Саясий партиянын программасы:

Таш-Көмүр шаарынын экономикалык жана маданий жактан стабилдүү өнүгүшү үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз. Жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана келечек муундар үчүн бекем негиз түзүү.

  • Экономикалык туруктуулук:

а) Шаардын бюджетин жана аны натыйжалуу пайдалануу контролдоо;   

б) Ички жана чет элдик инвесторлорду тартуу;

в) Чакан жана орто бизнести колдоо.

  • Социалдык адилеттүүлүк:

а) Тарбиялык жана чыгармачылык демилгелерди ар тараптуу колдоо;

б) Калктын аярлуу топторунун социалдык абалын жакшыртуу үчүн кайрымдуулук уюмдары менен өз ара аракеттенүү;

  • Курчап турган чөйрөнү коргоо жана шаарды жакшыртуу:

а) Шаарыбыздын чек араларын тактап генпланды бүтүрүү;

б) ВОС тармактарын иштеп чыгуу жана ишке киргизуу;

в) Шаардын флорасын жана фаунасын калыбына келтирүү;

г) Тротуарларды, жолдорду ремонттоо;

д) Парктын аймактарын, скверлерди, балдар жана спорт аянтчаларын  реконструкциялоо;

е) Шаарды жарыктандыруу.

  • Мурастарды сактоо жана жайылтуу:

а) Тематикалык жарманкелерди жана фестивалдарды өткөрүү;

б) Шаардын тарыхый маанилүү объекттерин коргоо;

в) Жергиликтүү өз алдынчалыкты калыптандыруу.

Биздин максат – ар бирибизде патриоттук рухту ойготуу…