Шаардык кеңештердин тизмеси > Токтогул шаардык кеңеши > "Эл Үмүтү социал-саясий партиясы" саясий партиясы

Саясий партиянын программасы:

Токтогул шаарынын экономикалык жана маданий жактан стабилдуу өнүгүшү үчүн колдон келгендин бардыгын жасайбыз. Жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу жана келечек муундар үчүн бекем негиз түзүү.

 

 

 

 

 

 

“Эл Үмүтү” социалдык-саясий партиясынын шайлоо алдындагы платформасы

“Эл Үмүтү”социалдык-саясий партиясы пандемия мезгилинде жарандарга жардам берүү максатында бириккен активдүү кыргызстандык жаштар тарабынан түзүлгөн. Партиянын максаты – Жогоку Кеңешке азыркы учурду жана келечекти көрө билген заманбап адамдарды, иш билги, сабаттуу жаш кыргызстандыктарды алып келүү. 

Биздин артыкчылыктуу саясий багыттарыбыз:

  • Ар бир кабыл алынган саясий чечимдер жарандардын материалдык жыргалчылыгын коргоп, адамдарга реалдуу пайда алып келүүгө тийиш;
  • Коалициялык компромисстерден саясий принципиалдуулук жогору турушу керек. Биз парламентте коомчулукту кеңири кабардар кылуу менен көз карандысыз терең талдоолорго таянып, натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишин жүргүзөбүз; 
  • Улуттук кызыкчылыкты коргогон мыйзамдардын артыкчылыктуу багыттарын эл аралык деңгээлде калыбына келтирүү жана Кыргызстандагы кен байлыктар тармагында иштеп жаткан чет элдик компанияларга талаптарды жогорулатуу;
  • Экономикада мамлекет менен ишкерлердин ортосунда тең салмактуулукка жетишүү. Мамлекет экономиканын стратегиялык тармактарына көбүрөөк көңүл бөлүп, орто жана кичи ишкерчиликке азыраак кийлигишүүгө тийиш. Бардык жарандардын ренталык кирешедеги жеке үлүшүнө болгон укугун ишке ашыруу;
  • Биз адамдарды өнүктүрүүнү жана кыргыз үй-бүлөсүн бекемдөөнү көздөгөн, буга тоскоолдук жаратпай, мүмкүнчүлүк түзгөн социалдык мамлекеттин болушун жактайбыз;
  • Үй-бүлөлүк зомбулукка, никеге мажбурлоого жана башка эскичил мүнөздөгү көрүнүштөргө карата келишпестикти камсыз кылган гендердик теңчиликти жана маданий модернизацияны колдойбуз;
  • Билим берүү тармагын каржылоону эки эсеге көбөйтүү жана Кыргызстандагы жаштар жаңы, санариптик дүйнөдө өз жөндөмүн ишке ашыруусу үчүн заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү орто жана орто кесиптик билим берүү тармагын түзүү;
  • Саламаттыкты сактоонун жеткиликтүү, туруктуу системасын калыптандыруу;
  • Жаратылышты коргоо чөйрөсүнө жана экологиялык жоопкерчиликке багытталган жогорку стандарттагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу менен бул багыттагы мыйзамдарды жакшыртууга жетишүү;
  • Аймактардагы экономикалык демилгелердин көз карандысыздыгын жана бюджетин камсыз кылуу менен аларды ырааттуу жана тең салмактуу өнүктүрүү.

Партия жамааттык колдоо жана партиялык кызматташуу идеясын кармангандыктан, бир лидерди бөлүп көрсөтпөйт. Шайлоочу тизмеден өзү каалаган талапкерди тандап алып, анын таржымалы менен тааныша алат. 

 «Үмүт – Аракетте» /Надежда – в действии