резервин түзүү. Тез жайгаштырылган күндүзгү стационарларды уюштуруу үчүн объекттерди тейлөө.Таштандыларды чогултуу жана санитардык тазалоо.Катуу таштандыларды чыгаруу жана санитардык кызматтар үчүн рынокто атаандаштыктын күчөшү. Бул кызматтар үчүн операторлор талаптарды тактоо жана белгилүү бир шарттарда алмаштыруу мүмкүнчүлүгү менен ачык сынак аркылуу тандалышы керек. Эки жылдын ичинде бардык таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоону аяктоо.Сугат. Шаардагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү. Парктарды, жанаша участокторду сугат арыктары менен камсыз кылуу. Жанаша жанындагы участокторду жакшыртууга шарт тузуу зарыл. Короо-сарай сугат тармагынын ичи - жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, кийин муниципалдык түзүмдөргө күтүүгө өткөрүп берүү менен.Райондун экономикасын өнүктүрүү.Акыркы жылдары Кара-Балта шаарынын экономикалык өнүгүүсү базар экономикасынын шартына ыңгайлашууда. Өнөр жай жана тейлөө ишканалары менчиктештирилип, мамлекеттик монополиянын таасири төмөндөгөн. Өндүрүш өнөр жайынын структурасы өзгөрдү, атаандаштык күчөдү.Буга байланыштуу биринчи кезекте “Күчтүү коом” партиясы экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартууну колго алат. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү. Инвесторлорго тышкы жана жергиликтүү бизнеске жардам берүү. Жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Токтоп турган ишканаларды кайра калыбына келтируу, аларды бугунку кундун реалдуулуктарына ылайыкташтыруу.Маданият. Кара-Балта шаарында Ленин атындагы маданият уйу, областтык маданият уйу, «Жаштык» кинотеатры, элдик китепканалар бар Бирок бул маданий жайлардын ишин жакшыртуу зарыл. Жаштардын эс алуусун уюштуруу, бизнес коомчулугун тартуу, заманбап технологиялар менен камсыздоо. Шаарда кошумча маданий жайларды, сейил бактарды, эс алуу жайларын ачуу зарыл.